Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы N 125, токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылы 27-марты № 163
Ош шаарынын мэриясынын жеке
менчик үй куруучуларга жер
участокторун берүү боюнча иштерди
жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын
курамы жана иштөө тартиби жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мериясынын 2013-жылдын 16-декабрындагы Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитип берүү жөнүндөгү 449/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат, дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2014-жылдын 6-февралындагы кошмо отурумунун №3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат, дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына (К. Пазилов, Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын №163 – токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү үчүн иштерди жүргүзүү жана уюштуруу боюнча комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын уюштуруу тартиби
III. Комиссиянын функциялары
IV. Комиссиянын ишин жүргүзүү тартиби
V. Отурумдарды өткөрүү тартиби
1.1.Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү үчүн иштерди жүргүзүү жана уюштуруу боюнча комиссиясынын (мындан ары – комиссия) жыйындарын өткөрүү жана ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177- «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун, «Ош шаарында жекече турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону, ушул Жобону жана жерге укук мамилелерин жана бош жерлер бар болгон учурларда жекече турак-жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын жетекчиликке алуу менен ишке ашырылат.
(Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы N 125, токтомунун редакциясына ылайык)
2.1.Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
-Ош шаарынын муниципалдык менчик, шаар куруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри, комиссиянын тең төрагасы;
-Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөсү, комиссиянын тең төрагасы;
-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору, төраганын орун басары;
-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
-Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
-Ош шаарынын мэриясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси-юрист;
-Ош шаарынын мэриясынын аймактык Кеңештердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча адистер тобунун башкы адиси;
-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары;
-Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
-Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы;
-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетектөөчү адиси (юристи).
3.1. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча арыздарды, аларга кошулган документтерди белгиленген тартипте изилдейт, жер тилкесин бөлүп берүү же бөлүп берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат;
- турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын арыз-өтүнүчтөрүн, алардын социалдык абалдарын эске алуу менен мыйзамда каралган жеңилдиктери бар жарандардын арыз-өтүнүчтөрүн комиссиянын кароосуна кезексиз алып чыгуу жумушун ачык айкын алып барат;
- турак үйдүн алдындагы жана турак үйгө жанаша жайгашкан жер тилкесине менчик укугун мыйзамдаштырып бекитип берүү боюнча арыздарды, аларга кошулган документтерди белгиленген тартипте изилдейт, жер тилкесин бекитип берүү же бекитип берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
3.2. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү кызматтардан жана чарбакер субьекттерден отурумда каралуучу маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды алууга;
- тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- комиссиянын иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жана жеке турак үйдүн алдындагы жана турак үйгө жанаша жайгашкан жер тилкесине менчик укугун акысыз берүү менен байланышкан маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого, кароонун жыйынтыктары боюнча аларды күчүндө калтыруу же жокко чыгаруу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга.
Комиссиянын Ош шаарынын мэриясынын аймактык кеңештердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча адистер тобунан, шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы жана Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктарынан дайындалган мүчөлөрү тарабынан иш кагаздары туура эмес деп табылган учурларда материалдар кайра кароо үчүн кайтарылат.
4.1.Комиссиянын курамы жана иштөө режими Ош шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет.
4.2.Комиссиянын жыйындары керектүү иш кагаздарынын даярдалуусуна жараша өткөрүлөт, бирок бир айда бир жолудан кем эмес. Комиссиянын күндөлүк жумушун– Департамент ишке ашырат.
4.3.Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынан дайындалган комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын отурумуна иш кагаздарды даярдоо үчүн Департаменттин кайрылуусунун негизинде, бекитилген шаар куруу иш кагаздарын (калктуу конуштун башкы планын же каралып жаткан аймактын деталдык пландоо долбоорун), курулуш нормаларын жана эрежелерин эске алуу менен, ошондой эле жер тилкесинин сейсмикалык шарттарын, инженердик-геологиялык жана техногендик кооптуулук бар-жоктугун баяндап жазуу менен топографиялык негизде жер тилкесинин чек аралары аныкталган жана көрсөтүлгөн 1:500 масштабдагы схемасын даярдоо;
- санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтардан бөлүнүп берилүүгө жаткан жер тилкесинин пайдалануу шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу шарттары жөнүндө суроону ишке ашыруу;
- алынган корутундулардын негизинде жер тилкесине турак-жай куруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жыйынтыктоочу корутундуну түзүү;
- жер тилкесин бекитип берүү мүмкүн же мүмкүн эмес экендиги тууралуу так сунушту корутундуда жазып көрсөтүү жана ага жооптуу болуу.
4.4.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан дайындалган комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- жер тилкесинин документалдуу аныкталган чек араларынын жана аянттарынын натурада дал келүүсүн текшерүү;
- жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүүчү жер тилкелеринин чек араларын чектеш жайгашкан жер тилкелеринин ээлери же өкүлдөрү менен макулдашуу;
- сервитуттардын жана башка чектөөлөрдүн бар-жоктугун текшерүү;
- жер тилкесин бекитип берүү мүмкүн же мүмкүн эмес экендиги тууралуу так сунушту корутундуда жазып көрсөтүү жана ага жооптуу болуу.
4.5.Ош шаарынын мэриясынын аймактык Кеңештердин ишмердүүлүгүн координациялоо адистер тобунан дайындалган комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- арыз ээсинин жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө берилген маалымкаттын, жашоо-шартын аныктоочу актынын аймактык Кеңештер тарабынан туура берилүүсүн жана дал келүүсүн текшерүү;
- каралып жаткан турак-үйдүн жашоочулары, жашаган мезгили, үй-бүлө мүчөлөрү, комиссиянын тыянагынын тактыгы жөнүндө кошумча маалыматтарды текшерүү жана бул маалымат боюнча жеке жооптуу болуу.
4.6.Ош шаарынын мэриясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси – юристтин милдетине төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын отурумунун күн тартибине киргизилген иш-кагаздардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, нормативдик-укуктук актыларына ылайыктуулугун кароо;
- комиссиянын кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү.
4.7.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынан дайындалган комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- башкармалыктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтык базасынан комиссиянын отурумунда каралып жаткан жер тилкеси боюнча шаардык жерлерди камтыган аймактарды изилдөө;
- каралып жаткан жер тилкесине менчик же ижара укугу бар-жоктугун аныктоо жана берилген маалыматтын тактыгына кепилдик берүү.
5.1.Бардык материалдар жана шаардык архитектура тарабынан даярдалган жыйынтыктоочу корутунду комиссиянын катчысына өткөрүлүп берилет. Комиссиянын катчысы тарабынан жеке турак-жай курулушуна бөлүнүүчү ар бир жер тилкеси боюнча маалыматтык иш кагаздардын топтому даярдалат.
5.2.Даярдалган топтом белгиленген тартипте комиссиянын ар бир мүчөсүнө анын жыйынына үч күн калганга чейин жеткирилет.
5.3./ч жумушчу күндүн ичинде комиссиянын мүчөлөрү анын отурумунун күн тартибине коюлган материалдар менен таанышат, андан кийин жер тилкелерин бөлүп берүү же бөлүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлөт.
5.4.Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси жыйынга катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу. Анын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык милдетин аткаруучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
5.5.Комиссиянын чечими жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу жана жеке турак үйдүн алдындагы жана турак үйгө жанаша жайгашкан жер тилкесине токтомдорду даярдоого жана жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөөгө негиз болуучу протокол менен таризделет.
5.6.Комиссиянын жыйынынын Ош шаарында жеке турак-жай курулушу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө протоколунан көчүрмө арыз берүүчүгө мындай чечим кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде берилет.
Депутатардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин Милдетин аткаруучу: |
М.Жолдошева |