Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 13
“Зергер айыл өкмөтүнүн пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө”
Зергер айыл өкмөтүнүн пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун талкуулап, ошондой эле талкуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Зергер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Адилбеков).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
|
Тиркеме Зергер айылдык Кеңешинин 2017-жьлдын «21» апрель № 13-токтому менен бекитилген |
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы пенсионерлерин, ден соолугунун мүнкүнчүлүүгү чектелген жарандарын жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жобо
2. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн кайрылуунун тартиби
3. Социалдык жардам көрсөтүү тартиби
4. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу бар жарандар
5. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн зарыл болгон документтер
6. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу жок жарандар
7. Бир жолку материалдык жардамдын өлчомун дайындоо жана толоо тартиби
1.Жалпы жобо
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо, «Ден соолугунун мумкунчулуктору чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жонундо », «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жолок пулдар жонондогу» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган, каттоодо турган пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт.
1.3. Пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык жардамдарды көрсөтүү Зергер айыл өкмөтү тарабынан, Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу каттоосу бар жарандарга, жергиликтүү бюджеттин эсебинен «социалдык гарантиялар» бөлүгү боюнча ишке ашырылат.
1.4. Социалдык жардамды көрсөтүү накталай эсептешүү жолдору менен жүргүзүлөт.
2. Бир жолку материалдык жардамды алуу учун кайрылуунун тартиби
2.1. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу каттоосу бар жаран муктаждыгына жараша жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына бир жолу гана материалдык жардам ала алат.
2.2. Бир жолку материалдык жардам алуу үчүн Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу каттоосу бар жаран Зергер айыл өкмөтүнүн башчысына өз арызы менен кайрылат.
3. Социалдык жардам корсотуу тартиби
3.1. 1000 сом өлчөмүндө кийме тишке үч жылда 1 жолу социалдык кепилдик төмөнкүлөргө берилет:
- аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун бардык үч тобунун 60 жаштагы жана андан жогорку курактагы майыптарга;
- жалгыз бой, аз камсыз болгон, 4000 сомго чейинки пенсия алган 65 жаштагы жана андан жогорку курактагы майыптык тобу жок пенсионерлерге;
- аз камсыз болгон, кирешеси жакырчылыктын чегинен ашпаган көп балалуу энелерге.
3.2. Беш жылда бир жолу көз айнек оптикасын алууга 1000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
- азиздиги боюнча майыптарга, аз камсыз болгон иштебеген жалпы оорунун үч тобунун, 4000 сомго чейинки пенсия алган 60 жаштан жана андан жогорку курактагы майыптарга.
3.3. үч жылда бир жолу угуу аппаратынын наркынын 50% өлчөүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
- угуу боюнча майыптарга, аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун үч тобунун 4000 сомго чейинки пенсия алган 60 жаштан жана андан жогорку курактагы майыптарга.
3.7. Бир жылда бир, 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө дары-дармек алууга бир жолку материалдык жардам төмөнкүлөргө көрсөтүлөт:
- 18 жашка чейин майып балдарга;
- АИВ жана ПБИДС менен оорулууларга.
3.8. Бир жылда бир жолу 1000 сомдон 10 000 сомго чейин жарандарга же анын жакын туугандарына материалдык жардам берилет:
- муктаждык даражасына жараша, айыл өкмөтүнүн башчысынын атына берилген арызга жана турмуш-тиричилигин иликтөө актысы жана муктаждык даражасын аныктаган документтерге (дарылануунун наркы тууралуу малым кат, кымбат баалуу операция өткөрүү, жакын туугандарынын сөөгүн коюу, табигый кырсыкта жабыр тарткандар жана башка күтүлбөгөн кырдаалдар) ылайык, ошондой эле кокустук абалына кабылган жарандарга.
4. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу бар жарандар
4.1. Пенсиясынын өлчөмү 4000 (төрт мин) сомдон ашпаган жалгыз бой, кароосу жок пенсионерлер;
4.2. Бир үй-бүлөдө эки же андан ашык 1-2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар болсо (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары);
4.3. Жардамга өтөө муктаж болгон көп балалуу аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, эгерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаган болсо;
4.4. Баккан адамынан ажыраган өспүрүм балдар, жарым жана томолой жетимдер пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон кезде;
4.5. Пенсия жашындагы кары жарандар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо жана үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаган болсо;
4.6. ВИЧ-СПИД илдетине кабылган жарандар;
4.7. Күтүлбөгөн кырсыкка кабылган жарандар (автокырсыктан улам жабыркаган, турак-жайы өрт кырсыгына кабылган жарандар жана башка ушул сыяктуу);
4.8. Үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 5 ( беш мин) сом өлчөмүндө, эгерде мындай үй-бүлөлөр балдар төрөлгөндөн кийин алты айлык мөөнөттөн кечикпей кайрылган болсо.
5. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн зарыл болгон документтер
- жеке инсандыгын ырастоочу документ (Зергер айыл өкмөтүндө туруктуу каттоосу бар гана жарандар);
- тийиштүү мекемеден пенсиясынын өлчөмүн көрсөткөн маалымкат;
- үй-бүлөлүк курамы боюнча аныктама;
- операция болгондугун, дарылангандыгын, кымбат баалуу дары-дармеккке такай көз каранды болгондугун тастыктаган медициналык мекеменин, же дарыгердин аныктамасы;
- майыптыгын көрсөткөн МСЭКтин аныктамасы;
- балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүгү.
6. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу жок жарандар
6.1. Зергер айыл өкмөтүндө каттоосу жок жарандар;
7. Бир жолку материалдык жардамдын өлчөмүн дайындоо жана төлөө тартиби
7.1. Бир жолку материалдык жардам Зергер айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде 1000 сомдон 10000 сомго чейин берилет.
7.2. Өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсык ж.б.) бир жолку материалдык жардамдын кошумча түрлөрү жана өлчөмү Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан белгиленет.
Жооптуу катчы: | А.Адилбеков |