Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 98
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 20-октябрындагы Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү №626/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8- 10-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы №30 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жыл үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча 2017-жыл үчүн планы № 1 тиркемеге, жайыт комитетинин бюджети №2 тиркемеге жана жайыттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишими №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2017-жылдын 26 –декабрындагы кезектеги
X сессиясынын (IVчакырылыш)
№ 98 токтомуна №1 тиркеме
Жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамаатынын 2017-жылга карата иш планы
Ош шаары, Жапалак айылы, 2017 –ж.
Кыскартуулар:
ААБ – айылдык аймактык башкармалыгы
КӨ – климаттын өзгөрүшү
ИММ – ири мүйүздүү мал
ТЧ – токой чарбасы
МММ – майда мүйүздүү мал
ЖК – жайыт комитети
ЖУП – жасалма уруктандыруу пункту
КФ-коомдук фонд
ШМБ – шарттуу мал башы
ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси
Киришүү
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы :
Республиканын борборунан Облустун борборунан Райондун борборунан Жакынкы темир жол бекетинен Аэропорттон | 700 км, 7 км, 30 км, 10 км, 30 км аралыкта жайгашкан.
|
Физико-географиялык мүнөздөмө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы жайгашкан чөлкөмдүн климаты мелүүн, жумшак болуп эсептелет. Жайкы ысык аба жеңил кыш менен алмашат. Эң жогорку суук мезги январь айына, эң ысык мезгил июль айында болот. Абанын температурасынын абсолюттук минимуму -20 до -150 С, абсолюттук максимуму от +70до+400С.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
Таблица 1
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтөр |
1 | Калктын саны | адам | 29006 |
2 | Кожолуктардын саны | кожолук | 5255 |
3 | ААБнын жалпы аянты | ч.км | 103 |
4 | Кожолуктарга тиешелүү жер тилкелер | ч.м | 52550 |
5 | Жайыттардын жалпы аянты: | гa | 2281 |
| Анын ичинен: |
|
|
| Кышкы жайыттар | гa | - |
| Жазгы-күзгү жайыттар | гa | 220 |
| Жайкы жайыттар | гa | 1440 |
| Кара-Суу токой чарбасынан ижарага алынган жайыттар | гa | 1570 |
6 | Айдоо жерлердин жалпы аянты: | га | 2040 |
| Анын ичинен: |
|
|
| Буудай | гa | 230 |
| Жүгөрү | гa | 800 |
| Эспарцет/люцерна | гa | 240 |
| Табигый чөптөр | гa | 10 |
| Жана башкалар | га | 200 |
7 | Ири мүйүздүү мал | баш | 9005 |
8 | Майда мүйүздүү мал | баш | 14214 |
9 | Жылкы | баш | 648 |
10 | Төө | баш | - |
21 | Эшек | баш | - |
Пландын максаты
Жайыт башкаруу планы жайыттардын табигый комплексине келтирилип жаткан зыяндарды жана жоготууларды азайтуу, алардын баалуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. План кызыкдар тараптардын иш аракетин жөнгө салуу үчүн колдонулат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык Жапалак айылдык аймактык башкармалыгнын жайыт комитети 2010-жылдын 27-январында Ош облустук Юстиция башкармалыгында Юридикалык жак катары каттоодон өткөн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө кыскача маалымат.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси коомдук башталыштагы өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
Жайыт пай – бул Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси.
2009-жылдын 15-сентябрында депутаттардын Жапалак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында “Жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүү жөнүндө” токтом кабыл алынган. Бул токтом менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын жалпы жыйынынын чечиминин негизинде ЖПБнын Уставы, ЖКнын жана текшерүү комиссиясынын тутумдары бекитилген.
Жайыт комитетинин төрагасы болуп Салиев Акылбек, башкы эсепчиси болуп Ташбаева Ч. шайланган.
ЖПБ Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашып, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын бардык аймагында иш жүргүзөт.
ЖПБнын иш аракетинин мөөнөтү чектелген эмес.
ЖПБ коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер, жооп берүүчү катары чыгат.
ЖПБнын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик жана гранттык банктык эсептери бар.
ЖПБнын юридикалык дареги: Ош шаары, Жапалак ААБ, Керме-Тоо айылы, Каримова көчөсү №1, моб.тел. 0777577720
Банктык реквизиттери: БИК (МФО) 129057. Р.с.: 1290573230020909, ОКПО 27319557, ИНН0 01802201110271. .Ош ш. “РСК”БАНК.
ЖПБнын жогорку башкаруу органы болуп жайыт пайдалануучулардын жалпы жыйыны эсептелет.
ЖПБнын аткаруу органы-жайыт комитети.
ЖПБнын текшерүү комиссиясы ЖПБнын ревизиялык контролдоочу органы болуп эсептелет.
ЖПБнын мүчөлөрү-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулары.
Жайыт комитетинин төрагасы: Салиев А.
Жайыт комитетинин бухгалтери: Ташбаева Ч.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт комитетинин курамы
Таблица 2
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Кызматы |
1 | Эшманов Санжарбек | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы |
2 | Салиев Акылбек | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы |
3 | Аттокуров Сайит | Жайыт комитетинин мүчөсү |
4 | Камилов Жаныбек | Жайыт комитетинин мүчөсү |
5 | Акматов Шералы | Жайыт комитетинин мүчөсү |
6 | Кулматов Исраил | Жайыт комитетинин мүчөсү |
7 | Хасанов Алмаз | Жайыт комитетинин мүчөсү |
8 | Таштанов Анарбай | Жайыт комитетинин мүчөсү |
9 | Арзиев Нуралы | Жайыт комитетинин мүчөсү |
10 | Ирисбаев Асыл | Жайыт комитетинин мүчөсү |
11 | Осмонов Сабыр | Жайыт комитетинин мүчөсү |
12 | Айылчиев Нургазы | Жайыт комитетинин мүчөсү |
13 | Омошов Абдилашим | Жайыт комитетинин мүчөсү |
14 | Шерматов Жунусалы | Жайыт комитетинин мүчөсү |
15 | Маматалиева Махбурат | Жайыт комитетинин мүчөсү |
16 | Султанов Рустам | Жайыт комитетинин мүчөсү |
17 | Умузаков Салижан | Жайыт комитетинин мүчөсү |
Текшерүү комиссиясынын курамы
Таблица 3
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Кызматы |
1 | Маматалиева Махбурат | Төрага |
2 | Сатвалдиев Каримжан | Комиссиянын мүчөсү |
3 | Арапова Жыргал | Комиссиянын мүчөсү |
Жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги малдын санын тактоо.
Жапалак жайыт комитети тарабынан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы малдын санын тактоо учурунда түзүлгөн жайыт пайдалануучулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Тилеке каршы бул тизме так эмес жана ар дайым тактап турууну талап кылат. Себеби бул тизмеге негизинен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жашаган, өзүнүн жеке менчик малы менен жайлоого чыккан, жайыттарда мурдатан короолору бар, ири сандагы мал ээлери жана фермерлер киргизилген. Мындан тышкары коммерциялык негизде мал баккан чабандар түрдүү себептер менен бул тизмеге киргизилген эмес. Мына ушундай себептердин негизинде жайытка чыгуучу малдын санын да толугу менен эсепке алуу кыйынчылыкты туудурат. Айрым учурларда чабандар кошуна жайгашкан айылдардын элинин малын багууга алып Жапалак жайыт комитетине караштуу жайлоого чыккан учурлар кездешет.
4-торчодо Жапалак жайыт комитетинде 2015-жылы жүргүзүлгөн мал каттоонун жыйынтыгы менен алынган малдын саны көрсөтүлгөн.
Жайыт пайдалануучулардын такталган тизмеси 1-тиркеме менен планга тиркелген.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы малдын саны
Таблица 4
Аймактык айылдык башкармалык | Ири мүйүздүү мал | Кой-эчкилер | Жылкы | Топоз |
Жапалак | 9005 | 14214 | 648 | 0 |
Малдын санын так аныктоо мүмкүн болбогондуктан ЖКнын жайыт пайдалануу боюнча жылдык планын түзүү алдында болжолдуу түрдө эсепке алынбаган мал башынын %дык ченин аныктоо зарыл. Болжолдуу түрдө алынган %дык айырмачылык малдарды жайыттардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүүдө колдонулат.
Төмөндөгү торчодо такталбаган малдын санынын пайыздык айырмасы көрсөтүлгөн.
Малдын жалпы санын тактоо
Таблица 5
Малдын түрү | Жайыт комитетинин эсеби боюнча малдын саны | Статистикалык эсеп боюнча малдын саны | %-дык айырмачылык |
Уйлар | 8756 | 9005 | +2,7% |
Жылкы | 615 | 648 | +5,1% |
Топоз | 0 | 0 | 0 |
Кой-эчкилер | 13654 | 14214 | +3,9% |
Төө | 0 | 0 | 0 |
Эшек | 0 | 0 | 0 |
Жапалак ААБнын жайыттарына жаз, күз мезгилдеринде чыга турган малчылардын жана жеке мал ээлеринин, жайыт пайдалануучулардын тизмеси ЖКнын каттоосу боюнча 1-тиркемеде тиркелген.
Жогоруда аталгандай Жапалак ААБга караштуу жайыттарга бардык мал барбагандыктан улам, ЖКнын каттоосуна алынган жана статистикалык каттоодон өткөн малдын саны боюнча кескин айырма бар. 5-торчодо көрсөтүлгөндөй негизинен ИИМ мал ЖКнын каттоосунан өткөн эмес, анын негизги себеби ИИМ айылдын чекесинде (бада) жайылат.
Жалпы малдын санын жайыт тоютуна жана кышкы тоютка болгон муктаждыгын аныктоо үчүн, ошондой эле мал жаюуну жайыттардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүү максатында ШМБна которулганда 11710. Жапалак ЖКнин каттоосунун негизинде малдын саны боюнча 13897 ШМБны түзөт. Жапалак ЖК тарабынан жумушчу жана эшек каттоого алынбайт, анын негизги себеби жумушчу аттар жана эшектерге жайыт акы алынбайт. Эл тарабынан так айтылбай, эсепке алынбай калган мал болжолдуу 3,5% түзөт.
Ар түрдүү малды шарттуу мал башына которуу
Шарттуу мал-бул түрдүү малды бир түрдүү шарттуу малга которуу коэффициенти. Түрдүү мал башын шарттуу мал башына которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылы №386 токтому менен бекитилген коэффициент колдонулат. Мындан тышкары малды шарттуу мал башына которуу үчүн малдын тирүүлөй салмагын эсепке алуу менен которууга болот. Бул учурда түрдүү малдын тирүүлөй салмагын Кыргызстандын шартындагы орточо уйдун тирүүлөй салмагына бөлүү керек. Мисалы: уйдун тирүүлөй салмагы 300 кг. Ар түрдүү малдын тирүүлөй салмагын 300 кг. бөлүү менен шарттуу мал башына которуу коэффициентин аныктап алабыз.
Малдын тирүү салмагынын негизинде малдын санын шарттуу мал башына которуу коэффициентин аныктоо
Таблица 6
Малдын түрү | Салмагы, кг | Эсептөө | Малдын санын шарттуу малдын санына которуу коэффициенти |
Ири мүйүздүү мал | 300 | 300/300 | 1 |
Ири мүйүздүү жаш мал | 200 | 200/300 | 0,7 |
Бука | 360 | 360/300 | 1 |
Кой-эчкилер | 60 | 60/300 | 0,2 |
Жылкы | 360 | 360/300 | 1 |
Төө | - | - | - |
Топоз | - | - | - |
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында малдарды шарттуу мал башына которуу токтомдун негизинде бекитилген коэффициентти колдонуу менен жүргүзүлгөн. Бир гана жылкыларды шарттуу мал башына которууда 1,2 коэффициенти колдонуу менен жүргүзүлөт. Жапалак жайыт комитетинде жылкылардын санын шарттуу мал башына которуу коэффициенти быйыл да 1,2 өлчөмүндө калтырылды.
Шарттуу мал башына которуу коэффициенти (ШМБ):
Ири мүйүздүү мал, уйлар -1
Ири мүйүздүү мал, торпоктор - 0,7
Кой -эчкилер – 0,2
Жылкылар, эшектер – 1
Төөлөр– 1
Малдын санын шарттуу мал санына которуу
Таблица 7
Малдын түрү | Малдын саны | Шарттуу мал санына которуу коэффициенти | Шарттуу мал саны |
Ири мүйүздүү мал, анын ичинен уйлар | 6390 | 1 | 6390 |
Жаш ири мүйүздүү мал | 2615 | 0,7 | 1830 |
Жылкы | 648 | 1 | 648 |
Кой -эчкилер | 14214 | 0,2 | 2842 |
Топоз |
| 0 |
|
Бардыгы |
|
| 11710 |
Жайыт комитети малдын санын жыл башында эсепке алат, жарандар жыл ичинде малдарын саткандыгына жана жаңыдан малды сатып алгандыгына байланыштуу малдын саны ар дайым өзгөрүп турат
№ 5 торчодо көрсөтүлгөндөй , малдын саны 19% көп болгон. Ушул %дык айырмачылыкты колдонуу менен малдын санын %дык айырмачылыкка көбөйтүп ЖКнын тизмесиндеги малдын саны такталат. Тактоолордун негизинде Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 5003 шарттуу мал башы бар экендиги аныкталды.
Айылдык аймактык башкармалыктын деңгээлинде тоют өндүрүү.
Кыргызстандын шартында тоют өсүмдөрүнүн төмөндөгүдөй түшүмдүүлүгүн колдонобуз.
Тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү
Таблица 8
Тоюттун түрлөрү | Түшүмдүүлүк (кургак салмак) т/га |
Табигый чөп | 0,2-0,5 |
Эспарцет, люцерна | 5-10 |
Арпа саман | 1-1,5 |
Буудай саман | 1,5-2,0 |
Жүгөрү саман | 1,5-2,5 |
Сулуу | 1,2-1,5 |
Малдын бир суткадагы тоютка болгон муктаждыгы анын тирүүлөй салмагына, жашына, физиологиялык абалына жараша болот жана ал малдын тирүүлөй салмагынын 2,5-4% түзөт.
Уйларга уйдун тирүүлөй салмагынын 2,5% түзгөн кургук массадагы тоют сарпталат. Эгерде бир уйдун тирүүлөй салмагы 300 кг. болсо, анын 2,5 % 7,5 кг. түзөт. (300 х 2,5%=7,5 кг).
Талап кылынуучу тоюттун өлчөмүн аныктагандан кийин Жапалак айылдык аймагынын деңгээлинде малга канча тоют даярдоо керектиги аныкталат.
Тоют даярдоо
Таблица 9
Тоюттун түрү | Түшүмдүүлүк (кургак масса) Кг/га | Айдоо аянты, га | Түшүм,кг. | Бир күндүк тоют(кургак масса), Кг./ШМБ | Малга тоют берилүүчү күндөрдүн жалпы саны, ШМБ күн |
Көп жылдык тоют өсүмдүгү (Эспарцет, Люцерна) | 10000 | 240 | 2400000 |
7.5 | 320000 |
Буудай саман | 2000 | 230 | 460000 | 61333 | |
Жүгөрү саман | 2500 | 800 | 2000000 | 266666 | |
Табигый чөптөр | 500 | 10 | 5000 | 666 | |
Мал кол караган күндөрдүн жалпы саны | 648665 | ||||
Концентраттык тоюттар 4865000 |
| ||||
Концентраттык тоютту кесек тоютка которуунун жыйынтыгы алдыдагы торчодо көрсөтүлгөн.
Таблица 9 А
Концентрат-тык тоют | Түшүмдүү-лүк, кг | Аянт, га | Тоют бирдигине которуу коэф. | А х В | Люцернага которуу коэфф. | Жалпы люцерна Г х Д |
| А | Б | В | Г | Д | С |
Дандык жүгөрү | 4912000 | 800 | 1,3 | 6385600 | 0,5 | 3192800 |
Буудай | 251850 | 230 | 1,0 | 251850 | 0,5 | 125925 |
Пахта жмыхы | 180000 | 200 | 1,0 | 180000 | 0,5 | 90000 |
Бардыгы |
|
|
|
|
| 3295725 |
Жапалак ААБдагы малдын башы 11710 шарттуу мал башын түзөт. Даярдалуучу жалпы тоют 5003 шарттуу малды кыш мезгилиндеги 247 күн багууга жетет. Бирок, малды короодо багуу кыш мезгилинде факт боюнча (фактически) 15-20 күнгө азыраак. Ошого карабастан малга жетиштүү тоют даярдоодо бир топ көйгөйлөр бар.
Көйгөйлөрдү жоюунун жолдору:
Тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн тоют талааларын сугаруу, органикалык семирткичтер менен кошумча азыктандыруу.
Жетишсиз тоютту сатып алууну ишке ашыруу:
Калктын басымдуу бөлүгү тоюттуу Өзгөн районунан жана Жалал-Абад областынын Сузак районунан сатып алат.
Эгемендүүлүк алганга чейин тоют аянттары көп болгон. Союз тарагандан кийин фермерлердин көпчүлүк бөлүгү тоют аянттарын колдонууга алып, ал жерлерге бак-дарак тигип, ал тургай приватташтырып да алышкан. Бул аянттарда негизинен мөмө-жемиш өстүрүлүп, алынган пайдага Өзгөн районунан, Жалал-Абад областынын Сузак районунан даяр тоют сатып алуу адатка айланып калган.
Жайыттардын асылдуулугун жана сыйымдуулугун аныктоо
Тандалып алынган жайыттын продуктивдүүлүгүн аныктоо үчүн жайыт комитети тарабынан 1 ч.м. жайыт аянтынын чөбү орулду. Орулган көк чөп жайыт комитетинин өкүлдөрү тарабынан экиге бөлүндү: мал жей турган жана мал жебей турган чөп. Ар бир бөлүк таразага тартылып, салмагы аныкталгандан кийин көрсөткүч мониторинг жүргүзүү үчүн маалымат баракчасына киргизилди. Жайыттын түшүмдүүлүгүн аныктоодон кийин түшүмдүүлүккө жараша, малдын тоютка болгон муктаждыгына жараша жайыттын сыйымдуулугу аныкталып 10-торчодо көрсөтүлдү.
