КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз сессиясы
2018-жылдын 02-майы №8.2
Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу боюнча 02.05.2018-жылдагы Кара-Таш айылынын элдик жыйынын протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу боюнча 02.05.2018- жылдагы Кара-Таш айылынын элдик жыйынын сунушу жактырылсын.
2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын маданият үйүнө Төлөгөн Аматовдун ысымы берилип, «Аматов Төлөгөн атындагы Кара-Таш маданият үйү» деп аталсын.
3. Аматов Төлөгөн атындагы Кара-Таш маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Аматовдордун үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылысын.
Тѳрага | П. Сайдилканова |
|
|