Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 94
Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы №26 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Жолдошов):
-жер тилкелерине тиешелүү иш кагаздарынын бир нече жаранга берилип кетүү фактыларын жоюу максатында бирдиктүү базаны түзүү;
-жер тилкелерине курулуштарды курууга уруксат берүүнү алардын максаттык багытына ылайык жүргүзүү;
-Ош шаарынын Башкы планынын негизинде деталдык пландоо долбоорун (ПДП) иштеп чыгууну 2018-жылы аяктоо.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |