ТоктомСтатус не указан

Кайыңды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 22-июнундагы № 62/XXII – 5 «Кайыңды шаардык кеңешинин 2015 – жылынын 28- январындагы № 83/XXI – 6»Аукциондон батирлерди сатууга (бузулган) макулдук берүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-июну № 62/XXII – 5

Кайыңды шаардык кеңешинин 2015 – жылынын 28- январындагы № 83/XXI – 6 “Аукциондон батирлерди сатууга (бузулган) макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

(Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 3-августундагы № 64/XXIII-2 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун № ЭД-– 930/15-МЧ–С4 25.07.2016 – жылындагы токтомун эске алуу менен, Район Аралык сотунун № ЭД – 70/17–МЧС2 16.05.2017- жылындагы токтомуна ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

 

1. Кайыңды шаардык кеңешинин 2015 – жылынын 28- январындагы № 83/XXI – 6 “Аукциондон батирлерди сатууга (бузулган) макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1 пункттагы “Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган Заводская көчөсүндөгү 31 үйүнүн 1,7,10,11,12,14,16,18,19,20,22,23,24,26,27,28,32,33,34,36” батирлерин аукциондон сатууга уруксат берилсин деген сөздөрү “Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган Заводская көчөсүндөгү 31 үйүнүн 1,7,10,12,18,19,20,22,24,32,33,36» батирлерин , ошондой эле 2015- жылдын 4-майында өткөрүлгөн (бузулган) батирлерди сатуу жөнүндө аукциондун жыйынтыгы күчүндө калсын жана анык деп билдирилсин, аукциондон сатууга уруксат берилсин дегенге алмаштырылсын.

(Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 3-августундагы № 64/XXIII-2 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов