Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы № 8-7
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2018-жылга иш планы жана бюджетин бекттүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2018-жылга иш планы жана бюджетин бекттүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жактырылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга иш планы жана бюджетин бекитилсин (тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2018-жылдын 27-январындагы
№ 8-7 токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата ЖПБнин 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчету
Кыргыз-Ата Жайыт пайдалануучулар (ЖПБ) Бирикмесинин курамында 21 киши турат. Анын төрагасы Хожомуратов Маматысак 2017-жылдын апрель айынан бери иштеп келүүдө, ал эми жайыттын бухгалтери болуп Досанова Бусара иштейт.
Жайыт комитетинин (ЖК) ревзиялык комиссиянын составы 3 кишиден турат.
Алар:
Малдардын ден-соолугун коргоо тобунда 5 ветеринардык врачтар иштейт, алардын жетекчиси Абидинов Исан.
Кыргыз-Ата ЖК 2017-жылдык бюджеттин планы 385 000 сом менен бекитилген болчу.
Ал эми 2017-жылдык пландын 385,1 сомго аткардык, анын ичинен 170 000 сом антенналардан түшкөн аренда салыгы, калганы 215,1 сом мал жана башка жайыт пайдалануучулардан чогултулган салык.
Негизинен Кыргыз-Ата айыл өкмөтү боюнча 2017-жылга
- Ийри мүйүздүү малдардын саны – 3810
- Койлор – 16860
- Эчкилер – 1086
- Жылкы – 76
- Топоз – 275 баш болуп каттоодон өткөн.
Негизги аткарылган иштер быйылкы жылы жайыт пайдалануучулар менен бир нече жолу жолугуп, аларга жайытты туура пайдалануу жана аны өнүктүрүү боюнча профилактикалык иштер алынып барылды.
Мисалы: Кара-Таш, Акбулак жана Кыргыз-Атадагы маротория болгон Күнгөй жайыттарына депутаттар, айыл башчылар менен чогуу барып эл менен жолугушуу өткөрүп, аларга жайыт боюнча түшүндүрүү иштери май, июнь айларында жүргүзүлдү. Бул жерде айта кетиш керек, буларды уюштурууда айыл өкмөт, айрыкча депутаттардан төрага Назарбаев Кубат, депутат Жунусов Нурлан, Каримов Баргы жана бардык айыл башчылар активдүү катышып, бизге чоң жардам беришти.
Ошондой болсо да жайыт пайдалануучулар жайытка кош көңүлдүк менен мамиле кылуу менен жайыт салыгын өтө начар төлөшүүдө, ал эми кээ бир жайыт пайдалануучулар ушул убакытка чейин жайыт салыгын төлөшө элек. Мисалы: Шеров Дөөлат, Пирматов Үсөн.
Урматтуу Өкмөт жетекчилери жана депутаттар, айыл өкмөт менен жайыт комитетинин келишиминде Ташбулак жана Кара-Таш жайыттарынын чек арасы жана аянты так аныкталып көрсөтүлгөн, бирок салык чогултууда өтө кыйынчылык болууда, себеби кээ бир жайыт пайдалануучулар биз жайыт салыгын айыл башчыга төлөйбүз. Себеби үлүш жерди гана пайдаланып жатабыз деп баш тартууга чейин барууда. Айыл өкмөт Б.Мариповдон сураныч Араван району биздин жайлоону арендага алган жерлери бар экен, эми биз ЖК алардан ошол жерлерди келишимдин негизинде арендага алууга туура келүүдө.
Себеби биздин жайлоолор алардын жайлоолоруна чектеш болгондуктан кээ бир жайыт пайдалануучулар биз Араван менен келишим түзгөнбүз деп бизден баш тартышат. Чындыгына келгенде ал жайыт пайдалануучулардын кээ бирлери эки тарапты тең алдап салыктан кутулуп кетишүүдө. Эгер алар менен жайыт комитети келишим түзсө, биз жооптуу болуп эки тарапка тең салыкты түшүрөт элек. Алар менен келишим түзүүгө жардам берсеңиз.
Эми АРИСтин мал чарбасын рыноктук өндүрүү долбоорунун негизинде Кыргыз-Ата ЖК үч жылдык долбоор менен 5891, 178 сом инвестициялык акча каражаты 2016,2017,2018-жылдарга бөлүнгөн экен, анын 2016-жылы 186 800 сом инвестиция тартып ЖККнын төрагасы Назарбаев К, Караташка жолго жана көчмө кой кыркуучу аппарат алышкан, ал эми 2017-жылга 2475000 инвестиция жумшап (25% салыгын аүө төлөйт) ушул убакытка чейин экскватор ала албай жүрөбүз.
Быйыл 2018-жыл бул долбоордун акыркы жылы болгондуктан, бизге бөлүнгөн дагы 3229,370 сом акча турат, ушул акчаны быйылкы жылы толугу менен пайдаланышыбыз керек. Бул тууралуу айыл өкмөт депутаттар эл менен бирдикте Кыргыз-Ата айылындагы маротория жайыттын Караташ аүө менен чектешкен жагынан 50 га тособуз деп проект түзүүдөбүз. Андан башка ямасын жана койлорго гупка курууга жумшайбыз деп чечтик.
