Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы № 8-2
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1 январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин “Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо“ боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” Мыйзамынын 102-беренесине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 1285.3 мин сомго, атайын эсептик счетундагы 579,5 мин сомго бардыгы болуп 1864,8 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. 2018-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинен
чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башында бекитилген суммага
2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп
каржылануусун айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына
милдеттендирилсин.
3 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетинин киреше бөлүгү 17371,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 15992,4 миң сомго же кирешенин чыгашадан 1378,8 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2018-жылдын 27-январындагы
№ 8-2 токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор
№ | Чыгашалардын аталышы | Суммасы, миң сом |
1 | 01.01.2015-жылга эсептик счетундагы калдык | 1864,8 |
| Чыгашалар жыйынтыгы: |
|
2 | Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 98,6 |
3 | Айыл чарбасы | 750,0 |
4 | Коммуналдык чарба | 200,0 |
5 | Маданият | 306,9 |
6 | Билим берүү | 228,2 |
7 | Билим берүү спец | 579,5 |
| Жалпы чыгашалар боюнча | 1864,8 |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | Ж. Нурматов |