Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 325 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-марты № 186
«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359, 2021-жылдын 20-январы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чөк араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шартын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын туруктуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана калк арасындагы ички миграцияны токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеси
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Баткен облусу:
а) Лейлек району:
- Жаңы-Жер айылдык аймагы: Центральное (Борбордук) айылы Жаштык участогу менен, Арка, Достук айылдары жана Ай-Көл участогу;
- Кулунду айылдык аймагы: Интернациональное, Коммунизм (Ак-Арык), Ленин (Раззаков), Максат айылдары жана Кайрагач, Майты, Сада участоктору;
- Исфана шаары: Мырза-Патча айылы;
- Бешкент айылдык аймагы: Эски-Оочу айылы;
- Сумбула айылдык аймагы: Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу.
б) Баткен району:
- Кыштут айылдык аймагы: Таян, Согмент, Чарбак жана Сай айылдары;
- Суу-Башы айылдык аймагы: Боз-Адыр, Кара-Токой, Бөжөй жана Апкан айылдары;
- Төрт-Күл айылдык аймагы: Ак-Өтөк, Зар-Таш, Чоңгара жана Чоң-Талаа айылдары;
- Кара-Бак айылдык аймагы: Достук, Дөбө жана Кара-Бак айылдары;
- Самаркандек айылдык аймагы: Самаркандек, Миң-Өрүк жана Паскы-Арык айылдары;
- Ак-Сай айылдык аймагы: Ак-Сай, Таштумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Миң-Булак жана Капчыгай айылдары;
- Ак-Татыр айылдык аймагы: Ак-Татыр айылы жана Говсувар (Орто-Боз) айылы Мазеиттин жери участогу менен.
в) Кадамжай району:
- Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;
- Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;
- Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;
- Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;
- Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;
- Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;
- Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары.
2. Жалал-Абад облусу:
а) Ала-Бука району:
- Көк-Серек айылдык аймагы: Теңги жана Кош-Болот айылдары;
- Биринчи Май айылдык аймагы: Совет-Сай айылы;
- Көк-Таш айылдык аймагы: Булак-Башы, Көк-Таш, Күлпөк-Сай жана Чоң-Сай айылдары.
б) Аксы району:
- Авлетим айылдык аймагы: Дерес-Сай айылы;
- Мавлянов (Кош-Дөбө) айылдык аймагы: Торук айылы жана Атана айылынын Бай-Кыштак участогу;
- Кербен шаары: Мамай, Жетиген (Кутчу), Ак-Дөбө айылдары;
- Кашка-Суу айылдык аймагы: Чарбак айылы.
в) Чаткал району:
- Чаткал айылдык аймагы: Ак-Таш айылы.
3. Ош облусу:
а) Кара-Суу району:
- Ак-Таш айылдык аймагы: Барак айылы.
4. Ысык-Көл облусу:
а) Ак-Суу району:
- Эңилчек айылдык аймагы: Эңилчек айылы;
б) Жети-Өгүз району:
- Ак-Шыйрак айылдык аймагы: Культцентр (Үч-Кошкон) жана Ак-Шыйрак айылдары.
в) Түп району:
- Сан-Таш айылдык аймагы: Каркыра айылы (№ 4 ферма).
5. Талас облусу:
а) Кара-Буура району:
- Маймак айылдык аймагы: Маймак айылы.
2-тиркеме
Долбоор
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык- экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа
Киришүү
Мурдагы Советтер Союзунун аймагында жаңы көз карандысыз мамлекеттердин пайда болушу жана жаңы чек аралык инфраструктуралардын өнүкпөгөндүгү чек аралык жана чек ара аймактарындагы проблемалардын жана коркунучтардын келип чыгышына түрткү берип жаткандыгына байланыштуу мамлекет чек ара региондорунун өнүктүрүүгө интенсивдүү түрдө таасир этүүгө милдеттүү.
Чек ара региондору социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча көпчүлүк учурда республиканын ички региондорунан артта калат, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек ара аймактарындагы проблемаларга өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын дайыма белгилейт.
Кыргыз Республикасы - Борбордук Азия мамлекети, аянты 199,4 миң кв. км. Негизги аймактык бирдиги - 7 облус, 40 район, 25 шаар, 440 айылдык аймак жана 19 посёлкалык башкаруу1*. Республиканын калкынын саны 5,55 миллион адамды түзөт.
Республика Кытай Эл Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы менен жалпы чек арага ээ. Республиканын аймагынын 90%ын тоолор ээлегендигине байланыштуу мамлекеттин чек арасынын көпчүлүк узундугу тоолуу жерлерден өтөт.
Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен болгон мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 4675,17 кмди түзөт.
2012-жылдын 1-январына карата:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жалпы узундугу 1378,44 кмди түзгөн чек аранын 1007,1 километри же 73,1 пайызы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан чийилип көрсөтүлгөн жана бекитилген. Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын позициялары 371,34 км узундуктагы мамлекеттик чек арадан өткөн линиялар боюнча кошумча тактоо жана макулдашууну талап кылган 55 участокто айырмаланып турат;
- Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы 970,8 кмди түзгөн мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 519,1 километри же 53,4 пайызы кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясы Тарабынан чийилип көрсөтүлгөн жана бекитилген, мындан тышкары топографиялык жумушчу топторунун деңгээлинде мамлекеттик чек аранын 46,65 км линиясы чийилген;
- Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы 1241,58 км узундуктагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо аяктады. Мамлекеттик чек араны 857,9 ‘кмде демаркациялоо жүргүзүлгөн.
- Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1084,35 км узундуктагы мамлекеттик чек арада мамлекеттик чек араны делимитациялоо линиялары жана демаркациялык иштер жүргүзүлгөн. Демаркациянын жыйынтыгы 2004-жылдын 21-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы биргелешкен Протокол менен бекитилген.
1. Проблемалардын мазмуну жана аны чечүү зарылдыгын негиздөө
Чек ара аймагындагы региондор бир кыйла минералдык сырьёго, түстүү жана асыл металлдарга, темир кенине, көмүргө, нефтиге, ошондой эле бай гидроэнергетикалык ресурстарга ээ.
Муну менен бирге, жаратылыш ресурстарына бай болуу менен чек ара аймагындагы айылдардын калкы төмөнкүдөй жагымсыз факторлорду баштан өткөрүшүүдө:
- татаал табигый-климаттык шарттар;
- аймактын начар өздөштүрүлгөндүгү;
- өлкөнүн өндүрүштүк борборлорунан ыраактыгы;
- аймактын көпчүлүк бөлүктөрүнө жетүүдөгү кыйынчылык;
- өнүккөн жол тармактарынын жоктугу;
- калктын агымы;
- чек ара аймагындагы экономикалык, демографиялык жана маданий-диний экспансиялардын коркунучу.
Өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндөгү чек ара аймактарындагы айылдардагы калктын коопсуздук, чарба жана жашоо шарттары региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө түзүлгөн айырмачылыктын күчүнө, чек ара проблемаларын чечүү абалына, республиканын түштүк облустарында чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин чечилбегендигине жараша дифференцияланат. Республиканын борборунан ыраактык, начар абал, айрым учурларда жолдордун жана башка инженердик коммуникациянын жоктугу, социалдык маселелердин чечилбегендиги, калктын иш менен камсыздалбагандыгы, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелериндеги кадрлардын комплекттештирилбегендиги республиканын чек ара аймагындагы айылдардын калкы үчүн актуалдуу маселелерден болуп эсептелет. Мунун жыйынтыгында ал жактагы калктын агымы күчөөдө.
Чек ара аймагындагы райондордун калкы үчүн жеңилдетилген ставкадагы кредит берүү системасы каралууда. Коммерциялык банктардын жана кредиттик союздардын кредит берүүдөгү ставкасы жылына 24-27 % ды түзөт.
Калктуу конуштардын көпчүлүгүндө таза суунун жетишпегендиги, кээде такыр болбогондугу, сугат жерлерин сугаруунун кыйынчылыгы «Таза суу» суу менен жабдуу долбоорун жана ири жасалма сугаруу системаларынын курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча иш- чараларды Программага киргизүүгө шарт түздү.
Тажикстандан жана Өзбекстандан электр энергиясы менен жабдылуучу өлкөнүн түштүгүндөгү жана Барак анклавындагы айрым чек ара аймактарындагы ишканаларды, насостук станцияларды жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо проблемасы дагы мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылат.
Чек ара аймактарындагы айылдардын экономикалык өнүгүүсүндөгү жалпы жетишсиздик айыл чарбасынын сырьёлук багытта болушу эсептелет.
Жумушсуздуктун жогорку деңгээли айылдагы калктын жыштыгы жана үлүштүк жер аянттарынын аздыгына байланыштуу, бул эмгекке жарактуу калктын шаарга же жакынкы чет өлкөлөргө кетүүсүнө алып келүүдө. Буга байланыштуу коомдук ишке тартылган жумушсуз жарандарга төлөнүүчү эмгек акынын чектүү суммасын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
Жумушсуз жарандардын жеке ишин ачуусу үчүн кредит берүүдө чоң натыйжага жетишүү үчүн кредит берүүнү 50 миң сомго чейин көбөйтүүнү камсыздоо керек.
Мамлекеттик чек араны делимитациялоодогу жана демаркациялоодогу чечилбеген маселелер өлкөнүн бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоого байланышкан көптөгөн проблемаларга өбөлгө түзөт, региондогу саясий туруктуулуктун көптөгөн проблемаларынын негизинде жатат, жер жана суу маселелери, чек ара аймагындагы этностордун кызыкчылыктары боюнча чек ара чыр-чатактарын жаратат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоордук институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Тажикстан, Өзбекстан республикалары менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча талаа жана камералык жер жайгаштыруу жумуштары жүргүзүлгөн. Талаа изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун Лейлек районунун Овчу Калача, Максат участокторунда Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жер участокторун өз алдынча ээлеп алгандыгы аныкталган.
Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын «Арка» насостук станциясынын айланасындагы 15 га жерди өз алдынча өздөштүрүп алышкан.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылдык аймагынын Кара-Белес участогунда Өзбекстан Республикасынын жарандары курулуш материалдар карьерин ачышкан жана аны эксплуатациялоону башташкан.
«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аткаруу бийлик органдарынын алдына чек ара аймактарында жашоону камсыздоо үчүн негизги мааниге ээ болгон конкреттүү милдеттер коюлган.
Бирок Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы чарбалык проблемаларды чечүүнүн жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун айрым маселелеринин ичинде жалпы мамлекеттик мүнөздөгү маселелер бир кыйла орунду ээлейт. Атап айтканда, миграция, салык, бажы, кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле чектеш мамлекеттер менен түрдүү багыттар боюнча эл аралык кызматташтыктын укуктун базасын өнүктүрүү, анын ичинде транспорт системасын өркүндөтүү жана кошумча транспорт коридорлорун түзүү, жаратылышты пайдалануу проблемасын жөнгө салуу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жаатында.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жалпы проблемаларын чек ара аймагындагы субъекттер менен бирдикте иштеп чыгуу максатка ылайык келет, анткени алар чек ара аймактарында көп эле болот. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна негизги коркунуч дал ушул чек ара аймактарында пайда болууда, алар:
- аймакты талашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны эл аралык-укуктук тариздөөнүн аягына чыкпагандагы;
- улутчулуктун, этностук жана региондук сепаратизмдин, диний мүнөздөгү карама-каршылыктардын пайда болуусу;
- экономикалык жана демографиялык экспансиянын жайылышы;
- Кыргыз Республикасынын улуттук байлыктарынын уурдалышы, контрабандалык иштердин активдешүүсү;
- капитал жана стратегиялык маанилүү сырьёлук ресурстардын жана товарлардын массалык түрдө чыгарылышы;
- калктын турмуш деңгээлинин төмөндөөсүнөн, этностук чыр-чатактардан жана аргасыз миграциялык процесстерден келип чыккан абалдын туруксуздугу;
- транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук жана терроризм;
- мамлекеттик чек аранын жанындагы региондук куралдуу чыр-чатактар;
- курал жана башка куралдуу күрөш каражаттарынын таралышы жана топтолушу;
- транс чек аралык өтүүдөгү авариялар, катастрофалар жана табигый кырсыктар.
Экинчи жагынан көптөгөн жергиликтүү проблемаларды чечүүнүн маанилүү каражаты катары чек ара аймагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин бөлүп көрсөтүү зарыл. Бул маселени чечүү үчүн адегенде жакынкы убакка жана келечекке чек ара аймактарын жана чек аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны түзүү зарыл.
Бул маселелери чечүүдө олуттуу проблемалардын болушу Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек ара жанындагы калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча 2016-жылга чейин мамлекеттик программаны (мындан ары - Программа) кабыл алуу зарылдыгына алып келди.
2. Программанын максаты жана ишке ашыруу милдеттери
Программанын максаты: Кыргыз Республикасынын геостратегиялык кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыздоону эсепке алуу менен өзгөчө статусу бар чек ара жанындагы калктуу конуштарды туруктуу өнүктүрүү үчүн экономикалык шарттарды түзүү.
Өзгөчө статусу бар чек ара жанындагы калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн программанын милдеттери:
- зарыл инфраструктураны жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
- эл аралык жана чек аралык кызматташтык долбоорлорун стимулдоо;
- чек аралык аймактарынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, зарыл социалдык ченемдерге жетишүү;
- чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
3. Чек ара аймактары үчүн жалпы иш-чаралар
Программанын өзгөчө статусу бар чек ара жанындагы калктуу конуштарга калкты кармап калуу үчүн негизги иш-чараларынын тизмеси:
- өнүктүрүү:
социалдык инфраструктураны;
айыл чарбасын;
кайра иштетүүчү өнөр жайын;
кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүн;
чек аралык өткөөлдөр системасын кошкондо транспорт тармактарын жана автотранспорт коридорлор системасын жана транспорттук каттоону камсыздоону;
Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында жана башка чек ара жанындагы айылдарда технологиялык иштетүүнү жана бажылык жол-жоболорду камсыз кылуучу эл аралык чек ара өткөөлдөрдү жана терминалдык чарбаларды;
- жаш адистер (билим берүү, саламаттык сактоо ж.б.) үчүн социалдык турак-жай куруу жана аларды кармап калуу боюнча чараларды иштеп чыгууну;
- чек ара аймактарындагы калктуу конуштарда ирригациялык курулмаларды куруу жана ондоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
- кеңейтүү:
тышкы экономикалык кызматташтыкты;
чек ара аймагындагы сооданы;
- ишканалар ортосундагы кооперативдик байланышты түзүү жана чек ара аймагындагы сооданы колдоо.
Чек ара аймагындагы кызматташуу чек ара аймактарынын комплекстүү өз ара аракеттенүүсү катары (экономикалык, экологиялык, гуманитардык, технологиялык, маданий) төмөнкү багыттарда уюштуруу жана өз ара аракеттенүүнү стимулдоо боюнча Кыргыз Республикасынын субъекттери менен чектеш өлкөлөрдүн ортосунда макулдашылган система менен камсыздалышы керек:
- жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо;
- эл аралык туризмди өнүктүрүү;
- билим берүү, илим жана маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык;
- төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташуу:
жаратылыш ресурстарын, анын ичинде айыл чарба жерлерин пайдалануу;
транс чек аралык табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү.
2012 - 2016-жылдарда чек ара аймагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиясы Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара региондору менен активдүү кызматташууну өнүктүрүүнү жана тереңдетүүнү карайт. Мында, кызматташуу стратегиясы төмөнкүлөргө багытталуусу зарыл:
- өндүрүштүк-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү;
- өлкөнүн региондорунда Кыргыз Республикасынын стратегиялык максаттары менен кызматташуу багыттарын бекем байланыштыруу;
- чек ара аймагындагы кызматташуунун инновациялык маанисин күчөтүү.
Чектеш өлкөлөр менен чек арадан өтүү тартиптери жөнүндө маселелер эки тараптуу чечилүүсү зарыл.
Төмөнкү маселелер кийинкиге калтырылбастан чечүүнү талап кылат: чек ара аймактарындагы айылдардын тургундары үчүн жеңилдетилген кредит берүү жана эмгек стажы эмгек акыны эсептөө үчүн жогорулатылган коэффициенттерди колдонуу;
- төмөнкүлөрдү 50 пайызга кыскартуу:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер салыгынын өлчөмүн;
төлөмдөрдү:
коммуналдык кызматтарга;
электрди пайдаланууга;
ирригацияны колдонуу менен сугат үчүн пайдаланылган сууга;
- чек ара аймактарына чет өлкөлүк жарандардын келүү режимин катуулатуу (күчөтүү);
чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга жер участокторун, турак үйлөрдү жана менчигинин түрүнө карабастан башка обьекттерди сатууга тыюу салууну киргизүү.
Калкты ишке орноштурууну камсыз кылуу төмөнкүлөрдү камтыган чаралар комплекси түрүндө болот:
- эмгек рыногундагы абалга дайыма талдоо жүргүзүү;
- жергиликтүү эмгек рыногундагы абалды эске алуу менен иштегендерди жана жумушсуздарды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү;
- эмгек рыногундагы калктын азыраак атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ тобун (жаштарды, жалгыз бой жана көп балалуу ата-энелерди, пенсияга чыгуу алдындагы адамдарды, майыптарды, аргасыз көчүп келгендерди ж.б.) колдоо;
- чакан жана орто ишкердикке көмөк көрсөтүү;
- кадрларды окутуу боюнча региондук маалымат пункттарын жана борборлорду түзүү.
Чек ара аймактарындагы айылдарга калкты кармап калуу стратегиясы бул региондордо жашаган жергиликтүү калкты кармап калуунун экономикалык максаттуулугунан келип чыгуусу керек. Калкты кармап калуу боюнча чаралардын комплекси өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
- калк үчүн турак жай курулушуна жеңилдетилген кредит берүү системасын түзүүнү;
- эскирген жана авариялык үйлөрдө жашагандарды көчүрүү жолу менен калктын турак жай шарттарын жакшыртууну;
- чакан бизнесте жумуш орундарын уюштурган адамдарга жана чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө иштеген башка категориядагы жарандарга жеңилдетилген ссудаларды жана кредиттерди берүү;
- запаска бошотулган аскер кызматчылары менен иштөөнү өркүндөтүү;
- Кыргызстандын чек ара аймактарындагы айылдардын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү;
- саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү.
Калктын медициналык жардамга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн бул аймактарда медициналык мекемелерди куруу, реконструкциялоо жана кайра жабдуу зарыл.
Объекттерди колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу:
- билим берүү, анын материалдык-техникалык базасын бекемдөө, өсүп келе жаткан муунга билим берүүнүн заманбап деңгээлге жетишүүсү, окуу процессин методикалык жана уюштуруучулук жактан жакшыртуу;
- маданиятты, топтолгон маданий потенциалды сактоо жана өнүктүрүү, элдик чыгармачылыктын бардык түрлөрүн колдоо, маданий мекемелердеги материалдык базаны чыңдоо.
4. Программанын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрү
Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун маанилүү өбөлгөлөрү болуп мамлекеттер аралык чек араны адилет белгилөө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы калктын жашоо-турмушунун социалдык-экономикалык жана рухий негиздерин чыңдоо болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү институттук түзүлүү стадиясында экендигин эске алып, Программаны ишке ашыруу үчүн иш-чараларды иштеп чыгууну бир нече этаптарда кароо зарыл. Биринчи этапта Программанын максаты чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү болуш керек.
Программаны ишке ашыруу мөөнөттөрү: 2012-2016-жылдар.
Республиканын мамлекеттик чек арасында түзүлгөн абалдын маанилүүлүгүн эске алуу менен Программаны ишке ашыруу боюнча иш- чаралар этабы менен ишке ашырылат:
- I этап (2012 - 2014-жылдар) - Баткен облусунун чек ара аймактарындагы айылдар боюнча иш-чаралар;
- II этап (2014 - 2015-жылдар) - Жалал-Абад жана Ош облустарынын чек ара аймактарындагы айылдар боюнча иш-чаралар;
- III этап (2015 - 2016-жылдар) - республиканын калган региондорунун чек ара аймактарындагы айылдар боюнча иш-чаралар.