ТоктомКүчүндө

Садовое айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-ноябрындагы № 181 «Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун песрпективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция28.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVI –чакырылышындагы кезексиз сессиясы

2016-жылдын 28-ноябры № 181

“Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун песрпективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

 

Айыл чарба жерлерине дайындалган жерлер боюнча адис И.И.Борозенцевдин “2013-2017-жж. Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун песрпективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, КР нын Өкмөтүнүн 18.11.2016-ж. № 599 “КР нын Өкмөтүнүн 22.06.2007-ж. № 243 “АЧЖМФ нун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жоболор” Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык Садовое айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Ижара укугун берүү бөлүмүнө урук, асыл тукум, айыл чарба кооперативдерин чарбалары менен түз сүйлөшүүлөр аркылуу АЧЖМФнун төмөнкү контурларда жайгашкан жерлерине өзгөртүүлөр киргизилсин: №357 контурдагы – 31,5 га сугат аянтына.

2. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Садовое а-а айыл чарба жерлерине дайындалган жерлер боюнча адис И.И.Борозенцевге тапшырылсын .

 

Садовое айылдык кеңешинин төрайымы

Полтавцева Л.П