Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 3
Айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын Жобосун бекитүү боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын Жобосу бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө айылдык Кещештин төрагасы Ш.Апысовго калтырылсын.
Төрага | Ш. Апысов |
Кара-Коюн айыл аймагынын
Айылдык Кещешинин 2018-жылдын
31-майындагы Кезексиз 9-сессиясынын
№_3 токтому менен бекитилди.
Кара-Коюн айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча
ЖОБО
1. Жалпы жобо
1.1«Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо ардактуу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2.Наам берилчү жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылда жашаган жана сыртта жүргөн айылдын тургундарына тааныш, ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт.
1.3. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы атуулдун айылы үчүн жазаган кызматына карата берилген эщ жогорку ыраазычылык болуп эсептелет. Наам айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак дащкынын өсүшүнө кошкон жетишерлик салымы үчүн берилет.
1.4.Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жащылануу-сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.5.Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жазаган өзгөчө иштери үчүн(анын ичинде ири демөөрчүлүк жардам), көрсөткөн баатырлыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.6.Наам Кара-Коюн айыл аймагынын башчысы кызматында катары менен 3 мөөнөтүндө шайланып кызмат кылган жаранга жана Кара-Коюн айыл аймагынын депутаты болуп катары менен 3 чакырылышына шайланган депутатына берилиши мүмкүн.
1.7.Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.8.Наам өзгөчө шарттарда жана жобонун 1.5-пунктундагы шарттарда гана мезгилсиз берилет. Калган убакта 5 жылда бир каралат.
1.9.Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.
1.9. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамынын ээсине «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» төш белгиси наамды тастыктаган күбөлүк(айылдык Кещетин жана айыл өкмөттүн мөөрү менен) кошо тапшырылат.
1.10. Наам берүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланат.
2. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына сунуштоо жана тапшыруу тартиби.
2.1.Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар(айылдык Кещеш, жаштар уюму, аксакалдар соту, аялдар кещеши ж.б) уюшкан эмгек коллективи(дыйкан чарба бирикмелер), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу.
2,2.Жеке жарандын кайрылуусу каралбайт.
2.3.Кайрылуу Айылдык Кещеш тарабынан сессиядан каралат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл;
-Ардактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кещири камтыган өмүр баяны,
-Сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери,
-3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт
2.4.Сунушталган документтер айыл өкмөттүн жооптуу катчысына берилет.
2.5.Айылдык Кещештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимин кабыл алышат же артка кайтарышат.
3. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамынын ээсинин укуктары жана жоопкерчилиги.
3.1. «Ардактуу атуул» наамынын ээси күбөлүгүн төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3,2. «Ардактуу атуул» наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме-ишканаларда уюмдарда чогулуштарына катышууга укуктуу
3.2. «Ардактуу атуул» наамынын ээси төш белгисин тагынып күбөлүгүн көрсөтүү менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда сөгүнүүгө, коомдук тартипти бузуусуна тыюу салынат
4. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамынан ажыратуу.
4.1. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамынын ээсине сот күнөөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде айылдык Кещештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2.Жүрүш туруш нормалары жана кылган иши айылдык дещгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда(чыр чатак, мушташуу ж.б.у.с) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндө арыз түшкөндө айылдын «Ардактуу атуул» намынан ажыратуу жагы каралат.
4.3. «Ардактуу атуул» наамын ажыратуу жашыруун добуш берүү менен аныкталат. Жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (6) «макул» добуш берсе.
4.4.Наамын ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарылып берилүүгө тийиш.
5. Добуш берүү тартиби.
5.1.Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2.Бюллетенде наам ыйгарылуучу атуулдун Фамилиясы, Аты, Атасынын аты жана алдына «макул», «каршы» деп жазылат.
5.3. Эгереде наам алуучулардын саны көп болсо алфавит боюнча жазылат
5.4.Ар бир талапкерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (6) «макул» добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5.Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.