Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 118
«Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Ш.А.Мадаминовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15,16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 7 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Ш.А.Мадаминовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Кадырбаев А.Т.) Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын иш аракетине көзөмөлдү күчөтүү тапшырылсын.
3. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына (Мадаминов Ш.А.):
-Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын суу түтүктөрүнүн курулушун долбоордун негизинде жүргүзүлүшүн камсыздоо;
-башкармалыктын титулдук баракчасын приоритеттүү иштерди аткарууну эске алуу менен кайра карап чыгуу;
-курулуштардын курулуш жана санитардык нормаларга ылайык сапаттуу жүргүзүлүүсүн камсыздоо тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |