Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели № 3/2
«Кара-Суу айыл аймагында жаз, жай, күз айларында малдын көчүп конуусу боюнча ички тартип эрежелерин, малдарды камап багуу тартиби жөнүндөгү жобосун жана келишимдик негизде корук иштери боюнча иш алып баруу максатында, эмгек акысын төлөө, эсептөө жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндө»
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагында жаз, жай жана күз айларында малдын көчүп - конуусу боюнча ички тартип эрежелеринин долбоору бекитилсин. 1-тиркеме тиркелет
2. Малдарды камап, багуу тартиби жөнүндөгү жобосу бекитилсин. 2- тиркеме тиркелет
3. Келишимдик негизде корук иштери боюнча иш алып баруу максатында, эмгек акысын төлөө, эсептөө жөнүндөгү жобосу бекитилсин. 3-тиркеме тиркелет
4. Бул токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Иманкулов |
1-тиркеме
Кара-Суу айыл аймагындагы «Жаз, жай, күз айларында малдын көчүп-конуусу боюнча ички тартип тууралуу» Эреже
Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже КРнын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, КРнын «Ветеринария жөнүндө», КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», КРнын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, Кара-Суу айыл аймагында айыл тургундарынын жеке менчигиндеги малдарды багуусундагы малдын көчүп-конуусун жөнгө салат.
Эреже Кара-Суу айыл өкмөттүн башчысы, тиешелүү айыл өкмөттүн адистери, жайыт комитеттин мүчөлөрү жана айыл тургундардын биргелешип так, жыл сайын аткарчуу милдеттүү ишин белгилейт жана ушул эрежени так аткарууну талап коюуу менен жыл сайын аткарылчуу жана калыптандыруучу тажрыйбаны камсыздайт.
3. Эреже Кара-Суу айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынгандан кийин аймакта жашаган баардык жарандар, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчиктин түрүнө карабастан баардык уюм, мекеме, ишканалар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.
4.1. Өтүп жаткан жылдын апрель айынан май айына чейин жайыт комитети мал ээлеринин арыздары жана билдирүүлөрү аркылуу келээрки жылга жайытка чыкчуу малдын санын алдын-ала аныктайт;
4.2. Соңку жылдын февраль айына чейин жайыт комитети мурунку жыл үчүн отчетун дайындап — айылдык кеңештин кароосуна коет.
4.3. 31- мартка чейин соңку жылдын жайыт акысы тууралуу, жайыт пайдалануу боюнча жылдык план менен коомдук угууда тааныштырат.
4.4. Айыл өкмөт башчысы жана жайыт комитети 31- мартка чейин элдик жыйын өткөрүү менен малчы — малды элден ала электе малды багуу баасын аныктайт жана жайыт акы кимдер тарабынан төлөнүшү керектигин макулдашат жана жалпы элдик жыйын менен бекитилет.
4.5. Айыл чегинде жайгашкан жайытка мал менен көчүү 1 – майга чейин, жайлоого көчүү 1- июнга чейин, жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан кийин көчүп келүүсү бекитилет. Жайыт планында көрсөтүлгөн чектөөлөргө ылайык көчүү кону жүргүзүлсүн.
4.6. 1-майдан баштап бада уюштурулат, бадага субай мал алып калууга тыюу салынат.
4.7. Малды вакцинациялоо жана купкага салуу мал ээлерине милдеттендирилсин.
4.8. Өтүп жаткан жыл сайын 1-майдан 1-октябрга чейин корук жана мал КАМАК уюштурулсун.
4.9. Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын орду мал ээси же укук бузуучу тарабынан төлөнүп берилээри эскертилсин.
4.10. Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык белгиленген тартипте кабыл алынган, күчүнө кирген, жайыттарды, чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузгандыгы үчүн, айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги жана алыскы жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жайуу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтүүсү, менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү, малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чарларды өткөрүү үчүн көрсөтпөөсү, турмуш тиричилигиндеги катуу калдыктарды чектелген жерден башка жерлерге ташттоого тыюу салуу боюнча укук бузгандыгы үчүн жарандарды (укук бузуучуларды) административдик жоопкерчиликке тартуу Кара-Суу айыл аймагынын администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4.11. Эреже менен жөнгө салууда кадамдар тууралуу түшүндүрмө тиркелсин.
2-тиркеме
Ээси аныкталбаган малдарды камап багуу тартиби жөнүндө жобо
Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” ылайык укук бузуу катталган убакта, малдар ээси аныкталып такталгыча камака алынууга жатат.
Айыл тегерегиндеги мал камоо атайын мал камоо үчүн тосулуп суу киргизилип (көлмө же агын суу) уюштурулган жайга камалат жана мал камоочу жайдын туруктуулугун камсыздоо максатында кошумча төлөм алынат ( кошумча төлөм жылына жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет)
Короо, сарайларга менчик ээсинин уруксаты менен Адмистрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн макулдугу менен камалат жана кам көрүлөт.
Малды камакка алуу атайын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн буйругу менен келишимдик негизде иш алып барган кызмат адамы тарабынан жана Адмистрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн макулдугу менен тикелей жер ээси (жер иштетүүчү, жер ээсинин тууганы ж.б) тарабынан ишке ашырылат.
Малды камаарда укук бузуунун далили катары фото, видео материалдар эсептелинет же акты түзүлөт. Актыда укук бузуу катталган жери, убакыты, малдын саны, өңдөрү, башка өзгөчөлүктөрү жазылат жана тийиштүү кызматкерлер тарабынан тикелей (күбөлөрдүн катышуусунда) кол коюлуп тиешелүү органга тапшырылат.
Камакка алынган малдын өмүрүнө жана башка көрүнүштөрүнө (табигый кырсыктардан тышкары) камаган орган жоопкерчилик тартат жана жергиликтүү бюджеттен компенсацияланат.
Камакка алынган малдын ачкадан өлүп калуусун алдын алуу максатында чөп, суу менен камсыздалат. Чөптүн жана чөп чачкан адамдын акысы базар экономикасына ылайык жыл сайын жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
Камаган тарап камаар алдында түзүлгөн «актынын же фото, видео материялдын негизинде такталган, ошол учурдагы малдардын башына гана жоопкерчилик тартат, камака чейин жоголгон, өлгөн малга жоопкерчилик тартпайт.
Камака түшкөн малдын ээси аныкталып тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан кийин малдары ээсине өткөрүлүп берилет.
Мал ээси камактан чыккан малды жайыт планында жана Кара-Суу айыл аймагындагы «Жаз, жай, күз айларында малдын көчүп-конуусу боюнча ички тартип тууралуу» Эрежеге ылайык уруксат берилген жайытка айдап кетүүгө милдеттүү.
Жарандардын өз алдынча Адмистрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнө билдирбестен, тиешелүү иш кагаздарды толтурбастан камаган малдарга кызмат адамдары жоопкерчилик тартпайт.
3-тиркеме
Кара-Суу айыл аймагында келишимдик негизде жер корук иштери боюнча иш алып барган кызмат адамынын эмгек акысын төлөө, эсептөө тартиби жөнүндө жобо
Корукчу- Кара-Суу айыл аймагында келишимдик негизде жер корук иштери боюнча иш алып барган кызмат адамы (мындан ары-корукчу)
Корукчу келишимдик негизде жайыт планында жана Кара-Суу айыл аймагындагы «Жаз, жай, күз айларында малдын көчүп-конуусу боюнча ички тартип тууралуу» Эрежеге ылайык мезгилдүү иш алып барат.
Корукчунун эмгек акысы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык укук бузуудан жергиликтүү бюджетке түшкөн айып пулдун 30% корукчунун эмгек акысынын Банктык эсебине которуу жолу менен төлөнөт. Эсептешүү мезгили келишимде көрсөтүлөт.