Жайыттын сыйымдуулугун аныктоо
Таблица 10
Жайыт-тын аталышы | Аянты, га | Тү-шүм-дүү-лүк, кг/га | Жал-пы тү-шүм, кг (2 х 3) | Жайытка жайуу коэфф., 60% (4 х 0,6) | Бардыгы ШМБ (5/7,5 кг) | 1 ШМБ 1 күндө тоютка мукт, 7,5кг | Жайыт-тын сыйым-дуулугу, ШМБ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | |
Жаз | ||||||||
Жапалак | 310 | 640 | 198400 | 119040 | 15872 | 55 | 288 | |
Озгур | 115 | 640 | 73600 | 44160 | 5888 | 55 | 107 | |
Жай | ||||||||
Берки-Суу | 1521 | 930 | 1414530 | 848718 | 113162 | 120 | 943 | |
Тогуз-Булак | 760 | 930 | 706800 | 424080 | 56544 | 120 | 471 | |
Жайыттын сыйымдуулугу атайын формула менен аныкталат жана төмөндөгүлөр эске алынат:
Б – 1 ч.м жайыт аянтынан орулуп алынган чөптүн мал жей турган жарактуу бөлүгүнүн салмагы, кг.
0,6 – кургак массага айландыруу коэффициенти;
Nга – жайыттын аянты;
0,7 – жайытта тебелеп оттоо коэффициенти (стравливания);
N кун – мал жайуу күнүнүн саны;
7,5 – 1 ШМБ 1 суткада керектеклүүчү кургак масса , кг.
Жайыт пайдалануу планы
Жайыт комитети тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жайыттардын мониторинги жүргүзүлбөгөндүктөн 2017-жылга карата жайыт пайдалануу планын түзүүдө ОФ САМР “Алатоо” тарабынан түзүлгөн жайыт картасы колдонулду. Бул карта геоботаникалык маалыматтардын негизинде түзүлүп, жайыттардын сыйымдуулугу көрсөтүлгөн. Өз учурунда жайыттардын сыйымдуулук картасы 80-жылы атайын түзүлгөн геоботаникалык экспедициянын маалыматынын негизинде түзүлгөн.
11-торчодо жайыт сезонунда жайыттарга коюлган жүк көрсөтүлгөн. Ал эми жайыт пайдалануучулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Жайыт сезонундагы жайыттарга коюлган жүк жана алардын сыйымдуулугу
Таблица 11
Жайыт участкалары | Жай, 55 күн | Жай, 120 күн | Күз, 60 күн | Күз, 0 күн | ||||||||
ШМБ | Сый.. | Жүк. | ШМБ | Сый.. | Жүк. | ШМБ | Сый.. | Жүк. | ШМБ | Сый.. | Жүк. | |
Жапалак | 346 | 288 | 20.1% | Х | Х | Х | X | X | X | Х | Х | Х |
0ЗГУР | 134 | 107 | 25.2% | Х | Х | Х | X | X | X | Х | Х | Х |
|
|
|
| Х | Х | X | X | X | X | Х | Х | X |
|
|
|
| Х | Х | Х | X | X | X | Х | Х | Х |
Берки-Суу | X | X | X | 1225 | 943 | 29.9% | Х | Х | Х | X | X | X |
Тогуз-Булак | X | X | X | 560 | 471 | 18.8% | Х | Х | X | X | X | X |
| X | X | X |
|
|
| Х | Х | X | X | X | X |
Жайыт пайдалануу планын климаттык өзгөрүүгө ыңгайлаштыруу
Планды даярдоодо климаттык өзгөрүүлөрдү эсепке албай коюуга болбойт. Аба ырайынын өзгөрүүсү, абанын температурасы жайыттардыгы өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө өз таасирин тийгизет. Сурамжылоолордун негизинде жайыт жерлериндеги мал жей турган өсүмдүктөрдүн азайып бараткандыгы белгиленди жа бул көрүнүш жайыттардын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Ошол себептен жайыт пайдалануучулар жайыттардын начарлап бара жаткандыгын белгилешет.
Жогорудагылардын негизинде климаттын өзгөрүүсүн мал жайуу планын түзүүдө көз жаздымында калтырууга болбойт. Ушул жагдайларды эске алуу менен Жапалак жайыт комитети тарабынан жайыттардын сыйымдуулугун 10-12%га азайцтуу менен жайыт пайдалануу планын түзгөн. 10-12% климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу жайыттардын түшүмдүүлүгүнүн начарлашын эсепке алат. Мындан тышкары Жапалак жайыт комитети тарабынан жайыт пайдалануу боюнча келечек
пландарында климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу боюнча бир катар иш чараларды аткарууну көздөөдө.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн жайыттардын сыйымдуулугуна тийгизген таасири
Таблица 12
Жайыт участкаларынын аталышы | Жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ | Климат.өзгөр.эске алуу менен жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ |
А | Б=А*0,9 | |
Жапалак | 288 | 259 |
Озгур | 107 | 96 |
Берки-суу | 943 | 848 |
Тогуз-Булак | 471 | 424 |
Жапалак айылдык башкармалыгынын Жапалак жайыт комитети 13-торчодо жайыттардын сыйымдуулугун жайыт пайдалануучулар менен бирдикте 10%га азайтуу менен аныктаган.
Климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жайыттардын сыйымдуулугу (КӨ) Таблица 13
Жайыт участкасы | Сыйымдуулук, ШМБ | Ңмкость, с учңтом влияния ИК | |||||||
Жаз | Жай | Күз | Кыш | Жаз | Жай | Күз | Кыш | ||
Жапалак | 288 | Х | х | Х | 259 | Х | X | Х | |
Озгур | 107 | Х | х | Х | 96 | Х | X | Х | |
Берки-суу | х | 943 | х | Х | х | 848 | X | Х | |
Тогуз-Булак | х | 471 | х | Х | х | 424 | X | Х | |
Климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жайыттардын сыйымдуулугун аныктоого өзгөртүү киргизүү каралган. Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу малдарды жайыттарга кайра бөлүштүрүү каралган.
Мал көп жайылган жайыт участкаларында малды бөлүштүрүүнү жөнгө салуу Таблица 14
Жайыт участкасынын аталышы | Жайытка чыгуучу мал саны, ШМБ | Сыйымдуулук | Мал жайуу күндөрүнүн саны | Нагрузка на пастбища | ||
Планга чейин | Пландан кийин | План-га чейин | План-дан кийин | |||
A | Б | С | Д | А/С | Б/С | |
| Жай | |||||
Жапалак | 346 | 304 | 288 | 90 | 20.1% | 5.5% |
Озгур | 134 | 124 | 107 | 90 | 25.2% | 15.8% |
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын малынын көпчүлүгү токой чарбасына тиешелүү жерлерде жайылгандыгына карабастан жайыттардагы малдын көптүгү байкалат. Ошол себептен көп малы бар мал ээлерин алыскы жайлоого чыгууга үндөө иштерин жүргүзүү зарыл. Мына ушундай жол менен гана жайыттарга болгон жүктү нормалдаштырууга, тоют базасын түзүүгө, жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Токой чарбалары менен кызматташуу
Кара-Суу токой чарбасы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгна чектеш жайгашкан. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында Кара-суу токой чарбасынын айрым жер тилкелери жайгашкан. Азыркы учурда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, Кара-Суу токой чарбасына тиешелүү жер тилкелеринин аянтын жана чектерин аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө. Кара-Суу токой чарбасына тиешелүү жер тилкелеринин аянты жана чектери толук такталгандан кийин токой чарбасы менен Жапалак жайыт комитетинин ортосунда өз кызматташуу боюнча келишимдер түзүлөт. Бүгүнкү күндө Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы бардык жайыт жерлери үчүн жер салыгы Жапалак жайыт комитети тарабынан төлөнөт.
заключен договор о сотрудничестве.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мал чарбасын өнүктүрүү
Мал чарбасынын өнүгүүсүн жана жайыттардын сыйымдуулугун эсепке алганда негизги приоритеттер болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
Малдын генетикалык потенциалын (породасын) жакшыртуу;
Туруктуу тоют базасын түзүү;
Мал чарба азыктарын жеринде кайра иштетүү;
Мал чарба азыктарын сатууну колго алуу.
2016-2019-жылдарда Жапалак жайыт комитетинин мал чарбасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын планы.
№ | Негизги багыттар | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жоопкер |
1 | Малдардын породаларын жакшыртуу | Жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу | III кв. 2017г. | ЖК, Ветеринардык кызматтар |
2 | Кыш мезгилинде малды тоюттардырууну жакшыртуу | Көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү– эспарцет – Люцерна- | III кв. 2017 г. | ЖК |
3 | Мал чарба азыктарын кайра иштетүүнү жандандыруу | Сүттү кайра иштетүү цехин куруу | II кв. 2017 г. | ПК |
2017 жыл үчүн малдын ден соолугун жакшыртуунун планы
Ош шаарынын Жапалак ААБсы боюнча 2017-жылга карата мал жана канаттулар ооруларын, жугуштуу ылаңдарын ветеринардык эмдөө, алдын алуу боюнча ЖК менен биргеликте аткарыла турган иш чаралары.
Ош шаарынын Жапалак ААБда малды ветеринардык кароо схемасы.
Өткөрүү мөөнөтү | Иш чаранын аталышы | Аткаруу ыкмасы | Дары-дармектин аталышы | Бир жолку доза | Аткаруучу | |
Иттер жана мышыктар | ||||||
Ар кварталда | Эхинококкозго каршы дегельминтизация жүргүзүү (215 ит 18 мышык) | Тоюттан-дыруу | Авинокс | 1 таб., на 10 кг тир.салмакка | Төрөев И. | |
Январь, февраль 2016 г. | Кутурмага каршы вакцинация (215ит 18 мышык) | в/м | Поливленттик вакцина | 1 мл | Төрөев И. | |
Тооктор | ||||||
Январь, февраль | Ньюкасл оорусуна каршы вакцинация (4500 баш.) | в/м | «Н» | 1 мл. | Төрөев И. | |
Ири мүйүздүү мал | ||||||
Январь | Сибир жарасына каршы вакцинациялоо (870 баш) | п/к | Вакцина СТИ (г. Владимир Россия) | 2 мл. | Төрөев И. | |
Апрель, май | Эмфизематоз карбункулуна каршы вакцинациялоо (840 баш) | в/м | «Алтын тамыр» өндүрүшүнөн чыккан вакцина | 2 мл | Төрөев И. | |
Июнь, июль | Бруцеллезду аныктоо үчүн кан үлгүсүн алуу (450 баш) | Лаборато-рияга жиберүү | - | - | Төрөев И. | |
Ноябрь декабрь | Шарп (880 баш) | п/к | 3-х валент | 2 мл | Төрөев И. | |
Ноябрь декабрь | Бруцеллезду аныктоо үчүн кан үлгүсүн алуу (880 баш) | Лабораторияга жиберүү | - | - | Төрөев И. | |
Майда мүйүздүү мал | ||||||
Апрель, май | Пастереллез (7000 баш.) | п/к |
| 1-2-3 мл | Төрөев И. | |
Июнь | Бруцеллезду аныктоо үчүн кан үлгүсүн алуу (35 баш кочкор) | Лабораторияга жиберүү | - | - | Төрөев И. | |
Июнь, июль | Экзопаразитке каршы жуу (7000 гол.) | неоцедол | китай | 15000 литрге 1 литр | Төрөев И. | |
Июль | Бруцеллезго каршы вакцинациялоо (1307 баш.) | конөюнктивальдык | Rev-1 |
| Төрөев И. | |
ноябрь | Бруцеллезду аныктоо үчүн кан үлгүсүн алуу (35 баш кочкор) | Лабораторияга жиберүү | - | - | Төрөев И. | |
Эскертүү: жүргүзүлгөн ар бир ветеринардык жана фитосанитардык иш-чарага анын жыйынтыгы жана актысы тиркелет.
Жайыттарды пайдалануудагы жана башкаруудагы көйгөйлөр жана муктаждыктар
Жапалак жайыт комитети тарабынан 2016-2019-жылдарга жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана башка иш чараларды жүргүзүү, алардын аткаруу мөөнөттөрү белгиленген.
Белгиленген иш чаралардын маанилүүлөрү жана тез арада аткарууга жаткандары жалпы жыйында тандалып алынып, аларды ишке ашыруу наркы аныкталат. Иш чараларга керектелүүчү каражат АРИС тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде такталат.
Белгиленген иш чаралар жайыттардын начарлап кетишине жол бербейт жана алардын жакшыруусун камсыз кылат. Иш чараларды ишке ашыруу милдетин Жапалак жайыт комитети өз мойнуна алат.
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу иш чараларынын планы жайыт пайдалануучулардын жалпы жыйынында кабыл алынып, жергиликтүү Кеңештьин сессиясында бекитилет.
Бекитилген иш чаралар планына 2017-жыл үчүн жайыт комитетинин бюджети да кирет.
