Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 99
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 24-ноябрындагы №673/08-13, 2017–жылдын 30-ноябрындагы №681/08-13, 2017-жылдын 6-декабрындагы №696/08-13, 2017-жылдын 12-декабрындагы №709/08-13 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» кайрылууларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11- 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын статусу жөнүндө мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы №32, 2017-жылдын 20-декабрындагы №35 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана Ош шаарынын Башкы планында көрсөтүлгөн жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын которууга макулдук берилсин:
· Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн №15а дарегинде жайгашкан «Даннур-Юг» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык, жалпы аянты 1200,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Коммерциялык, калктуу конуштун жерлери» багытынан «Көп кабаттуу турак-жай» багытына;
· Ош шаарынын М.Аматов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан «Визион Групп» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык, жалпы аянты 1665,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Коммерциялык, калктуу конуштун жерлери» багытынан «Көп кабаттуу турак-жай» багытына;
· Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №170 дарегинде жайгашкан Абдуллаева Эзасхан Кочкоровнага таандык, жалпы аянты 2220,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Өндүрүш» багытынан «Көп кабаттуу турак-жай» багытына;
· Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн №275/1б дарегинде жайгашкан «Нурзаман Групп» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык, жалпы аянты 2380,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Өндүрүш, калктуу конуштун жерлери» багытынан «Көп кабаттуу турак-жай» багытына;
· Ош шаарынын Анар кичи районунун №10а дарегинде жайгашкан Эргешов Темирбек Салановичке таандык, жалпы аянты 1413,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Калкты тейлөө» багытынан «Көп кабаттуу турак-жай» багытына;
· Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына таандык, жалпы аянты 2216,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Ар түрдүү(автогараж)» багытынан «Көп кабаттуу турак-жай» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |