Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-майы № 14
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2018-жылдын
12-майындагы № 10-5 токтомуна тиркеме
“Кыргыз-Ата айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушуна “Эркин экономикалык аймак” курууга жер ажыратуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин 2-пунктунун,,13-беренесинин 6-пункттарынын негизинде Ноокат райондук мамлекеттик санитардык –эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун 2018-жылдын 10-апрелиндеги 05-01-58 сандуу актысынын ,КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 564 сандуу макулдук катынын,КР Өкмөтүнө
караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын Ноокат,Араван райондору боюнча кураторунун 2018-жылдын 10-майындагы № 82 сандуу сунушунун,КР айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик жерге Жайгаштыруу боюнча долборлоо институту “Кыргызмамжердолбоор” Республикалык топурак –агрохимиялык станциясынын 2018-жылдын 3-майындагы № 234 сандуу корутундусунун , Кыргыз мамлекеттик жерге Жайгаштыруу боюнча долборлоо институту“Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2018-жылдын 4-майындагы 01-8-5-05-08-56 сандуу маалыматтык катынын негизинде Таш-Булак бөлүмүндөгү № 46,48,51,52,53,54,55,56,58,63,65,67,68,69,70,71.72,72-а,297,298,299,300,301,302,306,307.309,310,311,312,313,314,315,316,317.318.319,320,321.322.323.327,329,332,333,334.335 контурлардагы 318,2 га жантайыңкы,таштуу жайыт жерине “ЭЭА” (эркин экономикалык аймак) куруу үчүн жердин багытын өзгөртүп, өнөр жай ,транспорт,байланыш жана башка жерлер категориясына которууга сунуштоо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Таш-Булак бөлүмүндөгү № 46,48,51,52,53,54,55,56,58,63,65,67,68,69,70,71.72,72а,297,298,299,300,301,302,306,307.309,310,311,312,313,314,315,316,317.318.319,320,321.322.323.327,329,332,333,334.335 контурлардагы 318,2 га жантайыңкы,таштуу жайыт жерине инвестиция тартуу үчүн “ЭЭА” (эркин экономикалык аймак) куруу максатында жердин багытын өзгөртүп, өнөр жай транспорт,байланыш жана башка жерлер категориясына которуп “ЭЭА” (эркин экономикалык аймак) курууга жер ажыратууга сунушталсын.
2. Инвестиция тартуу үчүн “ЭЭА” (эркин экономикалык аймак) курууга жер ажыратуу үчүн сунушталган токтомду бекитип берүү жагы Кырыз-Ата айылдык Кеңешинен суралсын.
3. “ЭЭА” (эркин экономикалык аймак) курууга АПЗ даярдап берүү Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Суралсын Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М Асановго милдеттендирилсин.
Айыл өкмөт башчысы | Б. Марипов |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | Ж. Нурматов |