Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 17-апрели № 8
Айылдык кеңешке келип түшкөн арыздар жөнүндө
(Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
2. (Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
3. (Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
(Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жакшылык, жамандыкта ыксыз чыгымдарды азайтуу үчүн, жамандык болгон жерде бейшемби, кыркты токтотуп, үйүндө чай даярдабай алыс жактан келген меймандар үчүн 3 үй алыста кошунасынын үйүндө даярдоо жагы белгиленсин.
5. Кызыл-Көл айылындагы китепкананы оңдоого каражат жоктугуна байланыштуу, китептерин айыл өкмөткө алып келип, ушул жерде отуруп иштесин.
6. Жүзүмжан айылынын тургуну Б.Жообазаровго “Чак түш” телеберүүсүнө катышып келүү үчүн 10000 сом жана айыл өкмөттүн имаратынын алдындагы карагайларды королоо үчүн каражат бөлүнүп берилсин.
7. Кез-Арт айылынын тургуну Бокоев Кенжегулга айыл өкмөттүн “Ардактуу атуулу” наамы берилсин. 8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
төрагасы | Т.Малабеков.
|