Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 123 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 229
“Ош шаарынын мэриясынын
резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү “
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 4-ноябрындагы №367/08-6 Ош шаарынын өнүктүрүү фонду жана Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жоболорду бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 17-ноябрындагы №26-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |
| Ош шаардык Кеңешинин2014-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз XXII сессиясынын № 229- токтомуна №1-тиркеме |
1. Бул Жобо Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондунан (мындан ары - резервдик фонд) каражат бөлүүнүн тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесине ылайык түзүлөт.
3. Резервдик фондунун каражаттарынын тескөөчүсү Ош шаарынын мэри болот.
4. Резервдик фондунун эсебинен бөлүнгөн каражаттар бул жобо тарабынан каралган багыттарга Ош шаарынын мэринин чечимдерине ылайык чыгымдалат.
5. Резервдик фонд шаарда тийиштүү жылга карата шаардык бюджетин бекитүүдө алдын ала каралышы мүмкүн эмес болгон экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга байланыштуу күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, анын ичинде төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:
-мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык-маданий, административдик обьекттерди жана инфраструктураны курууга, ремонттоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоого байланыштуу финансылык жактан жарым-жартылай колдоо көрсөтүүгө;
-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, Афган согушунун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюучуларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жарандарга жана үй-бүлөөлөргө, табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга, жана башка социалдык жактан муктаж болгон жарандардын категорияларына жана калктын аярлуу катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
-Эмгек ардагерлерге, Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон, шаардын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын чыгаан инсандарына жана шаардын ардактуу жарандарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
-табигый кырсыктардын, өзөчө кырдаалдардын жана башка жеңилбес күч жагдайлардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;
-эл аралык, республикалык жана шаардык социалдык, маданий-массалык жана башка иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө кошумча финансылык жардам көрсөтүүгө;
-расмий жолугушууларды, семинарларды, форумдарды жана башка жалпы шаар үчүн маанилүү иш чараларын өткөрүү, коомдук ишканалар жана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жана менчигинин түрүнө карабастан мекемелер тарабынан өткөрүлүп жаткан ар түрдүү иш чараларын өткөрүүсүнө көмөк көрсөтүү;
-муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлеринин чет өлкөлүк иш-сапарга чыгуусун уюштурууга, сувенирлерди жана баалуу белектерди сатып алууга;
-Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук жана саясый ишмерлеринин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иштерди жарым-жартылай каржылоого;
шаардагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө;
-спорт иш-чараларынын катышуучуларын, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык жактан колдоо көрсөтүү;
-кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу сыйлоо;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүү;
-мыйзам күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;
-олуттуу мааниге ээ жана каралган ыйгарым укуктарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кечиктирбестен каржылоо талап кылынган башка максаттарга.
6. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
-киреше алып келүүчү коммерциялык максаттарга же ишмердикке;
-өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин күтүүгө жана камсыздоого;
-депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга.
7. Каражаттардын тескөөчүсү жана алуучусу резервдик фонддун каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликте болушат.