Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 690
Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейинки мезгилде атайын даярдалган каттоочулар тарабынан элди сурамжылоо жолу менен 2020-жылдын 23-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүлсүн.
Республиканын алыскы зоналарында каттоо 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык өткөрүлсүн.
2. Төмөнкүлөр катталууга тийиш экендиги белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде консулдук эсепте турган адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.
3. Чүй облусунун Токмок шаары менен Чүй районунун аймагында 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фондун 2019-жылдын 25-мартына карата абал боюнча пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоо өткөрүлсүн.
4. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, анын жыйынтыктарын кайра иштеп чыгуу жана жарыялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жана анын облустук, райондук жана шаардык органдарына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттай турган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсациясынын өлчөмү 4-тиркемеге ылайык белгиленсин.
8. Ишке тартылган кызматкерлердин негизги иштеген жери боюнча орточо айлык акысы жана бардык кошумча төлөмдөрү же окуган жери боюнча стипендиялары, ал эми убактылуу иштебеген адамдардын - жумушсуздук боюнча алып жүргөн жөлөкпулу сакталсын.
8-1. 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчуларга төмөнкүлөр белгиленсин:
эмгек акыларынын өлчөмү 5-тиркемеге ылайык;
иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмү 6-тиркемеге ылайык;
1 жана андан көп жыл эмгектенген жумушчулардын өргүүсүнө эки айлык эмгек акы өлчөмүндөгү жөлөкпул.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен (макулдашуу боюнча):
- 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча комиссияларды жеринде түзүшсүн;
- эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында даярдык керүүнү жана өткөрүүнү, квалификациялуу кадрларды тандап алууну, каттоонун максаты жана мааниси тууралуу эл арасында жалпыга маалымдоо-түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыз кылышсын;
- 2018-жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик статистиканын аймактык органдарын имараттар, байланыш каражаттары, эмеректер жана шаймандар менен эл жана турак жай фондун каттоо үчүн даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө катышкан персоналды жайгаштырууну жана каттоо материалдарын кабыл алууну жана текшерүүнү камсыз кылышсын;
- 2018-жылдын 1-июлуна карата облустардын, райондордун, шаарлардын, айылдык аймактардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдардын административдик-аймактык чек араларын такташсын, алардагы көчөнүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын, үйлөрдүн жана квартиралардын номерин тартипке келтиришсин, курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдү аныктоону жана алардын номерин камсыз кылышсын;
- 2018-2019-жылдардын аралыгында калктуу пункттарды номер белгилери жана көчөнүн аталыштары бар табличкалар менен камсыз кылышсын;
- 2019-жылдын 1-январына чейин калктуу пункттардын план схемаларын 1:5000 масштабында жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүшсүн жана аны менен мамлекеттик статистика органдарын үч нускада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын көмөктөшүүсү менен камсыз кылышсын;
- 2019-жылдын мартында кыдырып чыгуу жолу менен шаарлардагы, шаар тибиндеги поселоктордогу жана айылдардагы турак үйлөрдүн жана турак жайлардын тизмесин түзүшсүн;
- мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча эл жана турак жай фондун каттоо үчүн даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү беришсин;
- эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде каттоо персоналына тиешелүү эмерек, шаймандар жана телефон байланышы менен жабдылган, корголуучу жайларды бөлүп беришсин, автотранспорт - мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын макулдашуусу боюнча;
- эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерин, мектептин окутуучуларын, мугалимдерин, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттерин жана окуучуларын, ошондой эле иштебей жүргөн эмгекке жарамдуу адамдарды тартышсын;
- каттоо персоналына шаардык транспорттун бардык түрүндө жана шаар четиндеги каттамдын автобустарында белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү көрсөткөндө акысыз жүрүүнү камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл жана турак жай фондун толук каттоону камсыз кылуу чараларын көрүшсүн.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде калктуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну токтотушсун;
- 2018-жылдан 2020-жылга чейин жыл сайын эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү менен алектенген каттоо персоналына каражаттарды мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген чыгаша сметаларына жана эсептерине ылайык республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен бөлүп берүү сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине керектүү маалыматтарды алууда жардам көрсөтсүн:
- калктуу пункттарды системалык каттоонун жүрүшүндө турак жай фонду боюнча чогултулган маалымат базасынан;
- калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен.
12. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жабык объектилери бар уюмдар жана мекемелер эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүшсүн жана аскер кызматкерлерин, элдин атайын контингентин, чет өлкөлүк жарандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде консулдук эсепте турган Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоодон өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген тартипте жана мөөнөттө камсыз кылышсын.
Чет өлкөдөгү дипломатиялык, соода, эл аралык уюмдарда жана Кыргыз Республикасынын башка өкүлчүлүктөрүндө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле алар менен бирге жашаган үй чарба мүчөлөрү элчиликтер, өкүлчүлүктөр жана консулдуктардын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген тартипте катталат.
Ооруканаларда дарыланууда жүргөндөр, санаторийде, пансионаттарда жана эс алуу үйлөрүндө (бир жана эки күнгө эс алгандарды кошпогондо), төрөт үйүндө, эне жана бала үйлөрүндө турган энелерди жана балдарды, мектеп-интернаттагы жана балдар үйлөрүндөгү балдарды, ошондой эле үй интернаттарында убактылуу турушкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кары-картаңдар үйлөрүндө, мейманканаларда жана ушул өңдүү мекемелерде жашаган адамдар атайын даярдалган каттоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген тартипте жана мөөнөттө катталат.
13. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2018-жылдын 1-июлуна чейин Иштердин жалпы республикалык классификаторун жана Калк жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификаторун иштеп чыксын.
14. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнүн жайларында өрт коопсуздугун жана үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылышсын.
15. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- эл жана турак жай фондун каттоого тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыз кылсын;
- эл жана турак жай фондун каттоо үчүн бөлүнүп берилген жайларды кайтарууну камсыз кылсын;
- эл жана турак жай фондун каттоонун материалдарын ташуу учурунда автотранспорту коштоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик статистика органдары менен биргеликте керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тарткан жана ишканалардын, уюмдардын аймагына кирүүгө тоскоолдук кылган адамдарга административдик таасир берүүчү чараларын көрүшсүн.
16. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча) ведомстволук мекемелеринде жана уюмдарында эл жана турак жай фондун каттоонун максаттары жана мааниси жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча 2018-2024-жылдарда жыл сайын республикалык бюджетте эл жана турак жай фондун каттоосун даярдоону, өткөрүүнү, кайрадан иштеп чыгууну, аналитикалык жалпылоону жана натыйжаларын жарыялоону камсыздоочу бардык иш-чараларды каржылоого максаттуу каражаттарды, анын ичинде кошумча кызматкерлерди кармоо үчүн каражаттарды бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
18. Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), "ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсү" Кыргыз Республикасынын телерадио берүү компаниясы, "Эркин Too" газетасынын редакциясы жана "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрү эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүнүн жана аны өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырышсын, атайын рубрикаларды киргизип, туруктуу негизде статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда телеберүүлөрдү даярдашсын.
19. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдикте "Таза Коом" Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо программасынын алкагында 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну камсыз кылсын.
20. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) үзгүлтүксүз негизде 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын комиссиясына ушул токтомду аткаруунун жүрүшү туурасында маалыматты берип турушсун.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 396 "Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
22. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министрине жүктөлсүн.
23. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 31-октябрында N 115 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүлүүчү алыскы зоналардын ТИЗМЕСИ
Райондордун аталышы | Айылдык аймактардын аталышы | Калктуу пункттардын аталышы |
Баткен облусу | ||
Кадамжай | Майдан | Кароол |
Котормо | Карашоро | |
Баткен | Кара-Бак | Зардалы |
Жалал-Абад облусу | ||
Аксы | Акжол | Кызыл-Бейит |
Тогуз-Торо | Бардык айылдык аймактар | Бардык калктуу пункттар |
Токтогул | Сары-Камыш | Бардык калктуу пункттар |
Аралбаев | Бардык калктуу пункттар | |
Чаткал | Каныш-Кыя | Бардык калктуу пункттар |
Чаткал | Бардык калктуу пункттар | |
Ысык-Көл облусу | ||
Ак-Суу | Эңилчек | Бардык калктуу пункттар |
Жети-Өгүз | Ак-Шыйрак | Бардык калктуу пункттар |
Барскоон | Каракол, Кара-Сай, Сөөк | |
Тоң | Күн-Чыгыш | Арчалы |
Нарын облусу | ||
Жумгал | Миң-Куш | Миң-Куш, Кызыл-Сөөк |
Кабак | Кең-Суу, Котур-Суу, Табылгы | |
Нарын | Орток | Өрүк-Там |
Ош облусу | ||
Алай | Сары-Таш | Бардык калктуу пункттар |
Талды-Суу | Бардык калктуу пункттар | |
Сары-Могол | Сары-Могол | |
Араван | Алля-Анаров | Кара-Булак |
Керме-Тоо | Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чөгөм | |
Кара-Кулжа | Алайкуу | Бардык калктуу пунктгар |
Кызыл-Жар | Бардык калктуу пункттар | |
Ой-Тал | Бардык калктуу пункттар | |
Чалма | Буйга | |
Капчыгай | Бардык калктуу пункттар | |
Карагуз | Насирдин, Алтын-Күрөк | |
Сары-Булак | Тогуз-Булак, Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кызыл-Булак | |
Ноокат | Исанов | Жаңы-Базар, Кожоке |
Көк-Бел | Кайыңды | |
Кыргыз-Ата | Таш-Булак, Кара-Ой | |
Т.Зулпуев атындагы | Коммунизм | |
Ноокат | Мирмахмудов | Капчыгай, Будайлык |
Жаңы-Ноокат | Жаңы-Ноокат | |
Ынтымак | Ынтымак | |
Өзгөн | Кара-Таш | Бардык калктуу пункттар |
Жалпак-Таш | Туз-Бел, Үч каптал, Ак-Терек, Карл Маркс атындагы | |
Ийри-Суу | Орказган | |
Ак-Жар | Семиз-Көл | |
Чоң-Алай | Жекенди | Бардык калктуу пункттар |
Кашка-Суу | Бардык калктуу пункттар | |
Чоң-Алай | Бардык калктуу пункттар | |
Чүй облусу | ||
Жайыл | Суусамыр | Бардык калктуу пункттар |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
4-тиркеме
Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттай турган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсациясынын ӨЛЧӨМҮ
Катар № | Персоналдын аталышы | Бир кызматчынын иштөө мөөнөтү | Айына төлөө өлчөмү (сом) |
| Каттоо персоналы | ||
1 | Регистратор | 1 айга | 7656 |
2 | Каттоочу | 1 айга | 7656 |
3 | Инструктор-контролдоочу | 1,5 айга | 7656 |
4 | Каттоо бөлүмүнүн координатору | 3 айга | 9187 |
| Иштеп чыгуу боюнча персонал | ||
5 | Каттоо документтерин кабыл алуу боюнча адис | 2 айга | 7750 |
6 | Код коюучу | 5 айга | 7750 |
7 | Каттоонун маалыматтарын киргизүү боюнча оператор | 5 айга | 7750 |
8 | Түзөтүп киргизүүчү | 5 айга | 7750 |
|
| 5-тиркеме |
2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчулардын эмгек акыларынын өлчөмү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аталышы | Айлык маянанын өлчөмү, сом |
1 | Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо методологиясы тобунун жетекчиси | 16875 |
2 | Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоону ресурстар менен камсыз кылуу тобунун жетекчиси | 16875 |
3 | Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси | 16875 |
4 | Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси | 13972 |
5 | Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси | 12758 |
6 | Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча адиси | 11543 |
7 | Облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү | 14500 |
8 | Облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси | 12006 |
9 | Облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси | 10962 |
10 | Райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү | 12485 |
11 | Райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси | 11385 |
12 | Райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси | 10395 |
13 | Эл жана турак жай фондун каттоонун программалык камсыздоосун коштоо боюнча башкы инженер | 16250 |
14 | Эл жана турак жай фондун каттоонун программалык камсыздоосун коштоо боюнча инженер - маалымат базасынын системалык администратору | 15600 |
15 | Айдоочу | 11116 |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарында жашаган жана иштеген жумушчулардын кызматтык маяналарына үстөк акылардын райондук коэффициенттери бекитилсин.
|
| 6-тиркеме |
2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчуларга иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иштеген жылдары | Пайыздык үстөк акылардын өлчөмү (%) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан көп | 40 |