Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-июну №89/32-6
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын чечимин эске алып, Кара-Көл шаарында эмгек жолун баштап шаардын тургундарынын саламаттыгын сактоого кошкон зор салымы үчүн, К. Кулданбавдин элге кылган эмгегин баалап, элесин түбөлүккө сактап калуу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXI I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Завод көчөсүнүн атын Кудайберген Кулданбаев атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Завод көчөсүнүн атын өзгөртүүгө керектүү бардык чыгымдар өтүнүч берген тараптардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы ( Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ( Ызаков Б.) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Ж.Орунова) жүктөлсүн.
Тѳрага | Женбеков М.К. |
|
|