Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/13
“А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан каттап окуган мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алуу жөнүндө”
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” 4-чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-декабрындагы 32-сессиясынын № 32 токтомунун негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыскы айылдардан, калктуу конуштардан каттап окуган мектеп окуучуларына кышкы мезгилде ыңгайлуу шарт түзүү максатында кичи автбус сатып алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |