Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 токтомуна 2-тиркеме |
Муниципалдык турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ
1. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн акынын (батир акысынын) курамына көп батирлүү үйдө жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайларды жана үй жанындагы жер участогун техникалык жана санитардык-гигиеналык күтүүгө жумшалуучу чыгымдардын суммасы, ошондой эле Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна жиберилүүчү сумма кирет.
2. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө турак жайларды жалдоо келишими боюнча турак жайды пайдалангандыгы үчүн акынын (батир акысынын) өлчөмү ээленген жалпы турак жайдын бир квадрат метри үчүн акыны ээленген турак жайдын жалпы аянтына (өзүнчө бөлмөлөрдө - ушул бөлмөлөрдүн аянтына) көбөйтүүгө жараша аныкталат.
3. Турак жайдын ээленген жалпы аянтынын бир квадрат метри үчүн акынын өлчөмү (Н) (мындан ары - Акы) өзү ээлеп турган турак жайдын жалпы аянтынын бир квадрат метри үчүн акынын базалык коюмунун (Нб) (мындан ары - базалык акы) турак жайдын сапатын, абатталышын, жайлуулугун жана жайгашкан жерин эске алган коэффициентке көбөйтүндүсү катары эсептелет.
Н = Нб х Кб х Кк х Км, мында:
Кб - турак жайдын абатталуу коэффициенти;
Кк - турак жайдын жайлуулук коэффициенти;
Км - турак жайдын жайгашкан ордунун коэффициенти.
Кб - турак жайдын абатталышын: лифт, ысык жана муздак суу менен камсыз кылууну, суу киргизүүнү, борбордук жылытууну жана газ менен камсыз кылууну чагылдыруучу коэффициент.
Ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу же суу киргизүүнүн же борбордук жылытуу жана газ менен камсыз болбогон турак жайлардагы Кбнын өлчөмү инженердик курулуштун ар бир жок болгон түрү үчүн 0,1 көрсөткүчүнө, бирок 0,5тен көп эмес азайтылат.
1-таблица
№ | Турак жайлардын түрлөрү | Кб |
1 | Абаттоонун бардык түрү бар турак жай | 1 |
2 | Инженердик курулуштун бир түрү жок турак жай | 0,9 |
Кк - турак жайдын жайлуулук коэффициенти турак жайдын жалпы аянтынын турак жайдын турак аянтына болгон катышы менен аныкталат.
2-таблица
№ | Турак жайдын жалпы аянтынын турак аянтына болгон катышы | Ык |
1 | 1,5тен аз | 1 |
2 | 1,5тен 2,1ге чейин | 1,1 |
3 | 2,1ден баштап жана жогору | 1,2 |
Км - турак жайдын жайгашкан ордунун коэффициенти калктуу конуштун борбордук бөлүгүнө турак жайдын жакындыгын чагылдырат.
3-таблица
№ | Турак жайлардын жайгашкан орду | Км |
1 | Шаардын ортоңку бөлүгүндө (түндүктө Жибек-Жолу көчөсү, түштүктө Аалы Токомбаев көчөсү, чыгышта Шабдан Баатыр көчөсү, батышта Фучик көчөсү менен чектелген) жайгашкан турак жайлар | 1,0 |
2 | Шаардын алыскы бөлүгүндө жайгашкан турак жайлар | 0,9 |
4. Базалык акы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Нб = С х Р / (Т х 12) мында:
Нб - базалык акы;
С - турак жайдын базар наркына жалдоочулар үчүн акынын шайкештик коэффициенти;
Р - турак жайдын бир квадрат метри үчүн орточо базар баасы;
12 - жылдагы айлардын саны;
Т - имараттын (үйдүн) ченемдик кызмат өтөө мөөнөтү.
4-таблица
Көп батирлүү жана жеке менчик үйлөрдүн топтору | Пайдубалдардын, дубалдардын жана жабуулардын материалдары | Т (жыл) |
1-топ | Имараттар таштан, демейдеги; пайдубалдары - таштан; дубалдары -таштан (кыштан), ири блоктуу жана ири панелдүү; жабуулары - темир бетон же аралаш (жыгач жана темир бетон), ошондой эле металл устундарга коюлган ташчүмбөттөр | 125 |
2-топ | Имараттар таштан, жеңилдетилген; пайдубалдары - таштан жана бетондон; дубалдары - кыштан, шлакоблоктон, ракушечниктен жеңилдетилип коюлган; жабуулары жыгачтан, темир бетондон же металл устундарга коюлган таштан | 100 |
3-топ | Имараттар жыгачтан, чабылган жана кырлуу устундан, аралаш конструкцияда; пайдубалдары - тасма таштан, дубалдары - чабылган, кырлуу устундан жана аралаш (кыш жана жыгач), жабуулары - жыгачтан | 50 |
5. Тиешелүү калктуу пункттагы бир квадрат метр үчүн орточо базар баасы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана ал боюнча бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын маалыматы (баалар индекси) боюнча аныкталат.
6. Турак жайдын базар наркынын жалдоочулары үчүн дал келүү коэффициенти (С) турак жайлар муниципалдык турак жай фондунун турак жайын жалдоо келишимдери боюнча берилген турак жай фондун куруу жана реконструкциялоого турак жай ээси сарптаган чыгымдардын жалдоочулар төлөгөн бир үлүшү болуп саналат.
Муниципалдык турак жай фондунун кызматтык турак жайлары, ошондой эле жалдоо келишими боюнча берилчү атайын турак жай фондунун турак жайлары үчүн, жалдоочулар үчүн турак жайдын базар наркынын төлөмүнүн өлчөмүнүн туура келишинин коэффициентинин чоңдугу - 0,1ди түзөт.
Коммерциялык максатта жалдоо келишими боюнча берилген муниципалдык турак жай фондунун турак жайлары үчүн, жалдоочулар үчүн турак жайдын базар наркынын төлөмүнүн өлчөмүнүн туура келишинин коэффициентинин чоңдугу - 1ди түзөт.
7. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү (П) турак жайды колдонуу үчүн төлөмдүн өлчөмү бул формула менен аныкталат:
П = Н х S, мында:
Н - ээлеген турак жайдын жалпы аянтынын бир квадраттык метри үчүн акы;
S - ээлеген турак жайдын жалпы аянты.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |