Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 1
“Айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдын алдын алууга карата акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө”
2013-жылдын башынан эки баскычтуу бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу КРнын 2009-жылдын 28-майында кабыл алынган “Жарандык коргонуу” жөнүндө мыйзамынын 10-беренесине ылайык өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 57940 сом төмөндөгү колдонулуучу куралдарга бөлүнүп берилсин:
1.күрөк сап 10 даана х 100 сом=1000 сом;
2.кол фонарик 10 даана х 250 сом= 2500сом;
3.көчмө аптека 1 даана х 3000 сом= 3000 сом;
4.огнетушитель 6 даана х 1500 сом= 9000 сом;
5.рация 4 даана х 5000 сом= 20000сом
6.бензин 200 литр х 36,20 сом= 7240 сом;
7.солярка 400 литр х 38,0= 15200 сом;
Жалпы сумма: 57940 сом.
2.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга бөлүнгөн 57940 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |