Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-августундагы
№ 467 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык
түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө
жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы
Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин
жана географиялык аталыштарын кароо боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 805,
2012-жылдын 30-апрелиндеги № 263, 2014-жылдын 27-августундагы № 488,
КР Министрле Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрынданы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзү-
лүшүнүн маселелерин кароонун тартибин, администрациялык-аймактык бир-
диктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чектерин бел-
гилөө жана өзгөртүү, администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктер-
ди эсепке алуу жана каттоо маселелерин кароо тартибин, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-
аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо
боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердигин аныктайт.
(КР Министрле Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрынданы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн
маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясына, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын
башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
II. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн
маселелерин кароонун тартиби
3. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин кароо төмөнкү-
лөрдү камтыйт:
- тиешелүү аймактагы айылдардын жашоочулардын жыйынында админист-
рациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин кароону жана жергиликтүү жа-
мааттын кабыл алган чечимдерин протоколдук тариздөөнү;
- жергиликтүү жамаат кабыл алган чечим тиешелүү жергиликтүү кењеш-
тин сессиясында кењештин токтомун кабыл алуу менен каралууга тийиш.
- Маселе жергиликтүү кењештин сессиясында каралганга чейин жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы өзгөртүлүүчү
аймактын өлчөмдөрү, өзгөрүлүүчү аймактын администрациялык борборун
аныктоо, өзгөрүлүүчү аймактын аталышын же кайра аталышын аныктоо жөнүн-
дө, калктын саны жөнүндө; социалдык-маданий объекттердин саны жөнүндө
маалыматты, ишканалар жана мекемелер жөнүндө маалыматты; схемалык кар-
танын долбоорун камтуучу зарыл документтердин тизмесин даярдайт;
- жергиликтүү кењештин чечими жогоруда саналган документтер менен
бирге райондун мамлекеттик администрациясында каралат. Жактырылган
учурда бул маселе боюнча райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын чечими бардык документтер жана материалдар менен чогуу облустун мамлекеттик
администрациясынын кароосуна киргизилет.
Мында Схемалык картанын долбооруна жер ресурстары боюнча ыйгарым
Укуктуу мамлекеттик органдын аймактык подразделениесиннн өкүлү,
ошондой эле аймакты кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу-тескөөчү органдарынын
жетекчилери кол коюшат;
- райондун мамлекеттик администрациясы кабыл алган чечим облустун
мамлекеттик администрациясында каралат, облустун мамлекеттик админист-
рациясынын токтому жана документтердин пакети жактырылса Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн
маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор
аралык комиссиянын кароосуна киргизилет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык
аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо
боюнча ведомстволор аралык комиссия сунушталган документтерди изилдеп
чыккандан кийин тиешелүү корутунду чыгарат жана илимий экспертизанын
актысын, жүргүзүлүүчү өзгөртүп кайра түзүүлөрдүн жана кайра атоолордун
экономикалык эсебин даярдайт;
- тиешелүү документтери жана материалдары менен Ведомстволор ара-
лык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
кароосуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган материалдарды
карайт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдын
долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген
тартипте киргизет
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №805, 2014-жылдын 27-августундагы № 488,
КР Министрле Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрынданы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин
жана географиялык аталыштарын кароо боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын иш тартиби
4. Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинетинин алдындагы Администрациялык-ай-
мактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо
боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) администра-
циялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарды
кароо боюнча туруктуу иштөөчү орган болуп саналат.
(КР Министрле Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрынданы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссия өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө",
"Географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жа-
на Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен мыйзамдык актыларын,
ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелери боюнча жана ад-
министрациялык-аймактык бирдиктердин, калктуу конуштардын аталыштарынын
жана кайра аталыштарынын жана географиялык аталыштардын маселелери бо-
юнча документтерди жана материалдарды кароо;
- администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелери боюнча жана ад-
министрациялык-аймактык бирдиктердин, калктуу конуштардын аталыштарынын
жана кайра аталыштарынын жана географиялык аталыштардын маселелери бо-
юнча корутундуларды даярдоо;
- жүргүзүлүүчү өзгөртүп кайра түзүүлөрдүн, аталыштардын жана кайра
аталыштардын маселелери боюнча илимий экспертизанын актысын даярдоо;
- администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелери боюнча жана ад-
министрациялык-аймактык бирдиктердин, калктуу конуштардын аталыштарынын
жана кайра аталыштарынын жана географиялык аталыштардын маселелери бо-
юнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынан, мекемелерден жана уюмдардан, кызмат адамдарынан өз ишине зарыл
документтерди жана материалдарды сурап алууга;
- уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрүнөн жана адистеринен эксперттик
жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюн-
ча, географиялык аталыштар боюнча, ошондой эле администрациялык-аймак-
тык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарынын жана кайра ата-
лыштарынын маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарына сунуштарды
киргизүүгө.
8. Комиссиянын ишмердигин уюштуруу.
Комиссиянын курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Комиссияга жергиликтүү өз талдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары башчылык кылат.
Төраганын бир орун басары болот, ал төрага жокто анын ордун алмаштырат.
Комиссиянын заседаниеси туруктуу негизде өткөрүлөт жана ага мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышканда анык болуп саналат.
Комиссиянын чечими ачык добуш берүү, заседаниеге катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат,добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучун добушу чечүүчү деп эсептелет, протокол менен таризделет жана ага Комиссиянын төрагасы кол коет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы N 805, 2012-жылдын 30-апрелиндеги N 263, 2018-жылдын 27-февралындагы № 111, КР Министрле Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрынданы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Комиссиянын жумушчу органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат, анын милдетине Комиссиянын заседаниесине зарыл документтер менен материалдарды даярдоо, маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыздоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, тариздөө жана контролдоону ишке ашыруу, администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелери жана географиялык аталыштар боюнча нормативдик укуктук актыларды даярдоо кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 263, 2014-жылдын 27-августундагы № 488, КР Министрле Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрынданы № 353 токтомдорунун редакцияларына
ылайык)