Загрузка документа…
С. ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2016-жылдын 26-августу № 2-2
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-жарым жылдыгына иш чараларынын планын бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-жарым жылдыгына түзүлгөн иш аракеттеринин планы менен таанышып, айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-аракеттеринин планы бекитилсин. (тиркелет)
2. Айылдык Кеңешинин планын толук аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасы Б. Маннановго тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин «_26____»___08__________2017-жылдагы №2-2_____– токтому тиркеме
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы боюнча отчет.
2017-жыл
июль айы Файзуллаев.Ш.
туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жаштар саясаты боюнча, спорт жана миграция иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө.
2017-жыл Хакимова М,
июль айы. туруктуу комиссия.
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө отчету.
2017-жыл Милициянын аймактык тескөөчүлөрү
июль айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилердин, элге билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана калкты кышка даярдоонун абалы жөнүндө.
2017-жыл Давидов И
сентябрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө.
2017-жыл Базарбаев Р
сентябрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Бирлик” үрөнчүлүк чарбасы тарабынан дыйкандарыбызга сапаттуу жогору түшүм берүүчү үрөндөр менен камсыз кылууда алып барып жаткан иштери жөнүндө
2017-жыл Тажибаев Х
сентябрь айы туруктуу комиссия.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө болгон (электр энергиясынан, соц.фондко, жергиликтуу салыкка, ичимдик сууга) карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө.
2017-жыл Базарбаев Р
сентябрь айы. туруктуу комиссия.
С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында жана айыл Өкмөтү тараббынан 2017-жылга белгиленген айылдарды стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы боюнча отчет.
2017-жыл Файзуллаев.Ш.
декабрь айы. туруктуу комиссия.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынын арыздарын аткарылышы жөнүндө маалымат.
2017-жыл Ташполотов И
декабрь айы. туруктуу комиссия.
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы аксакалдар сотунун жана аялдар Кенеши тарабынан аткарылган иштерди, маала комитеттери жана маала активдери менен карап чыгуу жөнүндө.
2017-жыл Давидов И, З. Гуломидинов, Эргашова М
декабрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда “Зилол суу”, “Бирлик” жана “Торт Таш” ИСКАКБ леры тарабынан аткарылган иштер жөнүндө отчет.
2017-жыл ИСКАКБлеринин башчылары
июль айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан алынуучу жергиликтүү салыктардын, төлөмдөрдүн тарифтик стафкасын жана аларга коэффициент белгилөө жөнүндө.
2017-жыл Базарбаев Р
декабрь айы туркутуу комиссия
Жооптуу катчысы | И. Ташполотов |