Жайыттарды башкаруу планынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү
Жайыттарды башкаруу планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү дайыма үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Мониторинг жүргүзүү үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын буйругу менен атайын мониторинг жүргүзүү үчүн топ түзүлөт. Мониторинг жүргүзүү үчүн атайын топтун курамына жайыт комитетинин мүчөлөрү, ААбнын кызматкерлери, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, аялдардан түзүлгөн жамааттардын мүчөлөрү, жаштар, калктынг аялуу катмарынын өкүлдөрү кирет.
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынында жана шаардык Кеңештин жыйынында ар жылы пландын аткарылышы боюнча маалымат берилет. Аталган маалымат берүүдө түшкөн сунуштардын негизинде планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн «Радар» ыкмасы колдонулат. Мониторинге чабандар, жаштар, аялдар, калктын аялуу катмары катышат жана 5 баллдык система менен баа берилет. Мониторинг жүргүзүүдө төмөндөгүлөр сурамжылоонун негизинде аныкталат:
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу;
Тоют базасын жакшыртуу: Табигый, жасалма;
Малдын ден соолугун сактоо иш чараларын жакшыртуу;
Жайыттардын абалынын жакшырышы: башкаруу (менеджмент), агротехникалык иш чаралар (подсев, удобрение, и т.д.);
Жайыттарды башкарууга калктын аялуу катмарынын катышуусу;
Турмуш тиричилик деңгээлинин жакшыруусу – элдин кирешеси Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы калкка ачык айкын жеткирилип ар жылы жүргүзүлөт жана анын өзгөрүүсү боюнча планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Жайыт пайдалануу планына мониторингди жүргүзүүдө башка ыкмалар да колдонулушу мүмкүн. Мониторингди жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ар бир кызыккан мүчөсү, донорлор, өнөктөштөр, тиешелүү мамлекеттик кызматтар, АРИС ж.б да жүргүзүшү мүмкүн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыттарды башкаруу планынын ишке ашырылышынан жайыт пайдалануучулардын тапкан пайдасы.
Жайыттарды башкаруу планынын максатына ылайык Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар биримесине кирген 750 үй чарба ээлеринин 75% төмөндөгүдөй пайда көрөт.
№ | Жыйынтыктар (пайда) | Көрсөткүчтөр | Маалымат булагы |
1 | Жайыттардын инфраструктурасы жакшырат | Жайыттардын инфраструктурасы 20% жакшырды | ЖПБнын Профайл Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) |
2 | Тоют базасы жакшырат | Малдын жана мал чарба азыктарынын баасы 15% жогорулады. | Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Базар баасынын аналитикалык көрсөткүчтөрү. |
3 | Малдын ден соолугун камсыздоо иш чаралары жакшырат
| Кожолуктардын 80% ында малдардын өлүмү азайды. Малдардын оорусу 5%га кыскарды.
| Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Райондук ветеринардык кызматтын, ЧВ, ПОЗЖ көрсөткүчтөрү |
4 | Калкты аялуу катмарынын жайыттарды башкарууга катышат | Жаштардын, аялдардын, кембагал үй-бүлөлөрдүн 15%ы жайыттарды башкарууга катышты | ЖПБнын Профайлы Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) ЖПБнын иш чараларынын протоколдору |
5 | Калктын жашоо деңгээлинин, кирешесинин өсүүсү | Жеке үй чарбаларынын 15%ы тамактануусун жана азык түлүк коопсуздугун жакшыртты | Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Айылдык аймактык башкармалыктын социалдык –экономикалык көрсөткүчтөрү |
Финансылык план
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт комитети аркылуу ишке ашырылуучу каржы планы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, мал чарбасынын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш чаралардык каржы булактарын аныктоого багытталган.
Таблица 15. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга перспективалык-финансылык планы.
№ | Чакан долбоорлордун аталышы | Жайгашкан орду | Мөөнөтү (башталышы жана бүтүшү) | Суммасы, сом
|
1 | Ветсервис | Жапалак | 2017 г. | 325000 |
2 | Жайыттардын жолун ондоо | Берки-суу.Тогуз-б. | 2017 г. | 325000 |
3 | Тогуз-Булак чек араны ажыратуу | Тогуз-булак | 2017 г. | 200000 |
4 | Берки-Суу жайытын бөлүштүрүү | Берки-суу | 2017 г. | 150000 |
5 | Суугаруу ноолорун оңдоо | Жапалак | 2017 г. (июль-август) | 1500000 |
Таблица 16. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2017-жылга карата финансылык-инвестициялык планы.
№ | Чакан долбоорлор | Жайгаш-кан орду | Мөөнөтү (башталышы жана бүтүшү) | Суммасы, сом | ЖК | АРИС | ААБ | Башка демөөрчүлөр |
1 | Ветсервис |
| 2017 г. | 1240000 | 310000 | 930 000 | 0 | 0 |
2 | Жайыттардын жолун ондоо. |
| 2017 г. | 3250000 | 123 3080 | 2016920 | 0 | 0 |
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Жапалак ЖКнын 2016-2019-жылдарга иш чаралар планы.
№ | Иш чаралар | Орду | Мөөнөтү | Каржы-лоо | ||
| Жапалак Ветсерис | Жапалак | 2016 г. | 325000 |
| |
| Жайыттардын жолдорун ондоо | Берки-суу | 2016 г. | 325000 |
| |
| Чек араны ажыратуу | Тогуз-Булак | 2016 г. | 200000 |
| |
| Жайытка раскол куруу. | Берки-Суу | 2017 г. | 150000 |
| |
| Мал сугаруу ноосун куруу | Жапалак | 2017 г. (июль-август) | 1500000 |
| |
| Берки-суу капташ куруу | Берки-суу | 2017 г. | 1500000 |
| |
№1 тиркеме. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы жайыт пайдалануучулардын тизмеси.
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ири мүйүздүү мал | Кой-эчкилер | Жылкы | Топоз | Бардыгы, шарттуу баш |
1 | Атмуратов Г. | 10 | 32 |
|
| 16 |
2 | Суркеев Ч. | 11 | 21 |
|
| 15 |
3 | Шороев К. | 12 | 20 | 1 |
| 17 |
4 | Пазылов Р. | 24 |
|
|
| 24 |
5 | Темирбаев А. |
| 67 |
|
| 13,4 |
6 | Осоев Р. | 27 |
|
|
| 27 |
7 | Эргешов Т. |
| 32 |
|
| 6,4 |
8 | Адылов Р. | 3 |
|
|
| 3 |
9 | Калыкулов М. | 3 |
|
|
| 3 |
10 | Балтабаев Ж. | 5 | 5 |
|
| 6 |
11 | Омурзаков А. | 52 | 30 |
|
| 58 |
12 | Жороев Т. | 50 | 300 |
|
| 110 |
13 | Эркебаев К. | 56 |
|
|
| 56 |
14 | Бекташов Т. | 49 |
|
|
| 49 |
15 | Гадиев Н. | 23 | 78 |
|
| 38,6 |
16 | Жороев С. | 27 | 15 |
|
| 30 |
17 | Максутов К. | 8 | 35 | 1 |
| 16 |
18 | Досуев а. | 4 | 5 | 1 |
| 8 |
19 | Арапбаев У. | 60 | 75 | 2 |
| 77 |
20 | Манасов Х. | 20 | 60 | 3 |
| 35 |
21 | Абсаматов Б. | 13 | 25 | 1 |
| 20 |
22 | Кочкоров С. | 40 | 80 | 12 |
| 68 |
23 | Ракбаров А. | 30 | 100 | 9 |
| 59 |
24 | Орозалиев Т. | 20 | 150 | 15 |
| 50 |
25 | Салиев А. | - | 200 | - |
| 40 |
26 | Батыров А. | 20 | 12 | 5 |
| 47 |
27 | Исмаилов Ж. | 10 |
| 8 |
| 18 |
28 | Жолонов М. | 12 | 40 | 1 |
| 21 |
29 | Султанбеков К. | 15 | 210 | 7 |
| 64 |
30 | Баатыров Э. | 25 |
| 6 |
| 31 |
31 | Аданов А. | 53 | 375 | 47 |
| 175 |
32 | Солиев З. | 35 | 73 | 5 |
| 54,6 |
33 | Беренов А. | 10 | 25 | 2 |
| 17 |
34 | Исмаилдов Т. | 120 |
| 18 |
| 138 |
35 | Султанов А. | 80 | 500 | 12 |
| 222 |
36 | Мамытов А. | 78 | 60 | 2 |
| 82 |
37 | Калыев А. | 65 | 56 | 4 |
| 80 |
38 | Аданбаев А. | 104 | 34 | 3 |
| 114 |
39 | Аданбаев А. | 106 | 47 | 2 |
| 117 |
40 | Калбаев К. | 124 | 80 | 2 |
| 132 |
41 | Омонов К. | 87 | 46 | 4 |
| 101 |
Бардыгы: |
|
|
|
| 2025 | |
2017-жылга карата бекитилген жайыттарды башкаруу планына ылайык ички эрежелер.
-Жайыт сезону 1-апрелден башталат.
-Жайыт сезону 30-октябрда аяктайт.
-Фермерлердин жазгы (орто) жайытка чыгышы 1-майдан 10-майга чейин.
-Фермерлердин жайкы жайытка чыгышы 25-майдан 30-майга чейин.
-Күзгү жайытка кайтуу 1-октябрга карата жүргүзүлөт.
-Күзгү жайыттарга көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте кайткан жактарга ар бир ири мүйүздүү малы үчүн 250 сом, майда жандыгы үчүн 250 сом жазана салынып, 1 сутканын ичинде кайра жайкы жайытка кайтуу жөнүндө эскертүү берилет;
-20 апрелге карата айдоо аянттарына жакын жайгашкан мал ээлери жазгы жайытка чыгып кетүүсү зарыл;
-20 апрелден баштап саан уйлар үчүн пада уюштурулат;
-Айылда 1 жумушчу атты, 2 саан уйду, 3-5 койду алып калууга уруксат берилет. Ал эми калган малды жайкы жайытка айдоо зарыл;
-Эгерде айыл ичинде экиден көп ири мүйүздүү мал жайлоого чыкпай калса төмөндөгүдөй чара колдонулат:
Жалпы жыйындын жана аксакалдар сотунун чечими менен ар бир баш мал үчүн 500 сом өлчөмүндө жазана төлөө;
-Эгин талааларыны түшкөн малдын ээсине карата төмөндөгүдөй жазаналар каралат:
Эскертүү: эгерде мал эгин талаасына 10-апрелге чейин кирсе;
Эгерде эгин талаасына мал 10-апрелден кийин жайылса: ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 200 сом, майда жандык үчүн 20 сом, экинчи жолу кайталанса ири мүйүздүү мал үчүн 500 сом, майда жандыкка 100 сом жазана салынат. Эгерде айдоо аянтына мал жайуу дагы кайталанса чыгашалар эсептелип, иш аксакалдар соту, сот аркылуу жазана салынат;
Эгерде жайыт билети жок мал эгин талааларына жайылса төмөндөгүдөй жазана салынат: ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 500 сом, ар бир майда жандык үчүн 200 сом. Жазана төлөөдөн баш тарткандардын иши сот органдарына өткөрүлөт;
Жайыт билети бар жарандар өз убагында салыктарды төлөбөсө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жоопко тартылат, иши сот органдарына өткөрүлүп берилет.
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнөн башка мал ээлеринин малы жайытка чыкса, анда жайыт акысы Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген тарифтик чендин 2 эселенген суммасын төлөшөт.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси С.Маматалиева
Ош шаардык Кеңешинин
2017-жылдын 26-декабрындагы кезектеги X сессиясынын
(IVчакырылыш) № 98 токтомуна № 2 тиркеме
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети.
