Редакцияот 03.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-апрели № 4

“Айыл өкмөт башчысына автоунаа үчүн компенсация төлөп берүү жөнүндө”

     Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын үчүнчү сессиясы айыл өкмөт башчысына автоунаа үчүн компенсация төлөп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672-токтомунун 1-пунктун жетекчиликке алып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөт башчысы менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн кызматтык иштерине пайдалангандыгы үчүн ай сайын 1400 чакырым жүрүү нормасы бекитилсин.

2.Компенсация айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

3.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш жана мандат этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Койчубаев.