Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын ХIV-сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ПРЖР-2 долбоору тарабынан алынып келинген погрузчик тракторуна механизаторду тандап алуу максатында конкурсту өткөрүү боюнча жобону бекиттирүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын ХIV-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине ПРЖР-2 долбоору тарабынан алынып келинген погрузчик тракторуна механизаторду тандап алуу максатында конкурсту өткөрүү боюнча жобо алымча кошумчасы менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Механизаторду тандап алуудагы конкурстук комиссиянын курамы мыйзамга ылайык түзүү Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
2. Комиссиянын курамына жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбай, айылдык кеңештин депутаттарынан жана айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлеринен сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маматназаров |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын
7-майындагы № 4 токтому менен бекитилди
Ушул жобо, механизаторду туура тандап алуу боюнча өткөрүлүүчү конкурстун жобосу болуп эсептелет (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
Жалпы жоболор
Комиссия курамын түзүү:комиссиянын курамы 5-7 сандагы кишилердин курамынан турат, комиссия курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана жайыт комитетинин төрагасы милдеттүү киргизилиши керек.Комиссиянын курамы айыл өкмөттүн буйругунун негизинде түзүлөт.
Конкурс иштелип чыгылган критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек:
-Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу;
-Атайын техника (трактор,погрузчик) менен иштегендиги боюнча тажрыйбасынын болуусу;
-Кеминде 3 адамдын сунуш каты;
-Атайын техниканы ремонтоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу;
-Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф86у справкасынын болуусу;
-Жол жана техниканы иштетүү боюнча тест тапшыруу
Критерийлер | Баллдары | Пайыздык көрсөткүчү |
Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу;
| 20 | 20 % |
Атайын техника (трактор,погрузчик) менен иштегендиги боюнча тажрыйбасынын болуусу;
| 20 | 20 % |
Кеминде 3 адамдын сунуш каты;
| 20 | 20 % |
Атайын техниканы ремонтоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу;
| 20 | 20 % |
Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф86у справкасынын болуусу;
| 20 | 20 % |
Жол жана техниканы иштетүү боюнча тест тапшыруу
| Тесттин жыйынтыгына ылайык балл коюлат |
|