Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №2
Исфана шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын жургузгон иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук иштер боюнча, бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча жана билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери жана муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгу отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчеттор тиркелет).
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №2 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаардык Кенешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын ичинде аткарган жумуштары боюнча
МААЛЫМАТ
Бюджет, экономика, өноө жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын биринчи отурумунда 2017-жылга карата иш планы бекитилип, иш пландын негизинде жумуштар алып барылды.
2017-жылдын ичиндеги туруктуу комиссиянын 11 жолу отуруму өткөрүлүп, күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып, каралып чыкты жана тийиштүү чечимдер кабыл алынды. 2017-жылдын февраль айында Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджети жөнүндө, Исфана шаарынын 2017-жылга Өнүгүү (СРС) программасы жөнүндө, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата бюджети, жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети, “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жана башка маселелер, бардыгы болуп 10 маселе каралып чыгып, Исфана шаардык Кеңешинин кезектеги сессияларына сунушталды.
Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы V чакырылышынын III сессиясында каралган 2017-жылга карата бюджети жана тармактардын бюджеттерин аткарылышы жыл ичинде көзөмөлгө алынды. Ошондой эле 2017-жылдын июнь айында Исфана шаар мэриясынын финансы бөлүмүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылып жаткан иштери боюнча отчету угулду. Ал эми “Исфана таза суу” , “Лейлек тазалык” муниципалдык ишканаларынын, Исфана жайыт комитетинин бюджеттерин аткарылышы жөнүндө маселелер 2017-жылдын июнь жана декабрь айларында каралып чыкты. Муниципалдык менчик департаментинин бюджетин аткарылышы жөнүндө, мамлекеттик фондунун жерлеринен түшкөн кирешелер жөнүндө, пайдалуу кен байлыктары жерлеринен түшкөн кирешелер жөнүндө маселелер июнь айында каралып, тийиштүү көрсөтмөлөр берилди. Ошону менен биргеликте Исфана шаар мэриясынын киреше бөлүгү квартал сайын көзөмөлгө алынды, Исфана шаар мэриясынын салык бөлүмүнүн эки жолу салыктарды жыйноо боюнча отчету угулуп, тийиштүү көрсөтмөлөр жана сунуштар берилди. “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын, муниципалдык менчик департаментинин, мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендиги такталып чыкты. Жогорудагы тармактарды жетектеген адистер киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды түзүп, иш алып баруусу жөнүндө сунуштар берилди.
2017-жылдын май жана сентябрь айларында Исфана шаарынын Өнүгүү (СРС) программасы боюнча аткарылып жаткан жумуштар жайында барып, каралып чыкты. Май айында комиссия барып жайында көрүп чыкканыбызда Өнүгүү (СРС) программасы боюнча 2017-жылга кабыл алынган курулуштардын көпчүлүгү баштала электиги аныкталды.
Тактап айтканда Чимген айылындагы “Арча-Бешик” балдар бакчасын 2016-жылдын Өнүгүү программасы боюнча курулушу бүтпөй калган, кошумча имараттарында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыктык. Бул жерде жүргүзүлүп жаткан иштер бизди канааттандырбады. Акча каражаты бөлүнүп берилген, бирок курулуштун мөөнөтү өтүп кеткендигине карабай жумуштар жай жүргүзүлүп жататкандыгына күбө болдук. Бул маселе боюнча Исфана шаардык Кеңешине жана Исфана шаар мэриясына билдирүү берилди.
Сентябрь айында Исфана шаарынын Өнүгүү (СРС) программасына киргизилген баардык социалдык обьектилерде жүргүзүлүп жаткан жумуштарды жайында көрүп чыктык. Мурза-Патча айылындагы бала бакчанын курулушун, Т.Жапаров атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ондоо жана айланасын көрктөндүрүү иштерин, Тайлан айылындагы ФАПтын курулушунун иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Ал эми Мурза-Патча айылындагы айыл башчынын жана милициянын аймактык тескөөчүсүнө кызматтык кеңсесинин куруу иштери, “Ысык-Көл” орто мектебин жылытуу системасын капиталдык оңдоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери, айылдардын көчөлөрүнө шагыл төшөө иштерин жургүзүлүшү жеткиликтүү деңгээлде аткарылбагандыгы белгиленди.
Ошондой эле октябрь, декабрь айларында Исфана шаарынын Өнүгүү (СРС) программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Эсептөө палатасынын шаар мэриясында жүргүзгөн аудити жөнүндө отчету, Өнүгүү программасына үлуштүк гранттын эсебинен каржылоого сунуш кылынган долбоорлор жөнүндө маселелер каралып, шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунуш кылынды.
Ал эми жыл ичинде шаардык Кеңешке бюджет маселеси боюнча түшкөн бардык каттар жана арыздар өз убагында каралып, тийиштүү жооптор берилди.
Исфана шаардык Кенешинин бюджет,экономика, өнөр жай жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: |
И.Маматкулов |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №2 токтомуна тиркеме
|
Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо,
социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын
2017-жыл боюнча бир жылдык кыскача отчеттук
МААЛЫМАТТЫ
1.Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт , саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата иш планды кабыл алдык.
2.Билим берүү, маданият,мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссясынын төрайымы болуп А.Тагаеваны, орун басары Х.Тиллаевды жана катчысы А.Саттаровду дайындап алдык.
3.Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнуктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын Исфана шаардык мэриясынын аймагындагы айыл башчылары менен жолугушуп, айылдын көйгөйлөрү болгон маселелерин талкуулап, Исфана шаардык Кенешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
4.2017-жылдын 17-мартындагы отурумунун чечимине ылайык шаар аймагында тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери масштабтуу уюшкандыкта өткөрүлдү жана бул өнөктүктүн алкагында аткарылган иштер жөнүндө сессияда маалымат берилди.
5.Исфана шаарына караштуу Пулон участкасындагы жаны конушка “Жаш Тилек” деген наам берүү боюнча Исфана шаар мэриясынын сунушун комитет отурумда карап чыгып, кезектеги сессияга сунушталып, жалпы депутаттардын кароосунан колдоо тапты.
6.Исфана шаар мэриясына караштуу балдар бакчалары жана мектептердин абалы жана тамактануучу, унаа жуучу жайлардын абалы менен жайында таанышып чыгып, кемчиликтер боюнча тийиштүү мекемелерге жазуу түрүндө кат жолдонду.
7.Исфана шаар мэриясынын үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштары боюнча отурум болуп, ага Исфана шаарынын аксакалдар кенеши, Аксакалдар соту, аялдар кенеши, жаштар кенеши, айыл башчылар жана шаар тургундары катышып, өз ой-пикир сунуштарын айтышты жана бул сунуштар кезектеги сессияга жалпы депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү.
8.Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыгын билүү максатында биздин комитет жеринен барып таанышып чыгып, жетишкендиги жана кемчилиги жөнүндө кезектеги сессияда маалымат берилди.
9. Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын жаңы төрагсы болуп А.Джумаев дайындалды.
11.Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиянын жарандардан келген арыз-сунуштары каралып өз убагында жооп берилди.
Билим беруу,маданият, мамлекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: |
А.Джумаев |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №2 токтомуна тиркеме
|
Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар
менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын
2017-жыл боюнча бир жылдык кыскача отчеттук
МААЛЫМАТТЫ
1.Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата иш планынын кабыл алдык.
2.Мызамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп А.Чумаевти жана орун басары А.Абдухалиевди дайындап алдык.
3.Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жыл ичинде туруктуу комиссиясынын 2017-жыл ичинде туруктуу комиссиясынын 6 жолу отурум өткөрүп, күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып каралып чыкты жана тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
4.Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы 2017-жыл ичинде шаардык Кеңешке мыйзамдуулук боюнча түшкөн бардык маселелерге жана арыздарга өз убагында көрүп чыгып, жооп берилди.
5.Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы Исфана шаар мэриясынын аймагындагы жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана бул маселе боюнча жалпы депутаттардын отурумунда кеңири маалымат берилди.
Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы: |
А.Чумаев
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №2 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаардык Кенешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча кыскача
МААЛЫМАТТЫ
1.Исфана шаардык Кенешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиянын биринчи оттурумунда 2017-жылга карата иш план бекитилип, иш план негизинде жумуштар алып барылды.
2.Исфана шаардык Кенешинин муниципалдык менчик,айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп С.Кабылов жана орун басары А.Бабаевди дайындап алдык, 2017-жыл ичинде туруктуу комиссиясынын 9 жолу отурум өткөрүп кун тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып, каралып чыкты жана тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
3.Исфана шаардык Кенешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы Исфана шаар аймагынан турак жай курууга жер участокторун бөлүп берүү боюнча Исфана шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин маалыматы угулду жана комитет отурумунда талкуулап канааттандырарлык эмес деп табылып кезектеги сессияга жалпы депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү.
4.Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы Исфана шаар мэриясынын фондундагы жерлерин ижарага берүү жөнүндө жана жайыт жерлерин максаттуу пайдалануу боюнча маалыматтарын угушту, комиссия мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго Исфана шаар мэриясынын жер жана жайыт адистери так жооп бере алган жок. Исфана шаар мэриясынын жер жана жайыт адистерине өз милдеттерин так аткарууга тийиштүү көрсөтмөлөр берилди.
5.Айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан экинчи категорияга (трансформациялоо) которуу боюнча аткарылган иштери боюнча маалыматты квартал сайын каралып жанаар бир сессияда маалымат берилди.
6.Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы Чимген айылындагы суу кампасы жайгашкан 2,19га жер тилкесин жана суу кампасын толугу менен Исфана шаар мэриясынын балансына алууга макулдук берилди жана кезектеги сессияда колдоо тапты.
7.Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жана Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарылган жумуштары жөнүндөгү маалыматты карап чыгып, берилген отчетун комиссия мүчөлөрү талкуулап, кезектеги сессияга депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү.
8.Исфана шаардык Кенешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы жыл ичинде шаардык Кенешке жер маселеси боюнча түшкөн бардык каттар жана жарандардан келген арыздарга өз убагында жооп берилди.
Исфана шаардык Кенешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштербоюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: |
С.Кабылов |