Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/8
“Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын арызын канааттандыруу жөнүндө”
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын 2017-жылдын
10-июлдагы № 5 сандуу арызын канааттандыруу, материалдык жардам берүү максатында Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин резервдик фондунан 15.000 ( он беш миң ) сом каражат кароого макулдук берилсин.
2.Каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |