Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 9/1
2017-жылы 479 гектар арпа өсүмдүгү айдалган дыйкандардын жер үлүшү аз болгондуктан жана малдын башы өсүп, тоюттун запасын даярдоо максатында 230 гектар арпа чөпкө чабылган. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын 26-сентябрь 2017-жылдагы актысынын негизинде 230 га арпа аянты 1 жылдык чөп аянтына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |
АКТ
26-сентябрь 2017-жыл | Орто-Нура айылы |
Биз төмөндө кол коюп акт түзүүчүлөр Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
Жер адиси К.Асанбеков, экономист-статистик А.Шамырканова, айыл башчылар: У.Мамыров, У.Абдраимакунов, А.Нурбаев, К.Молдогазиев, Т.Мамыров, М.Омурбеков болуп ушул актыны түздүк.
Себеби:2017-жылы айдалган эгин аянттарынан төмөндөгү аянттар чөпкө чабылгандыгы аныкталды.
Ак-Кыя 33 гектар
Чет-Нура 41 гектар
Орто-Нура 100 гектар
Ак-Булун 30 гектар
Ийри-Суу 19 гектар
Төш-Булак 7 гектар
Жалпы баары 230 гектар жер чөпкө чабылды.
Ушул 130 гектар арпа аянтын чөп аянтына которуп берүүнү Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кенешинен сурайбыз.
Акт түзүүчүлөр | К.Асанбеков |
| А.Шамырканова |
| У.Мамыров |
| У.Абдраимакунов
|
| А.Нурбаев
|
| К.Молдогазиев
|
| Т.Мамыров
|
| М.Өмүрбеков
|