Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 5
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги “Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” № 7 токтомунун 1-бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-пунктунда көрсөтүлгөн Исфана шаарынын вице мэри З.Камаловдун ордуна Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраев киргизилсин;
- 8-пунктунда көрсөтүлгөн Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси А.Н.Хамраев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу комиссия мүчөлүгүнө Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү деп;
- 9-пунктунда көрсөтүлгөн Исфана шаар мэриясынын юристи Е.Ахматовдун ордуна Исфана шаар мэриясынын уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адиси Ч.А.Рысов киргизилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кеңешини төрагасы | Б.И. Тагаев |