Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 97
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 5-октябрындагы №565/08-13 кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы №31 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабындагы номери жок дарегиндеги жер тилкесине «Газпром балдарга» долбоору аркылуу спорт комплексин курууга макулдук берилсин.
2. Спорт комплекси курулуучу жер тилкесиндеги бак-дарактарды кыюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын экспертизалык корутундусу чыгарылгандан кийин ишке ашырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |