Загрузка документа…
САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVI –чакырылышындагы кезексиз сессиясы
2016-жылдын 28-ноябры № 181
Айыл чарба жерлерине дайындалган жерлер боюнча адис И.И.Борозенцевдин “2013-2017-жж. Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун песрпективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, КР нын Өкмөтүнүн 18.11.2016-ж. № 599 “КР нын Өкмөтүнүн 22.06.2007-ж. № 243 “АЧЖМФ нун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жоболор” Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык Садовое айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ижара укугун берүү бөлүмүнө урук, асыл тукум, айыл чарба кооперативдерин чарбалары менен түз сүйлөшүүлөр аркылуу АЧЖМФнун төмөнкү контурларда жайгашкан жерлерине өзгөртүүлөр киргизилсин: №357 контурдагы – 31,5 га сугат аянтына.
2. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Садовое а-а айыл чарба жерлерине дайындалган жерлер боюнча адис И.И.Борозенцевге тапшырылсын .
Садовое айылдык кеңешинин төрайымы | Полтавцева Л.П |