Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 2
«Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевдин 2018-жылдын 1-мартындагы № 52 сандуу билдирүүсүн кароо жөнүндө»
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевдин 2018-жылдын 3-мартындагы № 52 сандуу билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кенештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин 1-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө салык-жыйымдары боюнча жетектөөчү адисин көп убакыттан бери бош вакант болуп эсептелген мал чарбасы жана ветеринария боюнча башкы адисине, башкы адисти жетектөөчү адиске алмаштырып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн типтүү штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизилип, бекитилсин. (№ 1тиркемеге 1 барак тиркелет)
2. Бул токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж.Иманкулов |
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
17-чакырылышынын 1-кезексиз
сессиясынын 2018-жылдын
1-мартындагы № 2-токтому
менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү штаттык түзүмү
Катар № | Кызматтардын аталышы | Калктын санына жараша штаттык сан (миң адам) 5000-7000 ге чейин |
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Финансы-экономика бөлүм башчы | 1 |
4 | Социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
5 | Өзгөчөчө кырдааладр боюнча башкы адис | 1 |
6 | Салык-жыйымдары боюнча башкы адис | 1 |
7 | Мал чарбасы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис | 1 |
8 | Жерге жайгаштыру боюнча жетектөөчү адис | 1 |
9 | Айыл программасы боюнча адис | 1 |
10 | Экономист-статист боюнча адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 10 |
Эскертүү: айыл аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы (айылдын старостасы) кызматы каралган.
Эскертүү: жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн аскердик эсепке алуу персоналынын саны каттоодо 300 -1000 ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болсо, эки бошотулган кызматкер-аскердик эсепке алуу столунун инспектору.
Катар № | Кызматтардын аталышы | Калктын санына жараша штаттык сан (миң адам) 5000-7000 ге чейин |
1 | Айыл башчысы жетектөөчү адис | 1 |
2 | Аскерге каттоо столунун инспектору адис | 1 |
3 | Аскерге каттоо столунун инспектору адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 3 |
Жооптуу катчы К.Молдажиева