Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 101
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-августундагы отурумунун №24, 2017-жылдын 2-ноябрындагы отурумунун №26 жана 2017-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №28 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына компенсация катары берилген 50 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кабыл алынсын.
2. Республикалык бюджеттен 2017-жылдагы Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына карата калдыгынын жана 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылуусунун эсебинен № 1тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына алынган 30 автобус жана 23 троллейбус боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кредит төлөө үчүн 8 400,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, которуу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2017-жылдын 26- декабрындагы
кезектеги X сессиясынын
№101 токтомуна №1 тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-августундагы отурумунун №24 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын эсебинен:
-21 444,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына;
-27 200,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгына;
-516,0 миң сом акча каражаты Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына;
-840,0 миң сом акча каражаты Ош облустар аралык сотунун 2017-жылдын 1-июнундагы чечиминин негизинде «Шаарсвет» Ош электр тармактар ишканасынын мурдагы инженери, маркум А.Төрөбековдун жубайы Ж.Калбаевага.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-120,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы «Мөл булак» балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасын темир тор менен тосуу үчүн;
-100,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык №1 /й-бүлөлүк медицина борборунун №8 филиалынын рентген аппаратынын тетиктерин сатып алуу үчүн.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы отурумунун №26 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1. 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-580 000 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын имаратын оңдоо, кызматтык сапар чыгымдарына, кондиционер, видеокөзөмөл системасын жаңыдан коюу үчүн;
-531 200 сом акча каражаты кызматтык маяналар жогорулаганына байланыштуу 2017-жылдын 1-сентябрынан муниципалдык кызматкерлердин кызматтык маяналарына үстөк акы үчүн;
-100 000 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын автогараж ишканасына кызматтык автоунааларды оңдоо үчүн;
-282 000 сом акча каражаты №3 «Сулайман-Тоо» аймактык кеңешинин кеңсесин куруу үчүн;
-5 000 000 сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына;
-100 000 сом акча каражаты 2017-жылдын 15-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү шайлоочуларды идентификациялоо аппараттарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө тартылуучу 20 адиске ар бирине 5,0 миң сомдон сый акы төлөөгө;
-272190 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агенттигинин өкүлчүлүк чыгымдары үчүн;
-15 000 сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүнү уюштуруунун алкагында 73 шайлоо участкаларын телефон байланышы менен камсыз кылуу боюнча аткарылган жумуштарга;
-1 000 000 сом акча каражаты Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы ички жолдорду асфальттоо үчүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-100 000 сом акча каражаты Ош шаарынын Краснофлотская көчөсүндөгү үйлөргө жылуулук системасын орнотууга;
-50 000 сом акча каражаты Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн №6 үйүнүн №2 батиринин тургуну З.Молдошеванын ден-соолугун чыңдоого материалдык жардам катары;
-100 000 сом акча каражаты Ош шаарындагы Курманжан датка мектебине интерактивдүү доска сатып алуу үчүн;
-100 000 сом акча каражаты Ош шаарындагы Ж. Атабаев атындагы мектебине окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында видеокөзөмөл аппараттарын сатып алууга.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №28 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1. 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-3 300,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына жеңилдик менен жүргүнчүлөргө компенсация катары;
-500,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын Автогараж ишканасына кызматтык автоунааларды кышка даярдоого кошумча иретинде;
-200300 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараж ишканасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата материалдык колдоо көрсөтүү үчүн;
-3 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадионду оңдоп түзөө үчүн;
-2 500,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына №11 “Жибек-Жолу” аймактык кеңешинин тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн;
-133 080 сом акча каражаты Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына №4 “Ак-Тилек” аймактык кеңешине караштуу “Анар” кичи районунда жаңыдан курулган №2 көп кабаттуу үйдүн ички инженердик коммуникацияларын оңдоп түзөө үчүн;
-250,0 миң сом акча каражаты Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына №4 “Ак-Тилек” аймактык кеңешине караштуу “Анар” кичи районунда жаңыдан курулган №2 көп кабаттуу үйдүн отказанын толук кандуу иштетүү үчүн насос сатып алууга;
-350,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык билим берүү башкармалыгына “Айданек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун чек арасындагы тосмолорун жаңылоого;
-350,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык билим берүү башкармалыгына №12 Крупская атындагы мүмкүнчүлүгү чектелген атайын мектептин чатырын толук ремонттоого жана беседка курууга;
-300,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык билим берүү башкармалыгына №48 “Гүлдесте” балдар бакчасынын терезелерин алмаштырууга;
-700,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына 2017-жылдын декабрь айында өткөрүлүүчү жана жаңы жылды тосууга байланышкан иш-чараларга жумшалуучу чыгымдар үчүн.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |