Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-декабры № 32
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле «Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу (№1 тиркеме) жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси (№2 тиркеме) бекитилсин.
2. Аталган токтом тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүно милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Төрага | С. Кабылов |
|
|
Көк-Таш айылдык Кеңешинин
21-декабрь 2015-жылкы
№32 токтомуна №1 тиркеме
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жөнүндө бул жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн «Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекиген Муниципалдык кызматтардын рестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана ал Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү тартибин жана шарттарын аныктайт, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыз кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кеңешинин (айылдык кеңештин) компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитет;
2) Муниципалдык кызматтардынстандарттарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламентти бекитет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Арыздарды, сурамдарды (суроо-талаптарды), протоколдорду жана башка документтерди кабыл алуу, аларды жалпылоо аркылуу кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды түзөт;
2) Кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошууну демилгелейт;
3) Ушул Жобо менен каралган тартипке ылайык, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында бир нече административдик-аймактык бирдикте көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды өз аймагына киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
4) Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды кароо комиссиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алат;
5) Комиссиянын ишмердигин уюштурууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтөт;
6) Жергиликтүү коомчулуктун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн иш-чараларды (фокус-топторду) өткөрөт;
7) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна жөнөтөт же комиссиянын корутунду бүтүмүнүн негизинде кошумча кызматтын демилгечилерине (арыз берүүчүлөргө) негизделген баш тартууну берет;
8) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү боюнча ушул Жобо жана Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо менен каралган документтердин пакетин даярдайт;
9) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине акылуу кызматтарды кошкондо, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашат;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөт) төмөнкү демилгелердин негизинде кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды калыптандырат:
· чогулуштардагы (курултайлардагы) жарандардын кайрылуулары (арыздары, протоколдор);
· муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин кайрылуулары (арыздары);
· калктын аяр катматларынын кызыкчылыгында иш жүргүзгөн уюмдардын кайрылуулары (арыздары);
· жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кайрылуулары (арыздары, отурумдардын протоколдору);
· Айыл өкмөт башчысынын жана кызматкерлеринин, айыл башчыларынын сунуштарынын негизинде ЖӨБ органынын өзүнүн демилгелери.
Муниципалдык муктаждыктарды (керектөөлөрдү) аныктоо жана түрдүү социалдык топтордун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу жана катышуусун камсыз кылуу максатындакызматтардын жергиликтүү реестрин түзүү процессинде ЖӨБ органдары (айыл өкмөттөр) фокус-топторду өткөрүшөт.
Фокус-топторөкүлдөрдүн/кызматтарды керектөөчүлөрдүн, калктын социалдык жактан аяр катмарларынын (аялдар, жаштар,ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, карылар ж.б.) көпчүлүгүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Фокус-топторбул баскычта жарандардын сурамдарын (суроо-талаптарын) көрсөтүүнүн бир формасы болуп саналат, алардын жыйынтыктары боюнча кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү үчүн кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлөт.
Кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлгөндөн кийин ЖӨБ органы (айыл өкмөт) аны айыл өкмөт түзгөн Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү боюнча комиссиянын (мындан ары текст боюнча – Жумушчу комиссия) кароосуна берет.
Жумушчу комиссиякөз карандысыз эксперттердин/адистердин катышуусунда кызматтардын алгачкы тизмесинин төмөнкүлөргө туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрөт:
1. КР мыйзамдарында аныкталган «муниципалдык кызматтар» түшүнүгүнүн критерийлерине.
2. КР мыйзамдарында каралган «Муниципалдык кызматтардын» акылуулук/акысыздык критерийлерине.
3. Калктын социалдык аяр катмарларын эсепке алуу критерийлерине туура келүүсү.
Бул критерийди сактоонун шарты болуп төмөндө көрсөтүлгөн тастыктоочу документтердин биринин болушу эсептелет, тактап айтсак:
1) Калктын социалдык аяр катмарларынын арасында өткөрүлгөн фокус-топтордун жыйынтыктары (фокус-топтун протоколу).
2) Муниципалдык кызматты калктын социалдык аяр катмарларынан алуу зарылдыгы тууралуу сурамдын болушу (бул сурамдар түшкөн курултайлардын, жарандардын чогулуштарынынпротоколдору).
3) Муниципалдык кызматтарды алуу зарылчылыгы жөнүндө калктын социалдык аяр катмарларынын/алардын өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылууларынын болушу.
Кызматтардын алгачкы тизмесине жасалган экспертизанын негизинде Жумушчу комиссия Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун(1-тиркеме.)түзөт жана аны Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн айылөкмөткө сунуштайт. Комиссиянын сунушу сунуш берүү мүнөзүндө болот жана бул сунуштарга Жумушчу комиссиянын отурумунун протоколу толтурулат.
Айыл өкмөтЖумушчу комиссиянын сунуштарын карап, анын жыйынтыгы боюнча калктын муктаждыктарын жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, бул муниципалдык кызматты Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошуу тууралуу чечим кабыл алат же себебин көрсөтүү менен бул кызматты кошумча тизмеге кошуудан баш тартат.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына, сайтка (эгерде бар болсо), ЖӨБ органынын маалымат такталарына жана коомдук жайларга (социалдык мекемелер, дүкөндөр, базарлар ж.б.) жайгаштыруу аркылуу калкка маалымдалат.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошулган муниципалдык кызмат үчүн акы алынса, айыл өкмөт бул акылуу кызматты Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), Ведомстволор аралык комиссия (ВАК)жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү(аталган органдардан алынган корутунду бүтүмдөр да документтердин негизги пакетине тиркелип, жергиликтүү кеңешке берилет).
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат жана анын чечими менен бекитилет.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна төмөнкү документтерди тиркөө менен айыл өкмөт жөнөтөт:
- арыз же жарандардын чогулушунун (жыйындардын) протоколу;
- муниципалдык кызматтарды алууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо менен, бул кошумча муниципалдык кызматтын зарылдыгы тууралуу маалымкат-негиздеме;
- муниципалдык кызматты акысыз негизде көрсөтүү үчүн керектүү жалпы бюджеттик чыгымдар;
- монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, муниципалдык кызматтын баасынын эсеби берилүү менен, муниципалдык кызматты керектөөчүлөргө акы алуу менен көрсөтүүнү негиздөө;
- жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун кароо жана бекитүү баскычында ЖӨБ органдары (айылдык кеңеш, айыл өкмөт) Кошумча тизмеге бул топторго тиешеси бар кызматтарды кошууда калктын ошол ар түрдүү социалдык топторунун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын, милдеттүү түрдө катышуусу үчүн чараларды көрөт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү мыйзамдарда каралган бардык эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен, бул кошумча тизме түзүлүп жаткандагы тартипте ишке ашат.
Муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорун КР Өкмөтү бекиткен Типтүү стандарттын жана административдик регламенттин негизинде айыл өкмөт иштеп чыгат. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жергиликтүү кеңеш бекиткенден кийин30 күндөн кечиктирбестен, айыл өкмөт Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу жана регламенттөө боюнча ишти уюштурат жана жетектейт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорлорунЖӨБдүн аткаруучу органы (айыл өкмөт) тиешелүү жергиликтү кеңештин бекитүүсүнө жөнөтөт, ал аларды мыйзамдарда аныкталган тартипте карайт жана бекитет.
Эгерде кызматтарга карата сурамдарын берүүдө жана кароодо бул кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине себебин жана баш тартуунун негизин көрсөтпөстөн кошпогондуктан, жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептешсе, алар айыл өкмөттүн, кызмат адамынын, муниципалдык кызматкердин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата арыз менен тиешелүү айылдык кеңешке түз кайрылууга укуктуу.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдө укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептеген жарандын жана/же юридикалык жактын жазуу түрүндөгү арызын (сурамдарды кабыл алуудан баш тартуу, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча негизделбеген баш тартуу ж.б.) алгандан кийин айылдык кеңешбардык кызыкдар тараптардын өз ара макулдашуусу аркылуу талаш-тартышты чечүүгө карата чараларды көрөт.
Талаштуу маселелерди айылдыккеңеш сөзсүз түрдө талашып жаткан тараптарды, алардын өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды катыштыруу менен карайт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кабыл алуу/бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин чечими менен макул болбогон учурда, жарандар жана/же юридикалык жактар мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү сотко кайрылууга укуктуу.
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | У.Токтошов |
Көк-Таш айылдык Кеңешинин
“21” декабрь 2015-жылкы
№32 токтомуна № 2 тиркеме
№ | Муниципалдык кызматтын аталышы | Кызматты стандарттоо үчүн жоопкерчиликтүү органдын аталышы | Муниципалдык кызматты аткаруучу тарап/органы | Кызматтын көрсөтүлүүчү шарттары (акылуу же акысыз) |
1 | Булак-Башы, Кулпек-Сай, Чон-Сай , Орто-Суу, Жалгыз-Орук айылдарынын мектеп окуучуларын мектепке жана мектеп алындагы жатак интернатка келип кетуусу боюнча коомдук транспорт уюштуруу | Айыл Өкмөтү | Аутсорсинг | Акысыз |
2 | Жакыр үй-бүлө майыптуулугу бар атуулдарга жылына бир жолу Ала-Бука районуна (МСЭК) медициналык коммиссиядан өтүп келүүгө жол кире чыгымын төлөп берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
3 | Жакыр үй-бүлө, майыптуулугу бар атуулдарга квартал сайын акчалай жардам көрсөтүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
4 | Майыптык коляскага муктаж болгон майыптарды коляска менен камсыз кылуу | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү |
|
5 | Кароосуз жалгыз бой үй-бүлөлөрдү жылына бир жолу көмүр менен камсыздоо | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
6 | СССР мезгилиндеги 10 баладан ашык төрөгөн баатыр энелерге, Афган, Чернобыл, Баткен коогаланынын ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
7 | Жарым жана тоголок жетим балдарга жылына бир жолу кышкы жана жайкы кийим менен камсыздоо | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
8 | Айылдык аймакта жашап эмгектенип, эмгеги синген атуулдар дүйнөдөн кайткан мезгилде анын жакындарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
9 | Мектепте үлгүлүү жакшы окуган жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына Ала-Бука айылына АКСЕЛСке барып катышып келүү учун жол кире чыгымын төлөп берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
10 | Мектепте жакшы билим алып, АКСЕЛСте жогорку бал алууга жетишкен жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын жогорку окуу жайга контракттык негизде окутуу жана жылына 2 студенттин контрактын төлөп берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
11 | /й-бүлө курамы боюнча аныктама берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
12 | Жашагандыгы тууралуу аныктама берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
13 | Үлүш жери бар же жок боюнча аныктама берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
14 | Мал чарбасы боюнча аныктама берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
15 | Жеке ишкер эмес деген жөнүндө аныктама берүү | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
16 | Жакыр үй-бүлө экендиги анык жөнүндө аныктама берүү. | Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
17 | Алыскы жана барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конушта жашагандыгы анык тууралуу аныктама берүү
| Айыл Өкмөтү | Айыл Өкмөтү | Акысыз |
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | У.Токтошов |