Загрузка документа…
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 11
“Жалал-Абад шаарынын №17 орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 14.02.2018-жылдагы №01-10/93-катты шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жобосуна ылайык Жалал-Абад шаарынын №17-орто мектебине Жусупбеков Жолондун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине бекитүү үчүн жөнөтүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |