ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги VI-сессия
2018-жылдын 11-апрели № 8
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.02.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын №11-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов атындагы аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын Жалал-Абад шаарынын № 17-орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө кабыл алынган токтому менен макул эместиги жөнүндө кайрылуусун жеринде кароо максатында Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын 03.04.2018-жылдагы көчмө жыйыны өтүп, жыйындын протоколдук чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна таянып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.02.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 11-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө ушул токтомду жеткирүү жана тааныштыруу жагы Жалал-Абад шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |