Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-июну №52
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасында” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, карап , талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагында кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген реестрдеги кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы К. Молдобековго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|