Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1-8
«Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө»
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет 2 (эки) баракта);
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
9-февраль 2018-жылдагы
№1-8 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жыл үчүн
И Ш П Л А Н Ы
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кеңештин 2018-жылга иш планын бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 | 2017-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
3 | Айыл өкмөттүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
4 | Ат-Башы айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын идентификациясынын жүрүшү жана айылдагы малдардын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иштеринин абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаров, айыл өкмөттүн ветеринардык адиси У. Жандыралиев |
5 | Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы |
6 | Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы жөнүндө. | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Сейитказиев, райондук суу чарба башкар-н башчысы Т. Мусаев, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
|
7
| Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Сейитказиев
|
8 | Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө (соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери, Асанкул уулу Рахат, туруктуу комиссиянын төрагасы К. Асаналиев, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев |
9 | 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Э. Абдымамытов |
10 | Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы жөнүндө. | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Сейитказиев, жайыт комитетинин башчысы, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
|
11 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
12 | Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» жарлыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу | 4-квартал
| Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
13 | Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
| 4-квартал | Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева
|
14 | Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө
| 4-квартал | Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси Г. Минбаева |
15 | Туруктуу комиссияларынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
| 4-квартал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык Кеңештин катчысы Т. Иманбердиева