Киреше бөлүгү |
|
|
|
Аталыштар | 1 баш мал үчүн жайыт акысы, сом | Саны | Жалпы сумма |
Ири мүйүздүү мал | 125 | 1225 | 153125 |
Майда жандык | 25 | 2800 | 70000 |
Жылкы | 150 | 240 | 36000 |
Чөп оруу аянты (га) | 500 | 20 | 10000 |
Айдоо жерлдер (га) | 2000 | 5 | 10000 |
Бардыгы |
|
| 279125 |
Чыгаша бөлүгү |
|
|
|
Салык (2281га х 1,04) | 13.50 | 2372 | 28000 |
Бухгалтердин эмгек акысы | 3500 |
| 42000 |
Ж К эмгек акысы |
|
| 84000 |
Соц. Фондго чегерүү (17,25%) | 3450 | 12 | 10500 |
Конц,тов, | 2000 |
| 2000 |
Транспорт чыгымдары | 20000 | 00 | 20000 |
Сапар чыгымдары | 5000 |
| 5000 |
Түрдүү чыгымдар | 15000 |
| 15000 |
Жайыттарды жакшыртуу чыгымы | 72625 | 1 | 72625 |
Бардыгы |
|
| 279125 |
Жапалак ЖКнын бюджети жайыт акысын чогултулган каражаттардын эсебинен түзүлөт. Бул мезгилге чейин малдын башын эсепке алуу элдин малын баккан жана жайытка чыккан чабандардын малынын башы боюнча жүргүзүлүп келген. ЖКнын өкүлдөрү эсептөөлөр үчүн алынган мал башынын саны алардын так санынан аз экендигине күбө. Ошол себептен 2017-жылы ар бир мал багуучунун короосундагы малды так эсептөө жүргүзүлөт. Ошондо гана малдык башынын так саны аныкталат жана жайыт акысынын толук төлөнүшү камсыздалат. Малдын санын так аныктоо жүргүзүлсө жайыт комитетинин бюджети да реалдуу болмокчу. Эгерде жайыт акысынан чогултулган акча каражаты жайыттарды жакшыртууга багытталган иш чараларды ишке ашырууга жетпей калса, жетишпеген акча каражатын аңчылык бирикмесинин жайыт акысы үчүн каралган акча каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси С.Маматалиева
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын
26-декабрындагы кезектеги X сессиясынын
(IV чакырылыш) №98 токтомуна №3 тиркеме
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Жапалак айылы, Ош шаары "___" _________________ _____ ж.
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы _______________________________________________________________________ аркылуу, (фамилиясы, аты, атасынын аты)
мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан, жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы_______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
аркылуу, Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк:
Келишимдин предмети
1.1 Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.
Жайыт жерлердин жалпы аянты: _______________________________________________________________________________
Жайыттын түрү жана аянты _______________________________________________________________________________
Жайыт участокторунун жайгашкан орду ____________________________________________
- Жайыт инфраструктурасынын обөектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары (Типтүү келишимдин №2 Тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу-өткөрүү актысы таризделет).
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1.2. Жергиликтүү өз алдынча органдарын укуктары:
1.2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын, жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөөгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга;
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторунун формасын бекитүүгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
2.1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин укуктары:
- Милдеттүү түрдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планды бузууларды жоюуну талап кылуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылуу.
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыңкы методдорду колдонууну сунуштоо;
1.3. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери
2.2.1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – айылдык аймактык башкармалыктын милдеттери:
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүү;
- Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин (2/3) жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү; Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер, ошондой эле кеңсе имараты менен камсыздоо;
- жылына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдин негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөөгө милдеттүү;
2.2.2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин милдеттери:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитүү.
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүүсүн талап кылууга;
- жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардамды, ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кеңсе имаратын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланышкан тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеңештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр боюнча даттануу укугуна ээ.
2.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга;
- жергиликтүү өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардын абалына жылына бир жолудан кем эмес мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө;
- жайыт билеттерин мыйзамга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта пайдалануу боюнча келишимдерди түзүүгө;
- жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилглен жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоого жана жыйноого;
- жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштары чечүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын өз убагында иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө;
- жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узактыгын жайытты деградацияга алып келе турган ашыкча жүк келтирбей колдонууга;
- ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- ыйгарым укуктарды аткаруу жана берилген материлдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө;
- жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу маалымат берүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу финансылык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамын, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишимди бузууну болтурбоого;
- ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга берилген сарпталбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү;
Тараптардын финансылык мамилелери
3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жайыт комитети жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат, жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн курамында бекитилет.
3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктарды аткаруу максатында, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттин жазылышына ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн үчтөн экиси (2/3) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которулат. Которулган финансылык каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында Айыл өкмөтүндө ачылган ЖПБ/ЖКнын өздүк эсебиндеги акча каражаттарына байланыштуу болот.
3.3. ЖПБнын эсебине акча каражаттарын которуу мөөнөтү ЖК өтүнмөнү берген күндөн тартып 2 күндөн көп эмес убакытты түзөт.
3.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси финансылык каражаттарды жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планга ылайык иш-чараларды каржылоого жумшайт.
3.5. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жергиликтүү өз алдына башкаруу органынын алдындагы отчеттуулугу
4.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыйгарылган укуктардын аткарылышы жана аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ушул келишимде белгиленген мөөнөттө тапшырат. Бул отчеттор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
4.2. Ыйгарылган укуктардын аткарылышы тууралуу отчеттуулук ушул келишимде белгиленген мөөнөттө берилбесе, Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Келишимди колдонууга киргизүү тартиби жана мөөнөтү
5.1. Ушул келишим жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Ушул келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
6. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
6.1. Ушул келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет.
6.2. Ушул келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана ушул келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күңдөн тартып күчүнө кирет.
7. Ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби
7.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимди жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын андан ары аткаруу мүмкүндүгүн алып таштоо боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алынганда;
7.2. Ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн алган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланганда;
7.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу талаптардын биринин демилгеси менен токтотула турган болсо, токтотууну талап кылган тарап экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүнү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу күнүнөн 15 жумуш күн мурда жөнөтүшү керек;
7.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу жөнүңдө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана экинчи тарапка билдирүү боюнча кабыл алынган чечимин билдирет;
Экинчи тарап алынган билдирүү боюнча макул болсо, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары тараптардын макулдашуусуна ылайык токтотулат.
7.5. Эгерде 30 жумуш күнү ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу жүзүндө жооп жок болсо же экинчи тарап жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга каршы болсо, ыйгарым укуктарды мөөнөтүңөн мурда токтотуу маселеси сот тартибинде чечилет.
7.6. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу токтотулган күндөн тартып, бул ыйгарым укуктарды Жайыт пайдалануучуга ыйгарым укуктарды берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аткарууга милдеттүү.
8. Тараптардын жоопкерчилиги
8.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы, укуктарды чектегендиги же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8.2. Жайыт комитетинин төрагасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө аткаруу, өткөрүлүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды максатуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
9. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
9.1. Ушул келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
10. Корутунду жоболор
10.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө келишим мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нуска берилет жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары маалымат үчүн жөнөтүлөт.
10.2. Ушул келишимдин бардык нускалары окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын даректери жана колдору
______________________________ |
| ______________________________ |
|
|
|
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси С.Маматалиева