ТоктомКүчүндө

Жоош айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-апрелиндеги №5/3 «Ар турдуу маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө)» токтому

Редакция23.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2018-жылдын 23-апрели №5/3

Ар турдуу маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө)

 

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун жана Жоош айылдык кенешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кенешинин кезектеги V –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүнаймагындагы айылдардагы көчөлөргө аттарды коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” № 602 токтомдун жана Кыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнү 13.12.2017-ж. № 805-б буйругунун 10-пунктунун негизинде көчөлөргө ат коюу токтотулгандыгына байланыштуу көчөлөргө ат коюу маселеси убактылуу токтотулуп турулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактообоюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын

 

Тѳрага

П. Жакыпов