Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 145
“Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана иш аткарып берүү үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү” 14.01.2015-жылдагы № 06 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-октябрь 2000-жылдагы № 637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндөгү” тартибининин негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы тарабынан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруусу үчүн иштелип чыккан тарифтер Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.
Сунушталган тарифтердин өлчөмү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын аймагында катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана иш аткарып берүү (кызмат көрсөтүү) үчүн тарифтерди кайрадан карап чыгуу боюнча туруктуу комиссиянын чечими жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун тиркемесиндеги эсептөөлөргө ылайык төмөндөгүлөр бекитилсин:
- шаар аймагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн тарифтик төлөм (таблица 1);
- ажатканаларды тазалоо үчүн кызмат көрсөтүүгө төлөм (таблица 2);
- септиктерди тазалоо үчүн кызмат көрсөтүүгө төлөм (таблица 3);
3. Бекитилген тарифтик төлөмдөр 2018-жылдын 01-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
4. Шаар аймагындагы ар бир кожолуктагы жашоочулардын санына жараша, юридикалык (мекеме, ишканалар) жактар, соода-сатык жүргүзүүчүлөр, тамак –аш сатуучу, кызмат көрсөтүүчү жайлар менен эки тараптуу келишимдерди түзүү, бекитилген тарифтерди чогултуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
5. Жашоочулардын айрым категорияларына катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга акы төлөө боюнча берилген 50% жеңилдик эске алынсын.
2. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Маранбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 2017-жылдын 03-майындагы кезексиз XXV сессиясынын № 119 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын
19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын
№ 145 токтомуна Тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бекитилген
тарифтин өлчөмү
(Токтогул шаардык кеңешинин 2020-жылдын 07-февралындагы № 08 токтомуна ылайык)
№ | Статьялардын аталышы | Ченем бирдиги | Сумма, сом |
1м3 катуу тиричилик калдыгын чыгаруу боюнча эсептөөлөр | |||
1 | Күйүүчү майлар | сом | 56 |
2 | Эмгек акы | сом | 187,85 |
3 | Соц.камсыздандыруу төлөмү | сом | 39,15 |
4 | Бөлүмдүк чыгымдар | сом | 3 |
5 | Техникаларды ондоого кеткен чыгымдар, запастык бөлүк | сом | 8 |
6 | Жалпы чарбалык чыгымдар | сом | 18 |
7 | Амортизациялык чыгым | сом | 8 |
8 | Жалпы чыгым | сом | 320 |
9 | Чогулган пайда | сом | 3 |
10 | Жалпы 1 м3 катуу тиричилик калдыгын ташып чыгарууга эсептелинген баа | сом | 323 |
1м3 көлөмдөгү катуу тиричилик калдыгын ташып кетүүгө бекитилген 323 сомго негизделип эсептелинген тарифтик төлөмдөр | |||
№ | Мазмуну | Ченем бирдиги | Сумма / ай сайын |
1 | Шаар аймагындагы ар бир физикалык жак (жашоочу) үчүн | 20 сом | |
2 | Юридикалык жактар үчүн (мекеме, ишканаларга) | 1м3 | 323 сом |
3 | Азык-түлүк, жашылча сатуучулар үчүн (ээлеген аянтына жараша) | 1м2 | 4 сом |
4 | Оюнчук, кийим-кече, чарбалык товарлар, үй-тиричилик жабдуулар, эмеректер, жана башка сатуучулар, тамак-аш сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү жайлар үчүн (ээлеген аянтына жараша) | 1м2 | 2 сом |
Таблица 2
№ | Аткарылуучу жумуштар | Өлчөө бирдиги | Саны | Баасы (сом) | Сумма (сом) |
1. | Күйүүчү май (дизтопливо) | л | 10 | 41 | 410 |
2. | Майлоочу май (дизмасло) | л | 0,4 | 100 | 40 |
3. | Эмгек акы, техниканы оңдоо, жууп тазалоо, негизги жумушту аткаруу, ажаткананы даярдоо, суюлтуу ж.б | саат | 10 | 71,39 | 714 |
4 | Соц.төлөм | сом | 17,25 % |
| 123 |
5 | Запастык бөлүк |
|
|
| 450 |
6. | Транспорттун амортизациялык чыгымы |
|
|
| 763 |
| Жалпы: | 2500 | |||
Септик тазалоо үчүн тарифтик төлөмдүн эсептөөсү
( Газ-53 автоунаасы менен ) 1 каттам үчүн
Таблица 3
№ | Аткаруулучу жумуштар | Өлчөө бирдиги | Саны | Цена | Сумма |
1 | Күйүүчү май (дизтопл) | л | 10 | 41 | 410 |
2 | Дизмасло | л | 0,4 | 100 | 40 |
3 | Эмгек акы, техниканы оңдоо, жууп тазалоо, негизги жумушту аткаруу, даярдоо, суюлтуу ж.б. | саат | 10 | 71,39 | 714 |
4 | Соц. төлөм | сом | 17,25% |
| 123 |
5 | Запастык бөлүк |
|
|
| 90 |
6 | Амортизациялык чыгым |
|
|
| 123 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: | 1500 |
Төрага | К. Дербишев |
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
|