Андан сырткары МЧСтин жардамы менен 4 га жерге проект жазып документтер керектүү тарапка жиберилди.
4 га жер Акбулак айылынын көрүстөндүн үстүндөгү сүрүлгөн тоону тосуу максатында,
Андан сырткары Ак-Булактагы эски чөп жайга эспарсет чөбүнүн уругун АРИС сунуштоодо, ал үчүн ал жайыттын жолун оңдоп, кароолчуну чечиш керек.
Эң негизги максат ЖКтин АРИС менен чогуу иштеп бизге бөлүнгөн 3 229 370 сандуу реализовать этүү, айыл өкмөт сиздер депутаттар менен чогуу чечүү.
Ошону менен бирге жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.
Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга бюджеттин аткарылышы
№ | Киреше бөлүмү | Жылдык бекитилген сумма | Жылдык аткарылган сумма |
1 | Мал жаюудан | 120,0 | 120 |
2 | Мал жаюудан башка багытта пайдалануудан | 50,0 | 50,0 |
3 | Кайрак чөп чабындыдан | 40,0 | 40,1 |
4 | Уюлдук антенналардан | 175,0 | 175,0 |
5 | Жергиликтүү бюджеттен жана инвестицияга элдик салым |
|
|
| Жалпы киреше | 385,0 | 385,1 |
№ | Чыгаша бөлүмү | Суммасы | Суммасы |
1 | Жайыт салыгына | 50,0 | 58,0 |
2 | 3% сатуудан түшкөн салык | 12,3 | 11,5 |
3 | Соц төлөмгө | 21,7 | 21,9 |
4 | Эмгек акыга | 126,0 | 127,0 |
5 | Транспорт чыгымына | 25,0 | 21,0 |
6 | Түрдүү чыгымдарга | 20,0 | 23,1 |
7 | Командировкалык чыгымдарга | 10,0 | 11,0 |
8 | Инфратүзүмдөрдү оңдоо үчүн | 120,0 | 18,0 |
9 | Счетто калган акча |
| 93,6 |
| Жалпы чыгаша: | 385,0 | 385,1 |
«Бекитемин»
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы
Назарбаев К.
«___»________2018-ж.
Кыргыз-Ата Жайыт комитетинин 2018-жылга карата аткарылуучу жылдык иш планы
№ | Аткарылуучу иш планы | Качан аткарылат | Ким аткарат | Көзөмөлдөөчү орган |
1 | Ар бир айылда күзгү отчеттук чогулуштарды өткөрүү | Октябрь | ЖК | Аүө |
2 | ЖПБнын жыл жыйынтыгын чыгарып, жылдык отчеттук чогулушту өткөрүү | Февраль | Төрага | аүө |
3 | Кыргыз-Ата аймагындагы жайыттын чек арасын аныктоо | Март | Жумушчу топ | Аүө |
4 | Араван районун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн ЖК мене келишим түзүү керек | Апрель | Төрага | аүө департ |
5 | Жайыттарды тактап, жайытка чыгуучу малдардын санын да болжолдуу түрдө токтоо керек | Февраль Март | Төрага МДСК | Аүө |
6 | Жайыт пайдалануунун түрүнө карап жайыт акыларын белгилеп аны бекитүү | Март | ЖК мүчөлөрү | аүө |
7 | Демонстрациялык тилке уюштуруу | Апрель Май | ЖК АРИС | аүө |
8 | Жайыт абалдарына мониторинг жүргүзүү | Ай сайын | ЖК мүчөлөрү | Аүө |
9 | Жеке ветеринарлар менен иш алып баруу, ошондой эле малдын ден соолугун коргоо тобу менен (МДСК) түздөн-түз бирге иштөө | Ар дайым | ЖК МДСК Вет инспектор | Аүө |
10 | Кичи долбоорлорду ишке ашыруу, башка донор уюмдар менен иштөө
| Январдан Октябрга чейин | ЖК Депутаты АүӨ Коомчулук | А үө |
11 | Жайыт комитеттери менен биргеликте тажрыйба алмашуу | Ар дайым | ЖК төрага | Аүө |
12 | Райондук казына жана салык менен иш алып баруу | Ай сайын | ЖК Бухгалтер | Аүө |
13 | Жайыт пайдалануучулардын конторолдугун күчөтүү максатында ЖКне 1 штат инспектор жумушка алуу | Март | Төрага | А үө |
14 | Жайыт билеттерин жайыт пайадлануучуларга берүү жана алардан жайыт акысын өз убагында чогултуу | Март Апрель Май Июнь | Төрага Инспектор Бухгалтер | Аүө |
15 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн казынасына өз убагында салыктарды төлөө | Ай сайын | Бухгалтер | аүө Төрага ЖК |
16 | Тиешелүү жерлерге өз убагында отчетторду тапшыруу | Сезон менен | Төрага | А үө |
17 | Жайыт сыйымдуулугун аныктоо | Март Апрель | Төрага Инспектор | аүө |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин катчысы | Ж. Нурматов |