Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 146 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 123
«Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясы сунуштаган Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин” 24-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары» жөнүндөгү мыйзамынын 4 жана 5-беренелеринин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 17-майындагы №10 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын №229 «Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону» бекитүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы кезектеги XIII сессиясынын №123 токтомуна тиркеме
"Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө " ЖОБО
I Бө лү м.
Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана каржылоо тартибин аныктайт.
1.2. Резервдик фондкү түлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик Кодексинин” 24-беренесине ылайык тү зү лө т.
1.3. Резервдик фонддун каражаттары учурдагы бюджеттик жылга карата Ош шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган, күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленет.
II Бөлүм.
Резервдик фондду түзүүнүн тартиби
2.1. Резервдик фонд учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин курамында жергиликтүү бюджетке ө здү к кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
2.2. Резервдик фонддун ө лчө мү Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине” ылайык Ош шаарынын бюджетинин чыгашаларынын көлөмүнүн 1 пайызынан (атайын каражаттардын суммаларын эсепке албаганда) ашык эмес суммада Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
III Бөлүм.
Резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары
3.1. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим Ош шаарынын мэриясы тарабынан ушул Жобого ылайык кабыл алынат.
3.2. Резервдик фонддун каржаттары төмөндөгүлөрдү камтыган иш-чараларга пайдаланылат:
-мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык-маданий, административдик обьекттерди жана инфраструктураны курууга, ремонттоого байланыштуу финансылык жактан жарым-жартылай колдоо көрсөтүүгө ;
-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, Афган согушунун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюучуларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жарандарга жана үй-бүлөлөргө , табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга, жана башка социалдык жактан муктаж болгон жарандардын категорияларына жана калктын аярлуу катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө ;
-Эмгек ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшү нө орчундуу салым кошкон, шаардын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын чыгаан инсандарына жана шаардын ардактуу жарандарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө ;
-табигый кырсыктардын, ө згө чө кырдаалдардын жана башка жең илбес күч жагдайлардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүү , ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;
-Эл аралык, республикалык жана шаардык социалдык, маданий-массалык жана башка иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө кошумча финансылык жардам көрсөтүүгө ;
-расмий жолугушууларды, семинарларды, форумдарды жана башка жалпы шаар ү чү н манилү ү иш чараларын өткөрүү , коомдук ишканалар жана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жана менчигинин түрүнө карабастан мекемелер тарабынан өткөрүлүп жаткан ар түрдүү иш чараларын өткөрүүсүнө көмөк көрсөтүү ;
-муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлеринин чет өлкөлүк иш-сапарга чыгуусун уюштурууга, сувенирлерди жана баалуу белектерди сатып алууга;
-Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлеринин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иштерди жарым-жартылай каржылоого;
-шаардагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө ;
-спорт иш-чараларынын катышуучуларын, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык жактан колдоо көрсөтүү ;
-кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу сыйлоо;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүү ;
-мыйзам күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;
-олуттуу мааниге ээ жана каралган ыйгарым укуктарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кечиктирбестен каржылоо талап кылынган башка максаттарга.
V Бөлүм.
Резервдик фонддун каражаттарын бөлүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
4.1. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар саналат.
4.2.Ушул Жобонун 8-пунктунда кө рсө тү лгө н субьекттер резервдик фонддон финансылык каражаттарды бөлүү маселелери боюнча Ош шаарынын мэриясына кайрылышат. Кайрылууда каражаттарды түпкү алуучулар, каражаттар жумшалуучу иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө толук маалымат камтылууга тийиш. Зарыл болгон учурда Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан резервдик фонддон акча каражаттарын бө лү ү зарылдыгы жө нү ндө тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан ырастоочу документтерди талап кылууга укуктуу.
Аталган кайрылууларды оң жагына кароонун жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Ош шаарынын мэринин резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө чечиминин долбоору даярдалат.
4.3. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жө нү ндө чечим Ош шаарынын мэринин буйругу менен кабыл алынат.
4.4. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоо, референдум өткөрүүгө ;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү Кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;
3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сый акы берүүгө ;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
V Бөлүм.
Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого көзөмөл
5.1. Каражаттардын тескөөчүсү жана алуучусу резервдик фонддун каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликте болушат.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С.Маматалиева |