Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № XIV-1
“Ноокат шаарынын 2018-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Калбекованын билдирүүсү жөнүндө”
Ноокат шаарынын 2018-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Калбекованын билдирүүсү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын 2018-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Калбекованын билдирүүсү эске алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын
25-сентябрындагы V чакырылыш
№XIV сессиясынын №XIV-1 токтомуна №1 тиркеме:
Ноокат шаарынын 2018-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Калбекованын билдирүүсү жөнүндө.
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдын 6 (алты) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше бөлүгү 25986,7 миң сом түзөт. Ал эми 6 ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 26714,5миң сомду түздү. Жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 6 айга такталган планы 26714,5 миң сом болсо, 6 (алты) ай ичинде 26684,2 миң сом же болбосо 30,3 миң сомго кем аткарылды.
1. Атап айтсак, киреше салык планы 7863,7 миң сом болсо, аткарылганы 6646,1 миң сомду түзүп, план 1217,6 миң сомго аз, же 84,5% ке ткарылды.
2. Бирдиктүү салык планы 133,0 миң сом болсо, аткарылганы 226,0 миң сомду түзүп, план 169,9% ке, же 226,0 миң сомго көп аткарылды.
3. Патенттен түшкөн салык планы 7904,3 миң сом болсо, аткарылганы 7771,2 миң сом болуп, план 98,3% ке аткарылды.
4. Кыймылсыз мүлк салыгы 709,1 миң сом болсо, аткарылганы 830,5 миң сомду түзүп, план 117,1% ке, же 121,4 миң сомго көп аткарылды.
5. Транспорт салыгы планы 1012,5 миң сом болсо, аткарылганы 933,8 миң сомду түзүп, план 92,2% ке, же 78,7 миң сомго кем аткарылды.
6. Сатуудан түшкөн салык планы 4545,1 миң сом болсо, аткарылганы, 5172,6 миң сомду түзүп, план 113,8% ке же 627,5миң сомго көп аткарылды.
7. Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 324,7 миң сомду түзүп, план 108,2% ке, же 24,7 миң сомго көп аткарылды.
8. Калктуу конуштагы жер салыгынын планы14 93,5 миң сом болсо, аткарылганы 1285,4 миң сомду түзүп, план 86,1% ке, же 208,1 миң сомго кем аткарылды.
9. Авто токтоочу жайдын (порковканын) планы 254,9 миң сом болсо, аткарылганы 475,6 миң сомду түзүп, план 186,6% ке, же 220,7 миң сомго ашыкча аткарылды.
10. Калктуу конуштардагы жерлердин ижара толомдору планы 99,9мин сом болсо,аткарылганы 140,3 мин сом ,же болбосо 140,4% ке же 40,4 мин сомго ашыкча аткарылды.
11. Акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүчү акы (Родителский взнос) планы 2328,5 миң сом болсо, аткарылганы 2829,1 миң сомду түзүп, план 121,5 % ке, же 500,6 миң сомго коп аткарылды.
12. Өз ара Эсептешүүгө негиз Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен 70,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаардык мэриясынын бюджетине келип түштү.
2017-жылдын 6 айына жалпы тушкон киреше 27216,4 миң сом болсо 2018-жылдын 6 айында түшкөн жалпы киреше 26684,2 миң сом болду.
Чыгаша бөлүгү боюнча айтсам 2018-жылдын 1-январына калган калдык 6044, 8 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018 жылдын 6 айына бекитилген план 25986,7 миң сом тузсо, 6 айда 32759,4 мин сомго план такталган.
6 айда чыгаша болугу 20503,6 мин сомго аткарылды.
701 бөлүм «Өзүн өзү башкаруу» тармагы 77,0% ке аткарылды.
704 бөлүм «Экономикалык чыгымдар» 16,4% ке аткарылды
706 бөлүм «ЖКХ» 90,3% ке аткарылды
708 бөлүм «Маданият тармагындагы башка чыгымдар» 52,7% ке
709 бөлүм «Билим беру» 66,9% ке аткарылды
710 бөлүм «Социалдык тармак» 100% аткарылды
Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу | Д. Калбекова |