Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №7
(Исфана шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы N 5 токтомунун редакциясына ылайык)
Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына өзгрөтүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин:
1. Х. Тиллаев- Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
2. И. Халиков- Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
3. Т. Абдуллаев-Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
4. Ж.Туйчиев- Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
5. Т. Курбанов- Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
6. А.Н. Хамраев- Исфана шарынын мэри;
7. К. Шамшиев- Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адиси;
8. А. Хамраев- Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
9. Ч.А. Рысов-Исфана шаар мэриясынын уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адиси;
(Исфана шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы N 5 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|