Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 122
«Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө”
(Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 17-майындагы отурумунун №12, 2018-жылдын 23-майындагы отурумунун №14 жана 2018-жылдын 19-июнундагы №16 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына компенсация түрүндө берилген 41 000,0 (кырк бир миллион) миң сом акча каражаты Ош шаарынын 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кабыл алынсын.
2.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын жана Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
3.Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер дүйнөлүк уюмунун Евразиялык регионалдык бөлүмү» эл аралык ассоциациясына 2018-жылга мүчөлүк акысын төлөө үчүн 67 376 (алтымыш жети миң үч жүз жетимиш алты) сом акча каражатын таап, каржылоо жагы сунушталсын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
төрага | Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 20- июнундагы кезектеги XIII сессиясынын
№122 токтомуна тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 17-майындагы отурумунун №12 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын эсебинен 18 820,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу, анын ичинен:
-500,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгынын атайын техникаларын тейлөө үчүн;
-1000,0 миң сом акча каражаты учурдагы жол тейлөө иштери үчүн;
-2 000,0 миң сом акча каражаты шаардын көчөлөрүнүн жолдорунун чуңкурларын жамоо иштерине;
-9 000,0 миң сом акча каражаты шаардагы жолдордун капиталдык курулуштарына;
-2 500,0 миң сом акча каражаты Мамажан көчөсүн асфальтоо үчүн;
-3 820,0 миң сом акча каражаты Чекиров (Соколок) көчөсүн асфальтоо иштери үчүн;
-19 570,5 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу шаардагы курулуш иштерине.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-23,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында депутат айымдарды 8-март эл аралык аялдардын күнүнө карата сыйлоо үчүн;
-50,0 миң сом жаш спортчу Азия чемпионатында биринчи орунга ээ болгон А. Махмудовго стимулдаштыруу максатында материалдык жактан жардам берүү үчүн;
-76,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин чоң жыйындар залындагы маалыматтык-укуктук «Токтом» программасын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана залга интернет кабелин тартуу жана аларды жыл ичинде тейлөө үчүн;
-600,0 миң сом Ош шаарындагы №4 С.Киров мектебинин ремонт иштерине;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Чкалов көчөсүнүн тургуну К.Көчкөнованын Бишкек шаарында даарылануусуна материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом Ош шаарынын тургуну З.Алиеванын даарылануусуна материалдык жактан жардам берүү үчүн;
-10,0 миң сом Ош шаарынын Петров көчөсүнүн №53 үйүнүн №58 батиринин тургуну Н.Момунованын даарылануусуна материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом Ош шаарынын тургуну, журналист, «Биз жашоодо биргебиз» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси А.Жээнкуловго материалдык жардам иретинде
-10,0 миң сом Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №3 үйүнүн №10 батиринин тургуну, I топтогу майып К.Кулановага дарылануу үчүн;
-10,0 миң сом Жапалак айылынын Төлөнбаев көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Р.Кенжемуратовго оорусуна байланыштуу даарылануу үчүн;
-80,0 миң сом Ош шаарындагы Туран кичи районундагы өрттөн жабыр тарткан 4 үй ээсине 20,0 миң сомдон материалдык жардам иретинде: Фурманов көчөсүнүн №67 үйүнүн ээси Р.Тургуновага, №65 үйүнүн ээси Э.Захидовго, Пичугин көчөсүндөгү №20 үйдүн ээси Т.Шарабидиновго жана Куйбышев көчөсүндөгү №2 үйдүн ээси Ш.Маматхановго;
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 23-майындагы отурумунун №14 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын эсебинен 2 609,5 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу, анын ичинен:
-2 180,0 миң сом акча каражаты Тилеке-Баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөнүн көргөзмө аянтчасы менен курулушунун кошумча иштери үчүн;
-429,5 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу Ош шаарындагы № 12 көмөкчү мектебинин терезелеринин алмаштыруу үчүн.
(Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-июнундагы отурумунун №16 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-250,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы № 38 Б.Алыкулов атындагы мектеп гимназиясынын актовый залына 250 даана жумшак орундук алуу үчүн.
Аппарат жетекчиси | С.Маматалиева |