ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 20-июну № 125
«Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 11-майындагы Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №313/08-13 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 18-майындагы №15 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтомунун №1 тиркемесинин 2.1. пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
2.1.Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
-Ош шаарынын муниципалдык менчик, шаар куруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри, комиссиянын тең төрагасы;
-Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөсү, комиссиянын тең төрагасы;
-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору, төраганын орун басары;
-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
-Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
-Ош шаарынын мэриясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси-юрист;
-Ош шаарынын мэриясынын аймактык Кеңештердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча адистер тобунун башкы адиси;
-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары;
-Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
-Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы;
-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетектөөчү адиси (юристи).
2. Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтомунун №1 тиркемесинин 2.1. пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |