Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
2017-жылдын 21-декабры № 7
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасынын балансындагы мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 14.12.2017-жылдагы чыг.№04-04/2698 сандуу катынын жана муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 11.12.2017-жылдагы чыг.№01-8/1154 сандуу катынын негизинде, ошондой эле шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №124 көп кабаттуу үйдүн алдында жайгашкан 0,30 га метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасынын балансынан муниципалдык менчикке өткөрүп алууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсү 12 дарегинде жайгашкан № 22-балдар бакчасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун балансынан муниципалдык менчикке өткөрүп алууга уруксат берилсин.
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |