Загрузка документа…
ЫЛАЙ - ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 8/3
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жана 2018-жылга бюджети тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2018-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 401504 сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогулган жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, 2018-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин
18.04.2018-жылдагы
кезектеги VIII сессиясынын
№ 8/ 3 –токтомуна тиркеме
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга кирише жана чыгашабөлүктөрү боюнча
СМЕТАСЫ:
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Жайытпайдалануу үчүн 1-мал башыначегерилген төлөм (сом) | Жайытпайдаланууүчүнтөлөөнүчү суммасы | ||||
Киреше | ||||||||
1 | Ийримүйүздүү мал | 3717 | 40-00 | 148680-00 | ||||
2 | Жылкы | 2648 | 40-00 | 105920-00 | ||||
3 | Кой-эчки | 18363 | 8-00 | 146904-00 | ||||
| Бардыгы |
|
| 401504-00 | ||||
|
|
|
|
| ||||
Чыгаша | ||||||||
№ | Көсөткүчтүнаталыштары | Статья | Баардыгы
| а.и. квартал | ||||
1 | П | Ш | 1У | |||||
1 | Инфраструктураны ондоо | 22156900 | 34090 | - | 26300 | 7790 | - | |
2 | Эмгекакы | 21111100 | 88000 | 18000 | 39000 | 31000 | - | |
3 | Соц.фонд | 21211100 | 15180 | 3105 | 6727 | 5348 | - | |
4 | Сапар чыгым | 22111100 | 13000 | 2500 | 6400 | 2100 | 2000 | |
5 | Транспорт чыгымы | 22155300 | 15000 | 2000 | 6500 | 4000 | 2500 | |
6 | Инвентарь |
| 5000 | - | - | 5000 | ||
7 | Электр энергия |
| 3000 | - | - | 3000 | ||
8 | Жайыт мониторг |
| 10000 | - | 10000 | - | - | |
9 | Конц товар |
| 5000 | 1200 | 1300 | 2500 | - | |
10 | Мүчөлүк акы |
| 3000 | - | - | - | 3000 | |
11 | Ар түрдүүчыгым |
| 10000 | 2000 | 3000 | 3000 | 2000 | |
12 | Маалымат каражаттарга |
| 4000 | - | 2500 | 1500 | - | |
13 | Проектилерди жазууга |
| 62400 | - | 45000 | 17400 | - | |
14 | Доходдун1/3бөлүгүн айылөкмөткөчегерүү |
| 133834 | 14000 | 43000 | 60000 | 16834 | |
| Бардыгы |
| 401504 | 42805 | 189727 | 139638 | 29344 | |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин катчысы | С. Осмоналиев |