Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 67
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
"Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө" Жобо 1-тиркемеге ылайык;
муниципалдык турак жайды пайдалануу үчүн акы өлчөмүн аныктоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
1) Бишкек шаардык кеңешке төмөнкүлөрдү киргизсин:
үч айлык мөөнөттө жогоруда бекитилген Жобо боюнча кошумча сунуштарды киргизсин;
турак жай курулушун өнүктүрүү муниципалдык фондун түзүү боюнча сунуштарды;
жарандардын укуктарын коргоо үчүн турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды;
муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу;
2) (Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомуна ылайык алынып салынды)
3) макулдашуу комиссиясынын иш тартибинин долбоорун иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында каралган тартипте кызматтык турак жайларда жашап жаткан муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын пайдалануучулар менен турак жайды мүлктүк ижаралоо келишимдерин түзсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К.Конгантиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р.К.Макеновго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| А. Кененбаев |