Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 26-декабры № 152
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы отурумунун № 26, 2018-жылдын 13-декабрындагы отурумунун № 30 жана 2018-жылдын 17-декабрындагы отурумунун № 32 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына компенсация түрүндө берилген 35 000,0 (отуз беш миллион) миң сом акча каражаты Ош шаарынын 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кабыл алынсын.
2. Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калдыгынын жана Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
3. Ош шаарынын мэриясына төмөнкү маселелердин каржы булагын таап, каржылоо жагы милдеттендирилсин:
- 350,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Мамажан көчөсүнө таза суу тартууга;
- 3200,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Юбилейный көчөсүнө канализация тартуу маселесине;
- 930,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Кулматов көчөсүнө таза суу тартууга;
4. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы кезектеги XIII сессиясынын № 122-токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизилип, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын № 14 токтомуна ылайык бөлүнүп жаткан акча каражатынын тизмесинин 2-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
- 429,5 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебинин терезелерин алмаштыруу үчүн.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
2018-жылдын 26-декабрындагы кезектеги
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы отурумунун №26 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1. Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине компенсация түрүндө берилген
30 000,0 миң сом акча каражатынын эсебинен:
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу:
-4 000,0 миң сом акча каражатын Т.Сатылганов атындагы парктын тепкичтерин, жогорку жактагы тосмону оңдоого жана брусчатка басууга;
-5 730,3 миң сом акча каражатын Гагарин атындагы бала бакчанын ашканасын, бесеткаларын, ирригация системасын оңдоого жана айланасын тосууга;
-4 507,5 миң сом акча каражатын Ленин көчөсү менен Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишинен Ак-Буура дарыясына ташкынды сууларды чыгаруу түйүнүн курулушуна.
Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу:
-1 000,0 миң сом акча каражаты атайын техникаларды тейлөөгө;
-1 000,0 миң сом акча каражаты жолдорду кыш мезгилине даярдоого;
-2 000,0 миң сом ача каражаты шаардын көчөлөрүнүн чуңкурларын жамоо иштерине;
-600,0 миң сом акча каражаты жол белгилерин техникалык тейлөө, оңдоо жана орнотуу иштерине;
-5 000,0 миң сом акча каражаты А.Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүүгө.
«Ошсвет» муниципалдык ишканасы аркылуу:
-1 265,0 миң сом сом акча каражаты И.Раззаков көчөсүн жарыктандырууга (темир жол өтмөгүнөн тартып Нариман көчөсүнө чейинки аралык);
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу:
-242, 9 миң сом акча каражаты Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысына класстык чендери үчүн төлөм;
-1 500,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоого;
-1 500,0 миң сом Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына Ак-Буура жана Мады тектоникалык жаракаларынын таасиринин аймагын изилдөө иштерине;
-912 951 сом акча каражаты Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына Ош шаарынын тарыхый борборунун архитектуралык-пландаштыруусунун өнүгүүсүнүн концепсиясын иштеп чыгуу үчүн.
Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы аркылуу:
-87 200 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштеген жылдары үчүн төлөмдөргө.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аркылуу:
-654 149 сом акча каражаты Ош шаарындагы №21 А.С.Пушкин атындагы мектеп гимназиясынын жылуулук системасын оңдоого.
2. Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын 2018-жылга кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен:
-281 100 сом акча каражаты Ош шаарында С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү үчүн.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-100,0 миң сом акча каражаты «Смайл Кейджи» коомдук фондуна мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга окуу куралдарын сатып алууга;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Анар кичи районунун жашоочусу I топтогу майып, Т.Адыровдун дарылануусуна материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн №19 үйүнүн тургуну Г.Намазбековага материалдык жактан жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын 1-Май көчөсүнүн №91 үйүнүн тургуну М.Юсуповага дарыланууга материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылынын А.Ташкулов көчөсүнүн жашоочусу И.Токтосуновго дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын И. Раззаков көчөсүнүн №18а көп кабаттуу үйүнүн №29 батиринин тургуну Д.Көчкөновага материалдык жактан жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Урицкая көчөсүнүн №6 көп кабаттуу үйүнүн №43 батиринин тургуну Т.Кадырованын боорун алмаштыруу үчүн Индия мамлекетине барып келүү жол киреси үчүн;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын №30 А.Алиев атындагы орто мектебине эки даана компьютер сатып алууга;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Амир–Темур аймактык кеңешинин №136 көчөсүнө шагыл төгүү үчүн.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 13-декабрындагы отурумунун №30 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-200,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын ар түрдүү иш чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө.
2.Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын 2018-жылга кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен:
-290,0 миң сом акча каражатын шаардагы аярлуу катмардагы калктын балдары жана алдыңкы мектеп окуучулары үчүн балаты майрамын уюштурууга;
-114 900 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысынын жетпей калган бөлүгүн кошумча төлөөгө;
-300,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында 2018-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрлеринин жолугушуусун уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралар үчүн;
-98,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №78 «Ширинтай Ош» балдар бакчасынын кире беришин пластик айнек менен тосуу үчүн.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Алымбеков көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну Ф.Раимжанованын күйөөсү С.Салаховдун дарылануусуна материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Мичурин көчөсүнүн №43А тургуну Ф.Каширинанын уулу С.Абдухаликовдун дарылануусуна материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Жамбыл көчөсүнүн №12 үйүнүн №6 батиринин тургуну И.Асанованын дарылануусуна материалдык жардам иретинде.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 17-декабрындагы отурумунун №32 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1. Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине компенсация түрүндө берилген
5000,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу Ош шаарындагы Мамажан, Эсенжанов көчөлөрүн, Тээке тар көчөсүн, Жусубалиев көчөсүнүн уландысын жана Жоробеков көчөсүн реконструкциялоого.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-35,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы “Алтын уя” үй-бүлөөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын жаңы жылдык белектери үчүн;
-35,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы “Боорукердик” үй интернатынын тарбиялануучуларынын жаңы жылдык белектери үчүн.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева